22:36 17 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8300
  • EUR77.7592
  • RUB1.1348
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (336)
609 0 0

Узакбай Абдукаимов XX кылымдын 30-жылдарынан тартып эле өмүрүн кыргыз адабиятын өнүктүрүүгө, агартуу, котормо жана басма тармагына жумшап келсе да, анын эң көрүнүктүү классикалык чыгармасы бар. Ал — "Майдан" романы.

Чыгарма кыргыз совет адабиятынын мактанычы гана эмес, ошол кездеги жалпы союздук адабияттын да көрүнүктүү эмгеги болгон.

Биз бүгүн Узакбай Абдукаимовдун ошол "Майдан" романы тууралуу 11 факт сунуштайбыз.

Чыгарманын жазылыш тарыхы. Узакбай Абдукаимов көбүнчө окуу китептерин жазуу, котормочулук, басма иштери менен алектенип жүрүп, көркөм чыгармачылыкта өзүн толук көрсөтө албай келген. Акыры орто жашка барганда оригиналдуу, көлөмдүү чыгарма жазып, аны "Майдан" деп атады. Романдын айрым үзүндүлөрү алгач "Ала-Тоо" журналына басылып, биринчи китеби 1961-жылы жарыкка чыкты. Жазуучу 1963-жылы каза болуп, экинчи китеби биринчисинен беш жылдан кийин, 1966-жылы араң жарыяланды.

Адабий калыпты талкалап чыккан. Жазуучу согуш жана оорук темасына жаңы аспектиден караган, ал каармандарын бир жактуу, сырттан сүрөттөбөй, ички дүйнөсүн ачып берген. Автор жеңүүчү советтик аскердин көнүмүш болуп калган, схемага түшкөн образынан оолактап, ошол образдын татаалдыгын, ошол жеңиштин түз жол менен келбегенин көркөм бейнелердин диалектикалык өсүүсүндө чагылдырат. Анын бул чыгармасы дүйнөлүк жана орус классикалык адабиятынын салттарын терең өздөштүрүү менен жазылган жаңылык чыгарма болгон.

Катуу сынга кабылган. Бул чыгарма тууралуу Аалы Токомбаевдин "Майдан" романы жөнүндө учкай сөз" деген макаласы Кыргызстан КП БКнын органы болгон "Советтик Кыргызстан" гезитинин 1962-жылдын 11-мартындагы санына басылып чыккан. Анда бул чыгармага "социалисттик методду четке каккан", "чындыкты тескери бурмалап көрсөткөн", "автордун саясий, адабий позициясы жок", "партиянын жетекчи жана уюштуруучу ролдору таптакыр эске алынбаган", "согуш күндөрүндөгү эбегейсиз эмгек, патриотизм, элдердин бирдиги менен достугу, аракеттери көмүскөдө калган" деген сыяктуу ал кез үчүн өтө коркунучтуу айыптар тагылган.

Токомбаевдин макаласынан кийин роман Жазуучулар союзунда талкууланган. Ал кезде төрага Токтоболот Абдумомунов, секретарлары Шүкүрбек Бейшеналиев жана Сүйүнбай Эралиев эле. Үчөөнүн кабинеттеринде кимдин кандай сүйлөрү белгиленип, 22 киши сөз алган. Сооронбай Жусуев, Темиркул Үмөталиев, Молдогазы Токобаев, Чыңгыз Айтматов сүйлөгөндөн кийин ошол кездеги мыкты сынчы аталып жүргөн Шаршенбек Үмөталиев чыгарманы аябай сындап таштаган, адабиятчы Өмүркул Жакишов менен акын Кубанычбек Маликов, жазуучу Насирдин Байтемиров да жакшы пикир айткан эмес. Романды көкөлөтө мактагандар жаш жазуучу Чыңгыз Айтматов жана жаш сынчы Камбаралы Бобулов болгон. Алар жана алардын талапташтары чыгарманы жана анын авторун колдоп, кубаттап, роман улуттук адабияттагы жаңы көрүнүш, жаңы бийиктик, новаторлук экендигин айтып чыккан.

