"Ала-Тоо" аянтындагы жаңы жылдык концертте кайсы артисттер ырдайт

© Sputnik / Табылды КадырбековПевец Омурбек Жанышев. Архивное фото
Певец Омурбек Жанышев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ала-Тоо" аянтында Тез жардам жана өрт өчүрүү кызматтары нөөмөттө турат. Мындан тышкары, "Тазалык", "Бишкек жарык" ишканаларынын миңден ашуун кызматкери иштейт.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. 31-декабрь күнү саат 20:00дө "Ала-Тоо" аянтында майрамдык концерт башталат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Майрамдык иш-чара түн ортосуна жакын бүтөрү айтылды.

"Анда шаардыктар жана шаар меймандары үчүн сахнага Аяна Касымова, Иса Өмүркулов, Султан Каримов, Динара Акулова, Кайрат Примбердиев, Гүлжигит Калыков, Расул Маматкулов, Бактияр Токторов, Салтанат Аширова, Съездбек Искеналиев, Замир Арыкбаев, Омар, Арсен жана Марс Мамаев чыгат", — деп айтылат билдирүүдө.

Жаңы жыл түнү "Ала-Тоо" аянтында Тез жардам жана өрт өчүрүү кызматтары нөөмөттө турат. Мындан тышкары, "Тазалык", "Бишкек жарык" ишканаларынын миңден ашуун кызматкери иштешет, 20 даараткана коюлат.

Жаңылыктар түрмөгү
0