04:00 03 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8988
  • EUR92.7010
  • RUB1.0895
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
921820

Салтка айланып калгандай, шаардыктар менен калаа меймандарын эстрада жылдыздары куттуктады.

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Шаар тургундары менен бирге мэр Азиз Суракматов борбордук "Ала-Тоо" аянтында жаңы жыл тосуп, майрамдык шоу-программага күбө болду. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.

Салтка айланып калгандай, шаардыктар менен калаа меймандарын эстрада жылдыздары куттуктады. Жыл жаңырар түнү элдин маанайын ырчылар Аяна Касымова, Иса Өмүркулов, Султан Каримов, Динара Акулова, Кайрат Примбердиев, Гүлжигит Калыков жана бир топ артисттер көтөрдү.

  • Выступление певца Съездбека Искеналиева на праздничном концерте 31 декабря на площади Ала-Тоо в Бишкеке
    Шаар тургундары менен бирге мэр Азиз Суракматов борбордук "Ала-Тоо" аянтында жаңы жыл тосуп, майрамдык шоу-программага күбө болду.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Выступление певицы Айчурок Иманалиевой на праздничном концерте 31 декабря на площади Ала-Тоо в Бишкеке
    Салтка айланып калгандай, шаардыктар менен калаа меймандарын эстрада жылдыздары куттуктады.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Выступление певицы Динары Акуловой на праздничном концерте 31 декабря на площади Ала-Тоо в Бишкеке
    Жыл жаңырар түнү элдин маанайын ырчылар Аяна Касымова, Иса Өмүркулов, Султан Каримов, Динара Акулова, Кайрат Примбердиев, Гүлжигит Калыков жана бир топ артисттер көтөрдү.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Зрители на праздничном концерте 31 декабря на площади Ала-Тоо в Бишкеке
    Күн суук болгондуктан аянттагы сахнага артисттер сырт кийимчен чыгышты. Артисттерди мындай учурда аз көргөн элге сценада жылуу кийимчен ырчылардын жүрүшү кызык болду. Көптөр телефондоруна тартып алып жатышты.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Новогоднее обращение президента КР Сооронбая Жээнбекова на 31 декабря на площади Ала-Тоо в Бишкеке
    Саат 23.50дөн тарта президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоо сөзү айтылып, 00.00дө майрамдык фейерверк атылды.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  •  Новогодний салют на центральной площади Ала-Тоо Бишкека 31 декабря 2019 года
    Баса, мэриянын билдиргенине караганда, салют 30дан 130 метрге чейинки бийиктикте атылды.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Новогодний салют на центральной площади Ала-Тоо 31 декабря 2019 года
    Ал эми адистер сертифицияланган фейерверк абага анчалык зыян келтирбесин айтышкан.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 7
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Шаар тургундары менен бирге мэр Азиз Суракматов борбордук "Ала-Тоо" аянтында жаңы жыл тосуп, майрамдык шоу-программага күбө болду.

Күн суук болгондуктан аянттагы сахнага артисттер сырт кийимчен чыгышты. Артисттерди мындай учурда аз көргөн элге сценада жылуу кийимчен ырчылардын жүрүшү кызык болду. Көптөр телефондоруна тартып алып жатышты.

Саат 23.50дөн тарта президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоо сөзү айтылып, 00.00дө майрамдык фейерверк атылды. Баса, мэриянын билдиргенине караганда, салют 30дан 130 метрге чейинки бийиктикте атылды. Ал эми адистер сертифицияланган фейерверк абага анчалык зыян келтирбесин айтышкан.

Белгилей кетсек, жаңы жылдын түнүндө "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери Бишкектин борбордук "Ала-Тоо" аянтынан үч тонна таштанды чыгарышты.

Тема боюнча

Түнкү үчкө чейин иштешти. "Ала-Тоодон" 3 тонна таштанды чыкты. Сүрөт
Түндө жоголгон 12 бала табылды. Милициянын билдирүүсү
Белгилер:
майрам, концерт, Азиз Суракматов, "Ала-Тоо" аянты, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