15:23 28 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.4683
  • RUB1.0646
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
149 0 0

Мындан 17 жыл мурун КРдин эл артисти, актёр, режиссёр Искендер Рыскулов көз жумган. Эгер анын көзү тирүү болгондо 78 жашка толмок. Өмүрүн ата мекендик театрга арнаган инсанды Sputnik Кыргызстан агенттиги эскерип, кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Залкарлардын уулу. Белгилүү театр режиссеру Искендер Рыскулов 1941-жылы 30-июнда Фрунзе шаарында (азыркы Бишкекте) жарык дүйнөгө келген. Атасы атактуу актер Муратбек Рыскулов болсо, апасы СССРдин эл артисти Сабира Күмүшалиева. Жаш талант борбор калаадагы мектепти аяктагандан кийин аскерде кызмат өтөп, 1961-жылы Ташкенттеги театралдык көркөм институтка тапшырган. Чыгармачылыкка бел байлаган Искендердин мындай чечимин ата-энеси анча колдогон эмес. 

Муратбек Рыскулов с семьей
© Фото / Александр Федоров
СССРдин эл артисти, театр жана кино жылдызы Муратбек Рыскулов менен Кыргыз Республикасынын Эл баатыры Сабира Күмүшалиеванын уулу Искендер, Бактыбек жана кызы Нуржамалдын сүрөтү 1950-жылдардын соңунда тартылган.

"Театрдын Меккесин" жараткан. Өзбек ССРиндеги окуусун аяктаган соң Кыргыз мамлекеттик драма театрына артист болуп жумушка алынган. Көп өтпөй 1967-жылы Москвадагы Театралдык искусство мамлекеттик институтуна тапшырып, аны аяктап келип эле жаңы ачылган Ош шаарындагы жаштар драма театрына режиссер-коюучу болуп иштей баштайт. Ал жерде Рыскулов 12 жылдай эмгектенип, чыгармачылыгы оргуштап турган маалда аталган театрды болуп көрбөгөндөй деңгээлге көтөргөн. Башкы режиссер актерлор менен Москва, Тбилисиге чейин гастролдоп барган. Замандаштары ал кезде союздук мыкты сахна сынчылары Фрунзе шаарына токтобой эле, шак эле Ошко жетип, Рыскуловдун кезектеги эмгегин көрүүгө ашыккандыгын эскерип, ал учурда Ош шаары "театрдын Меккесине" айлангандыгын айтып келет.

Актер, режиссер. Кыргыз ССРинин эл артисти 43 жашында азыркы Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына башкы режиссер болуп дайындалат. Өзүнүн эмгек жолунда режиссер Токтоболот Абдумомуновдун "Эч кимге айтпа", Бексултан Жакиевдин "Күттүргөн жаз да келер", "Саадак какты", "Атанын тагдыры", Бакы Өмүралиевдин "Жаңырык", Александр Грибоедовдун "Акылдан азап", Уильям Шекспирдин "Гамлет", "Он экинчи түн", "Ричард III", "Король Лир", "Ромео жана Джульетта", Максим Горькийдин "Түпкүрдө", Мырза Гапаровдун "Күнөстүү арал", Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме", "Жамила", "Гүлсарат", "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" өңдүү чыгармалардын негизинде даярдалган 60тан ашык спектаклди өтөсүнө чыгара коюп, кыргыз театрынын кадыр-баркын жогорулаткан. Эмгекчил, талапты катуу койгон өжөрлүгүнүн аркасында бир топ театр ишмерлери, жазуучу, драматургдар жогорку даражадагы мамлекеттик сыйлыктарга татыган. Мындан сырткары, көптөгөн сахналаштырылган чыгармаларды Болгария, Венгрия, Чехия, Латвия, Литва, Эстония өлкөлөрүнө чейин койгон. Ошол эле маалда биринчи кесиби актёр болгондуктан бир нече тасмада роль жараткан. Алсак, "Биринчи мугалим", "Бөрү зындан", "Жоро", "Жамилага" тартылган. 

Народный артист, актер и режиссер Искендер Рыскулов
© Фото / Кыргызский Национальный драмтеатра им. Абдымомунова
Белгилүү театр режиссеру Искендер Рыскулов 1941-жылы 30-июнда Фрунзе шаарында жарык дүйнөгө келген.

Айтматов жана Рыскулов. Ар бир чыгармага өзгөчө мамиле жасап, койгон бир спектакли экинчисине окшошпогон инсанды жөнөкөй көрүүчүлөрдөн тарта кыргыз интеллигенция өкүлдөрү, чет элдик кесиптештери да баалаган. Ал чыгармачылык чөйрөдө чоң кадыр-баркка ээ болгон. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов да сыйлап, Рыскуловдун спектаклдерине байма-бай келип турган.

Душмандары арбын болгон. Союз тарагандан кийин 90-жылдары анын чыгармачылыгына бут тосуулар көп болуп, анын даярдаган спектаклдери аймактык, эл аралык фестивалдарга коюлбай калган. Кийин аны кызматтан да алып коюшкан. Эгемендүүлүк жылдарында драматург Жаныш Кулмамбетовдун "Кагылайын Манасым" чыгармасын сахналаштырганга жетишкен. Спектакль анын ири эмгектеринин бири болуп калган.

Театрга арналган өмүр. Искендер Рыскулов келинчеги менен бир уул, бир кызды тарбиялап өстүргөн. Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты 40 жылга жакын театрда иштеп, 2002-жылы 26-декабрда оорудан улам көз жумган.

Тема боюнча

Кондучалованын күйөө баласы болгон. Каскадер Үсөн Кудайбергенов тууралуу 8 факты
Момун чалды 10 жыл бою ойногон. Актер Марат Алышпаев жөнүндө 6 факты
Үйү, автоунаасы өрттөнүп кеткен. Болот Шамшиев тууралуу 7 факты
Кыргызстандыктар жаңы жылда 7 күн катары менен эс алат
Белгилер:
факты, режиссер, театр, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