Кыргызстанда алгачкы жолу тенор ырчыларынын эл аралык сынагы өтөт

Жазылуу
Сынакты Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Токтоналы Сейталиев атындагы коомдук фонд уюштурмакчы. Учурда анын жобосу иштелип жатат. Сынак 2020-жылы күз айларында өтөт деп болжолдонууда.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Кыргызстанда алгачкы жолу тенор ырчыларынын СССРдин эл артисти Токтоналы Сейталиев атындагы сынагы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Билдирмеге ылайык, сынакты министрлик менен Токтоналы Сейталиев атындагы коомдук фонд уюштурмакчы. Учурда анын жобосу иштелип жатат. Сынак 2020-жылы күз айларында өтөт деп болжолдонууда.

"Негизги максаты - жаш жана таланттуу опера ырчыларын колдоо, аларды алдыга жылдырууга көмөк көрсөтүү болмокчу. Кыргызстанда классикалык опера аткаруучулардын деңгээлин көтөрүү жана коомчулуктун көңүлүн театралдык-музыка искусствосуна буруу болуп эсептелет", — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Токтоналы Сейталиев кыргыз элинин опера ырчысы (лирикалык тенор). СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл артисти, Казак мамлекеттик консерваториясынын ардактуу профессору жана Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.

Жаңылыктар түрмөгү
0