16:02 29 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.0760
  • RUB1.0427
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (343)
264 0 0

Дүйнөлүк адабияттын салтын кыргыз адабиятынын табылгалары менен ашташтырып, улуттук сөз өнөрүнө өткөн кылымдын 60-жылдарында жаңы муун, же "жаңы генерация" келди. Ошол "алтымышынчылардын" катарында университеттин студенти Мурза Гапаров да болгон.

Анын "Турналар жазда келишет" аттуу жалаң диалогдордон турган аңгемеси эски формага көнгөн окурмандарды өзгөчө кызыктырган. Жаш калемгердин "Бөтөн таканын изи", "Жылына эки ирет гүлдөөчү алмалар", "Газала", "Наташа Ростованын биринчи балы", "Унутулган сокмо жол", "Буурул түндө төрөлгөн кыз" деген алгачкы аңгемелери, "Мейман" повести ошол 60-жылдарда жазылып, кыргыз адабиятына таланттуу прозачынын келгенин тастыктады. Кийин анын киносценарийлери, повесттери, пьесалары жазылды, ошолордун арасында дагы бир аңгемеси "Айгүл тоо" деген ат менен жарык көрдү.

Биз бүгүн ошол аңгеме тууралуу 10 факт сунуштайбыз.

Турмуштук жана адабий тажрыйбанын изи. Мурза Гапаровдун "Айгүл тоо" деген аңгемеси адегенде 1985-жылы "Кыргызстан маданияты" гезитинин №15 санына басылган. Бул басылма ошол кезде өтө популярдуу эле. Мындай көлөмдүү аңгемелер жарыяланчу эмес, бирок редакция мыкты жазуучунун мыкты чыгармасын дароо эле басып жиберген.

"Айгүл тоодо" 60-жылдардагы аңгемечи Мурза Гапаров 80-жылдарда бул жанрга турмуштук зор тажрыйбадан сырткары да башка тектердин, жанрлардын тажрыйба мектебинен кийин жаңыча кайрылды. Анын үстүнө жазуучу лирикалык маанайы күчтүү өнүккөн, назик, салттуу жапан кара сөзүнөн баштап Маркестин романдарынан Борхестин миниатюраларын көздөй кеткен не бир сонун көркөм дөөлөттөрдү бере баштаган, ойгонуу мезгилин башынан кечирип жаткан ошол кездеги Латын Америка прозасына чейинки шедеврлерди, өзү сүйгөн Хемингуэйди мыкты өздөштүргөн эле. "Айгүл тоо" — 60-жылдагы "үйрөнчүк" аңгемечинин 80-жылда, калыптанган мезгилдеги, жаңы көрүнүшү, жаңы бийиктиги. Анын катарында "Байчечек" деген аңгемеси да турат.

Чыгарма эки досуна арналган. Автор аңгеменин башына "Кеңеш Жусуповго жана Кубатбек Жусубалиевге арналат" деп жазып койгон. Бул үч жазуучу чыныгы достор, көп жерлерде чогуу болгон кадырлаштар эле.

Аңгемеде адегенде эле көзгө урунуучу нерсе. Бул — окуя-фактылардын көптөй көрүнүшү, алардын адаттан тышкары жыштыгы, бир кезде Михаил Шолоховдун "Адамдын тагдыры" аңгемеси чыкканда сынчылар "аңгеменин романданышы" деп айтышкандай, "Айгүл тоонун" бир нече окуядан турушу, бир нече адам тагдырынын үзүмдөрүнүн камтылышы ошондой ой калтырат. Аңгемедеги атайын жолоочулар үчүн салынган Баткендеги Али-аванын бекетин, Өзгөн менен Оштун ортосунда ээн талаадагы жылмайган, кичинекей, купкуу чалды, балалыгындагы Нооруз майрамы жөнүндө Исанын эскертүүсүн, Кокондун чайканасындагы Гөвар менен Исаны, Айганышты, Арстанбаптагы Айкыз кемпирдин ажайып үйүн, "Кайнар булак" пансионатын, Кан-Жылгадагы ажайып тоо койнундагы үйдү, Сохтогу дүлөй-дудук кишинин, кемпир менен небере кызын, айгүл деген гүлдүн жана Айгүл тоону, Айзаданы, кыскасы, толгон-токой нерсени, кыргыз жеринин туш тарабын камтыган географиялык кеңдикти кичи жанрдын ичине батыруу жазуучу үчүн оордой көрүнөт. Чын-чынында келгенде, Гапаров бул жолу дагы бир зергерлигин көрсөткөн, саналгандардын жана саналбай кеткендердин баарын бириктирип, шурудай тизип, кынаптай алган.

