Жаңы жылдык эс алуу күндөрү көрүүгө сунушталган тасмалар. Тизме

© Фото / © 20th Century Fox Film Corporation (1990)"Один дома" тасмасынан кадр
Один дома тасмасынан кадр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы жылды тосуп алгандан кийин айрымдары тоого чыгып муз тепсе, кээ бири жөн гана кино көрүүнү жактырат. Майрамдан кийин эс алып көрө турган тасмалардын тизмесин сунуштайбыз.

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Independent басылмасынын серепчиси Александра Поллард майрам, эс алуу күндөрү ар бир адам көрө турчу 20 тасманын тизмесин түздү.

Тизменин биринчи сабында — Франк Капрдын 1946-жылы чыккан "Эта прекрасная жизнь" аттуу мелодрамасы. Тасмада чакан насыя берүүчү фирманын ээси Жорж Бейли тууралуу баяндалат. Ал өз өмүрүнө кол салганы жатканда жардамга периште келет.

Рабочий визит президента РФ В. Путина в Японию для участия в саммите Группы двадцати - Sputnik Кыргызстан
Трамп "Один дома — 2" тасмасына тартылган учуру тууралуу айтып берди
Тизменин экинчи сабында Жаңы жылдын эң мыкты кинотасмасы аталган "Один дома" кинокартинасы турат. Бул кино 1990-жылы тартылып, бүгүнкү күнгө чейин көпчүлүктүн сүйүп, тажабай көргөн тасмасына айланды.

Үчүнчү орунду 2003-жылы жарыкка чыккан "Эльф" романтикалык комедиясы ээледи.

Жаңы жылдык эс алууда көрө турчу тасмалардын катарында "Реальная любовь" (2003-жыл), "Кэрол" (2015-жыл), "Снеговик" анимациялык тасмалары (1982-жыл), "Счастливого Рождества" (2014-жыл), "Отпуск по обмену" (2006-жыл), "Санта-Клаус" (1994-жыл) жана башка тасмалары бар.

Мындан сырткары, Брюс Уиллис ойногон "Крепкий орешек" кинокартинасы менен "Гремлины" тасмасы да тизмеден орун алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0