Талкуунун материалдары өзүнчө китеп болуп чыккан. Кыргызстан Жазуучулар союзундагы, деги эле кыргыз адабиятындагы эң эле узакка созулган жана кызуу жүргөн бул талкуунун стенограммасы жана айрым комментарийлери, талдоолору менен Садык Алахан тарабынан "Узакбай Абдукаимов жана "Майдан" талкуусу" деген ат менен 2000-жылы өзүнчө китеп болуп чыгат.

Абдукаимов "Майдан" талкуусунун материалдарын өзү орус тилине которуп, Москвага жиберет.

Ала-Тоо аймагынан азап менен аттанып чыккан. Роман 1972-жылы орус тилинде В.Рослякованын котормосунда Москвадан "Фронт" деген ат менен чыгып, баш сөзүн Чыңгыз Айтматов жазган. 1984-жылы украин тилине которулуп, китеп болуп чыккан да, жалпы союздук адабият таануу тармагында кыргыз адабиятынын ийгилиги катары бааланган.

Романдын автору советтик аскер кызматкери болгон. Автор өзү согушка катышкан, болгондо да офицер, б.а, кенже лейтенант катары кызмат өтөгөн, уруш арасында бошой калганда күндөлүк жазып, катаал күндөрдүн хроникасын "ысыгында", кагазга түшүрүп келген, ошон үчүн да бул романда ок менен от учкан Москванын жана Сталинграддын алдындагы согуш окуялары, "окоптук чындыктын" реалдуу көрүнүштөрү турмуштагыдай ишенимдүү чагылдырган. А түгүл советтик аскер башчыларынын согуштун стратегиялык-тактикалык жүрүшүн алып баруудагы оң жактары жана кемчилдиктери анализденген учурлары да кездешет. Мында автордун ой жүгүртүүсү омоктуу жана ишенимдүү.

Улуттук адабиятка жаңылык алып келген. "Майдан" романы жарыкка чыккан XX кылымдын 60-жылдарына чейинки кыргыз прозасындагы Улуу Ата мекендик согуш темасындагы чыгармалар негизинен тылдагы уруш апаатын көрсөтүүгө арналып келсе, аталган романда согуш майданы панорамалуу чагылдырылат. Роман көп тармактуу, көп багыттуу, анда катышуучу каармандардын кесиби да, жаш курагы да, улуту да, социалдык чөйрөсү да ар кыл. Чыгармадан кыргыздын борбордо жашап, иштеген интеллигенттеринин, айылдагы колхозчулардын, аскер кызматкерлеринен катардагы жоокерден генералга чейинкилеринин, студенттер менен мугалимдердин көркөм бейнесин көрөбүз. Романда тарыхта жашап өткөн белгилүү инсандар да кезигет. Ошолордун баарын автор бир нукка тизип, бир сюжеттик сызыкка алып келип, ар биринин жекече мүнөзүн, өз-өзүнчө сапаттарын ачып берет. Чыгарманын окуялары да бирде майданда, бирде тылда өтүп, улам каршы-терши алмашып отурат.

Психологиялык романдын мыкты үлгүсү. "Майдан" романы кыргыз прозасындагы психологиялык роман деп айтабыз, бул жагынан анын адабияттагы орду өзгөчө белгиленет. Буга каармандын ички психологиялык толгонуулары, ой жүгүртүүлөрү, кыялдануусу, кайгы-капалары терең ачып көрсөтүлөт. "Абдукаимовдун романы, мейли майдан, мейли оорукта, мейли бейпил турмуштабы, айтор, адамдын жан дүйнөсүн, инсан катары сырткы чөйрөгө болгон мамилесин психологиялык жактан терең изилдегендиги менен кыргыз адабиятынын жаңы башатынан кабар берет", — деп жазат Айтматов. Согушту баштаган да, бири менен бири согушкан да адам, ошол согуш ошол адамдын өмүрүн драмалаштырып, трагедияга алып келет, адамды бүлөп курчутат да, жок кылып мокотот. Ушундай философиялык ойлор чыгармадагы каармандардын жашоосу менен бекем чырмалышат. Автор жеңүүчү советтик аскердин көнүмүш болуп калган, схемага түшкөн образынан оолактап, ошол образдын татаалдыгын, ошол жеңиштин түз жол менен келбегенин көркөм бейнелердин диалектикалык өсүүсүндө чагылдырат.