Сулуулуктан улуулукка. Аңгемедеги башкы нерсе — адам, анын сулуулугу жана башкаларга кылган жакшылыгы. Бул башкы нерсени автор өзүнүн лирикалык каарманы — кыздай назик жана жоош, романтикалуу жигит Исанын айланасына топтоштурат, ал каарман эне сүтүндөй пакиза адам рухун алып жүрөт. "Кайнар булак" пансионатындагы анын аракетин, жашоо-дүйнөсүн жазуучу мындайча сүрөттөйт: "Исанын иши ал жерде жакшы жүрөт. Ар күнү эртең менен эрте туруп, эртең мененки ак тумандын астында жаткан көлдүн ээн жерин бойлоп, алыска-алыска чуркап барып келет. Анын чуркаган таштак жолун калың кыроо басып калат. Жол коюу чычырканактарды аралап басып кете берет. А чычырканактын ичи жык жапайы коён. Байкуш коёндор таң атканча өз жактарында үшүп жатып, а таң атаар менен жолдун боюна чыгып, күндүн алгачкы нурларын күтүп, беттерин күн чыгышка тосуп, ар кайсы жерде чочоюп-чочоюп отуруп калышат. Биринчи күнү чуркап келаткан Исадан чочуп, чычырканактын ичине томураңдап качып кетишет. Бирок бара-бара бул адамдын зыянсыз экенин көрүп, аны кенебей отура беришет. "Эй, коёндор, салам!" — деп өтөт Иса анда алардын алдынан". Аңгемеде ал ушундай тазалык, баёолук, пакизалик башынан аягына чейин негизги лейтмотив катары аралап өтөт.

Иса жана адамдар. Чыгарманын башкы лирикалык каарманы — Иса. Анын дүйнөсү таза, аруу. Ошол тазалыкты, аруулукту кайдан алат? Албетте, аны курчап, ага таасир этип турган адамдар бар. Алар кимдер? "...Апта сайын он чакырым таштак жолду жөө басып келип, кемпири түйүп берген тамак-ашын таштап үйүн болсо жыйнаштырып кеткен", "...бекетти ал атайы жолоочулар үчүн салган", б.а. башкалар үчүн апендидей көрүнгөн менен адамдарга жакшылык кылууну башкы максатым деп эсептеген, эл үчүн таап-ташыганын, күчүн, убактысын аябаган, а адамдардын көпчүлүгү "чалдын чай-нанын ичип-жеп, үйүндө түнөп алып, эртесинде шашып-бушуп жөнөп кетише" берген Али-ава, Өзгөн менен Оштун ортосундагы Исага жолуккан "акактап келаткан жолоочунун жолуна дайыма бир кумура булактын муздак суусун" алып келип, жолоочулар өтчү жерге белендеп турчу, өзү ташып келген суудан ичип олтургандарды көрүп, "ич, балам, иче кой" деп момун жылмая, бирөөлөрдүн рахматын да укпаган, рахмат үчүн да иштебеген өзүнчө бир табышмактуу, романтикалуу чал, "чайканасын жаап жаткан жеринде, кайрадан экөөнө ысык чай демдеп, алдыларына нан, нават коюп, анан үйүнө кеткен" Кокондогу чайканачы, "ай-ай, уйкучулар, түшкүлө эми ылдый, нанүштө кылалы. Эчкинин сүтү бышып калды..." деген ажайып жер Арстанбаптагы Айкыз кемпир, "Кайнар булак" пансионатындагы тил билги кароолчу жана анын үч маал чайга чакырып турган балпайган байбичеси, "рахматыңа рахмат" дегендей, үстөккө-босток башын ийкеп, кийин жылмайган бойдон чайканадан чыгып кеткен, соопчулук үчүн үй курган дүлөй-дудук тажик киши жана башкалар. Мына ушулар дүйнөнүн түркүгү сымал Исага окшогондорду тазалыкка чакырып, адамдардын аруулук сезимин курчутуп турушат, Иса ошолордон кандай болууну үйрөнөт, нравалык, эстетикалык сабак алат.

