Москвада пол жууп жүрүп окуусун бүткөн. Актриса Жамиля Сыдыкбаева жөнүндө 6 факты

© Фото / Кыргызский Национальный драмтеатр им. АбдымомуноваАктриса Жамиля Сыдыкбаева
Актриса Жамиля Сыдыкбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн КРдин эмгек сиңирген артисти, белгилүү театр жана кино актрисасы Жамиля Сыдыкбаева 71 жашка толду.

Өмүрүн сахнага арнаган инсанды Sputnik Кыргызстан агенттиги куттуктап, кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Народный артист, актер и режиссер Искендер Рыскулов - Sputnik Кыргызстан
Ошту "театр Меккесине" айланткан. Режиссёр Искендер Рыскулов жөнүндө 6 факты
Согуштан кийинки балалык. Белгилүү актриса Жамиля Сыдыкбаева 1948-жылы 27-декабрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кытай айылында жарык дүйнөгө келген. Үйдүн улуусу. Балалыгы согуш жылдарынан кийинки кыйың кезге туш келип, алгач элет жеринде, андан соң борбор калаада өткөн. Атасы мамлекеттик кызматкер болсо, апасы балдардын тарбиясы менен алектенген. Алар уул-кыздарынан жакшы окушун талап коюп өстүргөн.

Күчтүү тилчи болмок. Мектепти ийгиликтүү аяктагандан кийин жакындарынын кеп-кеңешин угуп, азыркы Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетине тапшырган. Окуусунун майын чыгарып, тажрыйба алуу үчүн Лондонго чейин да кетмек. Бирок көөдөнү чыгармачылыкты эңсеген жаш талант Фрунзеде окуп жүрүп, Москвадагы Театралдык искусство мамлекеттик институтунан келген мугалимдердин сынагынан өтүп кеткен. Окуянын мындай өнүгүшүнө Жамиля Сыдыкбаеванын атасы караманча каршы чыгып, кызынын тилчи болуусун көксөгөн. Студент кыз ортого апасын, чоң энесин салып жатып, эптеп атасын көндүрүп, СССРдин борборуна жол тарткан. 

© Фото / Кыргызский Национальный драмтеатра им. АбдымомуноваБелгилүү актриса Жамиля Сыдыкбаева 1948-жылы 27-декабрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кытай айылында жарык дүйнөгө келген
Москвада пол жууп жүрүп окуусун бүткөн. Актриса Жамиля Сыдыкбаева жөнүндө 6 факты - Sputnik Кыргызстан
Белгилүү актриса Жамиля Сыдыкбаева 1948-жылы 27-декабрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кытай айылында жарык дүйнөгө келген

Пол жууган студент. Бөтөн жерде жакындарын уят кылбай стипендия алып окуп, ата-энесинен бир да тыйын сурабай институтту аяктаган. Ошол маалда кичи мекенине каникулга кур кол баргысы келбей, жатакананын жанындагы почтада пол жууп, тыйын-тыпыр тапкан жайы бар.

Театрдагы 47 жыл. 1972-жылы окуусун аяктап келип эле жаңы ачылган Ош шаарындагы кыргыз драма театрында эмгек жолун баштаган. Ал жакта жети жыл эмгектенген. 1979-жылы болсо Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук акедемиялык драма театрында кесибин улантып, азыркыга чейин иштеп келет. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти бул мезгил аралыгында 60тан ашык дүйнөлүк классика, кыргыз жана орус спектаклдеринде ойногон. 

© Фото / Кыргызский Национальный драмтеатр им. АбдымомуноваСыдыкбаева 60тан ашык дүйнөлүк классика, кыргыз жана орус спектаклдеринде ойногон
Москвада пол жууп жүрүп окуусун бүткөн. Актриса Жамиля Сыдыкбаева жөнүндө 6 факты - Sputnik Кыргызстан
Сыдыкбаева 60тан ашык дүйнөлүк классика, кыргыз жана орус спектаклдеринде ойногон

Актриса жана кино. Ошондой эле ал бир катар тасмаларда да роль жараткан. Алсак, режиссёр Руслан Машраповдун "Арзы" (Дудук), Мирлан Абдыкалыков, Эркин Рыспаевдин "Сүйүү сыноо сыяктуу", Геннадий Базаровдун "Туздуу талаа", түркмөн режиссёру Овлякули Ходжакулиевдин "Эдип", Үсөнжан Ибрагимовдун "Таштагы жылмаюу", "Таш туткун", Садык Шер-Нияздын "Курманжан Датка" тасмаларында жана Мурат Мамбетов менен Замира Жакыпованын "Апамдын махабаты" тасмасында да роль жараткан.

Народному артисту КР, режиссеру Болоту Шамшиеву — 75.  Неизвестные фото за кадром - Sputnik Кыргызстан
Үйү, автоунаасы өрттөнүп кеткен. Болот Шамшиев тууралуу 7 факты
Жашоодогу сыноолор. Жамиля Сыдыкбаева жеке жашоосунда актёр Имаш Эшимбеков менен баш кошуп бир кыздуу болгон. Кийин 1992-жылы жолдошу оорудан улам кайтыш болуп калып оор жоготууга учураган. Актриса жашоосунда, чыгармачылыгында бир топ сыноо, бут тосууларга туш болгонун айтат. Азыр ал бош учурунда балалык кезиндеги хоббиси менен алектенип, кичинекейлерге көйнөк тигип берип турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0