Караколдо биринчи ирет "Оймо — кыш 2020" фестивалы өтөт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүМеждународный фестиваль ремесел "Оймо" в Киргизии
Международный фестиваль ремесел Оймо в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Оймо" эл аралык фестивалы Кыргызстанда 2006-жылдан бери өткөрүлүп келет. Жарманке адатта жай айларында Бишкек шаарында башталып, Ысык-Көлдүн жээгинде уланып келген.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. 8-12-январь аралыгында Караколдо биринчи ирет "Оймо — кыш 2020" фестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Иш-чарага усталар, кол өнөрчүлөр, борборазиялык дизайнерлер, туристтер, Караколдун жашоочулары жана башкалар катышат.

Сахнадагы артист. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаңы ысымдар! Студенттик театр фестивалы өтөт
Фестивалдын максаты — Кыргызстандагы кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, каада-салттын муундан-муунга өтүүсүн жандандыруу, маданий мурастарды сактап калуу. Андан сырткары, Ысык-Көлдү маданий туризмдин эл аралык аймагына айландыруу да пландалган.

Программага ылайык, мастер-класстар, Кыргызстан менен Борбор Азиянын кол өнөрчүлөрүнүн жарманкеси уюштурулат. Ошондой эле кыргыздардын, дунгандардын жана орустардын "элдик тез татымдары" коюлат.

Иш-чаралардын көпчүлүк бөлүгү Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыка-драмалык театрында өтөт.

"Оймо" эл аралык фестивалы Кыргызстанда 2006-жылдан бери өткөрүлүп келет. Жарманке адатта жай айларында Бишкек шаарында башталып, Ысык-Көлдүн жээгинде уланып келген.

Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу фестивалдын медиа өнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0