Күлгүндөй жаш кездери. "Снайперлердеги" Шамшиев менен Темирова

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

Белгилүү режиссёр, сценарист Болот Шамшиев, актриса Айтурган Темирова жана башка союздук республикалардын актёрлорунун сүрөтү 1985-жылы Алмата шаарында тартылган.

Ал жылы Шамшиев казакстандык снайпер, Советтер Союзунун Баатыры Алия Молдагулова жөнүндө "Снайперлер" тасмасын тартып, анын ролун Айтурган Темирова аткарган.

Ошол учурду Айтурган Темирова мындайча эскерет:

"Казак элинин сыймыктуу кызы Алия жөнүндө эмгекти баштоо алдында көптөгөн архивдик маалыматтарды изилдеп, согуш ардагерлери менен баарлашканбыз. Анда мен башкы каармандын ролун колдон келишинче так аткарууга аракет кылчумун. Мисалы, ой-жүгүртүүсүнөн баштап мылтык кармаганына чейин окшоштурдум десем болот. Эртеден кечке чейин Алия жөнүндө ойлочумун, ал кез мага өтө эле оор учур болгон. Балким, жоопкерчиликти сезип образга ошончо сүңгүп киргендирмин", — деди Темирова.

"Снайперлер" тасмасынан кийин актриса үч жолу операция болуп, психологдун жардамын алып, эки жылдан кийин гана калыбына келген.

13 жыл көңүл бурбай коюшту. Болот Шамшиев менен коштошуудагы ачуу сөз. Видео - Sputnik Кыргызстан
13 жыл көңүл бурбай коюшту. Болот Шамшиев менен коштошуудагы ачуу сөз. Видео
Ал жылы Болот Шамшиев 44, Айтурган Темирова 27 жашта болуп, жубайлар бир уул, эки кызды бирге тарбиялап жаткан.

Аталган тасмада казакстандык, россиялык, кыргызстандык Марина Яковлева, Вера Глаголева, Елена Мельникова, Николай Скоробогатов, Касым Жакибаев, Юозас Киселюс, Эмиль Борончиев, Михаил Крылов, Георгий Мартиросьян, Жейхун Мирзоев, Татьяна Конюхова, Екатерина Горяева, Светлана Евстратова, Оразхан Кенебаев, Байкенже Белбаев, Александр Беспалый жана Анатолий Чарноцкий да роль жараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0