Жээкте "сүйүктүүсүн" кучактаган Чокморов. "Жалаң эркектердеги" таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.

Кыргыз элинин атактуу актеру Сүймөнкул Чокморов менен өзбек актрисасы Дилором Камбарованын сүрөтү 1981-жылы Жалал-Абад облусунда тартылган.

Ал жылы режиссер Альгимантас Видугирис энергетиктер жөнүндө "Жалаң эркектер" тасмасын тарткан.

Ошол кезеңди фотограф Александр Федоров мындайча эскерет:

"Чокморов менен көптөгөн кинотасмаларда иштешип калдым, алардын бири — "Жалаң эркектер". Анда мыкты актер эр жүрөк энергетик Касымдын ролун жараткан. Сүрөттө башкы каарман өзүнүн сүйгөнүн сагынып эстеп жатканы чагылдырылган. Бул эпизод Сары-Челек көлүндө тартылган. Ал жакка биз тик учак менен жетип, чакан үйлөрдө жашап, көлдөн балык кармап тамагыбызды ар түрдүү кылууга аракет кылган элек. Сүймөнкулдун сүйүктүүсүн өзбекстандык өзгөчө чырайлуу актриса Дилором  Камбарова ойноп, алар бир топ лирикалык эпизоддорду жаратып Видугиристин эмгеги шөкөттөлгөн. Мындан сырткары, калк жашаган аймакта, кокту-колот арасында, дарыя боюнда да тасма тартуу иштери жүргөн", — деди Федоров.

Анда Сүймөнкул Чокморов 42, Камбарова 24 жашта болгон.

Эмгекчилдик, сүйүү, достукту баяндаган тасмада Советбек Жумадылов, Владимир Скоропись, Вячеслав Жолобов, Болот Макеев, Муса Дудаев, Елена Мельникова да роль жараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0