Чыгармадагы каармандар. Башкы каармандын бири — Кыдырбек. Ал Абдукаимов сыяктуу эле советтик армиянын офицери. Анын сүйгөн кызы Бермет. Жигит кызды жакшы көргөнү менен, эчен-эчен каттарды жазган менен кыз ага көңүл бурбайт. Ошондой учурлардын биринде Кыдырбек отпуск сурап, айлына келет да, ал жерден жайлоого — Берметтин атасынын конушуна барат. Студент кыз да ошол кезде жайкы каникулга чыгып, атасынын конушунда эле. Кыз дале жигитти жакындата койбойт. Ушул жерден немецтик аскерлер согуш башташканын угат, тартип боюнча согуштук абал киргизилгенде отпуск токтотулуп, ар бир кызматкер өзү иштеген бөлүккө келишке милдеттүү. Ошентип романдын каармандарынын бир тобу майданга аттанат. Алардын бири Кыдырбек Москва алдында фашисттер биздин жердин таш-талканын чыгарып келе жаткан кезде өзүнүн адамдык парасатын көрсөтөт. Ал айрым чыгармалардагыдай окоптон "ураалап" чыга калып, душмандын "тилин" кармап келген баатыр эмес, согуштун азабын тартып, өксүгүн көргөн каарман.

Ушул эле жерден башка бир каарман Качыке алдыңкы планга чыгат. Жашоодо иши жүрүшпөй, жоош, эрксиз жүргөн бул каарман согуш майданында башкача кырынан, башкача аспектисинин чыга келет. Ал өтө мекенчил, гуманист, адамдык сапаттары жогору, терең жана татаал каарман катары романдын салмагын көтөрөт. Ага себеп: Кыргызстандан ал жактагы адамдардан миңдеген чакырым алыста калышы; уруш учурундагы адамдар, Козлов, Сидельников сыяктуу каармандар менен мамилеси; өлүм менен күн сайын эмес, саат, мүнөт сайын бетме-бет турушу ж.б. Автор эки Качыкени катар коюп карайт: биринчиси — мылтык атууну да, өзүн эптеп алып жүрүүнү да билбеген, бир кездеги илимий кызматкер, жубайы Чынарканга жеңилип берген, аялы менен ажырашканы үчүн коомдук уюмдардын кароосунан коркуп мажирөө болуп калган Качыке; экинчиси — согуштан курчуп, бышып, жетилген, жашоонун маңызы, өмүр жана өлүм жөнүндө ой жүгүрткөн даанышман, интеллигент Качыке. Бул образ — кыргыз адабиятындагы ар тараптуу, терең жана психологиялык жактан ишенимдүү ачылган образдардын алдыңкы сабында турууга татыктуу образдардын бири.

Бермет, Апсамат, Мырзабек, Чынаркан, Саадат, Шарапат сыяктуу каармандар ар кимиси өз-өз жүзү, адам катары артыкчылыктары жана өзүнчөлүктөрү менен көрүнөт. Булардын образын автор ар түрдүү кырдаалдарда ар кыл деталдар, штрихтер менен ачып берет.

Согуш жана махабат. Бир жагынан бар же жок, жеңиш же жеңилиш, өлүм же өмүр болуп, окоп үстүнөн октор зуулдап өтүп жатса, экинчи жагынан ушундай кыйын күндөрдүн кубанычы менен ырахаты — махабат экендигин жазуучу мыкты чагылдырат. Кыдырбек менен Берметтин бири-бирин түшүнүшкөн сүйүүсү, акын Искендер менен Аруукенин ыйык сезимдери романда романтикалык боёктор менен тартылат.

Татаал сюжеттик-композициялык түзүм. Чыгарманын композициялык түзүлүшүндө да каармандардын каттары, кыялдануулары, өткөн күндөргө кайрып барган ретроспекция, автордук баяндоо, каармандарга мүнөздөмө, диалогдор, ички монологдор улам бири менен бири алмашып келип романдын бир өзөгүнө биригет. Бул татаалдыгы жагынан да "Майдан" кыргыз романистикасында өзгөчө бөлүнүп турат.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (336)

Тема боюнча

"Силерге эмес, өзүбүзгө жетпейт". Шаханов талашкан Жунай Мавлянов тууралуу 11 факты
Өкүл атасы Мидинге кат жазып... Байдылда Сарногоев тууралуу 9 факты
Белгилер:
каармандык, согуш, майдан

ЭҢ МААНИЛҮҮ