Айзаданын аппак дүйнөсү. Башкы каарман Иса кийин Айзадага жолукту. Айзаданын "жүзү апаппак, тунук эле. Бирок эки бетинин ортосу атыр гүлгө түспөлдөш мала-кызыл ыраң жатат. Эриндери дагы мала-кызыл, алар кичине сууланып турат. А кашы-көзү болсо капкара, чачтары карганын канатындай жалтырайт". Мына ушул кыз менен Исанын айгүл гүлү жана Айгүл тоосу жөнүндөгү ойлору, Кан-Жылгадагы биринчи, экинчи жана үчүнчү жолугушуулар өтө көтөрүңкү-эмоционалдык пафосто берилет, экөө тең романтикалык образдар деңгээлинде көтөрүлүп жетет, автордун мурдатан келген баяндоосу апогейинде романтикалык боёктор менен ыраңдалат, деги эле бул нерсе Гапаровдун стилиндеги бирден бир өзгөчөлүк катары бул аңгемесинде андан ары өз вазийпасын ишенимдүүлүк менен аткарып турат. Акыркы абзацта автор окурманды ойго салчу күтүлбөгөндөй — келерки жылы болушу мүмкүн болгон окуя тууралуу жыйынтыкка келет.

Өз котормосун киргизген. 68 жаштагы кечил Рекан 28 жаштагы монах кызга ашык болуп калгандыгы тууралуу Франческо Петрарканын бир ырын өзү кыргызчага которуп, эбин таап чыгармасына кошуп жиберет. Ал ыр мындай:

"Бетимдин качып кан-сөлү
Кубарды чачым бубактай.
Бирок да сүйүү ышкысы,
Жүрөктө, жаштык курактай..."

"Айгүл тоо жана Мурза Гапаров". Баткендик жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын ушундай аталышта макаласы бар. Анда мындай эскерет: "Мен жазуучуга гүл тууралуу маалыматты алгач 1982-жылы айтып берген элем. Жайдын ысык мезгили болчу. Киностудияга агайым жазуучу Мурзапар Үсөндүн өтүнүчү менен Мурза акеге сценарий бергени баргам. Ошондо улуу жазуучу менен биринчи жолу кездешкем. Абдан сөзмөр киши экен, баткендик досторун сурап, анан мен тууралуу да билгиси келип, кыскасы, бир топко сүйлөшүп калдык. Мени аялдамага чейин узатып келди. Биздин айыл тууралуу сөздөн сөз чыгып отуруп, мен айылыбызда чанда кезиккен, бөтөнчө айгүл гүлү бар экенин айтып бергем. Мурза аке буга чейин уккан эмес экен. Абдан кызыгып калды. Анын гүлгө кызыкканы ушунчалык, эртеси эле Баткенге жол алмакчы болгону эсимде. Анан мен ага азыр барсаңыз тоодо гүл эмес, анын сөңгөгү да жок, куурап калган. Эмки жылы марттын аягы, апрелдин баш ченинде барсаңыз болот дегем. Ал киши айгүл гүлдү көргөнгө бир жылга жакын дегдеди. Дегдегени ушунчалык, марттын аягында биздин айылга жетип барыптыр. Ал жылдары гүл тоодо азыркыдай эмес, көбүрөөк болчу. Мурза акени Баткендин чыгармачыл инсандары, достору тосуп алып тоого алып барышыптыр. Ал кишинин гүлдү алгач көргөндөгү маңдайы жарыла жаш баладай сүйүнгөнүн, таң калганын, кечке карап турганын кийин айтып жүрүштү. Гүл Ай чыкканда абдан сонун ачылат деген уламыш сөзгө ишенип, түнкүсүн да барып гүлдү көргөн дешет. Кийин көп өтпөй жазуучу "Айгүл тоо" деген көлөмдүү аңгеме жаратты".

Айгүл гүлү жана "Айгүл тоо". Мурза Гапаров жазуучу болуш үчүн жазчу нерсенин баарын кармалап, даамдап көрүш керек дечү. Бир жакшы сюжет тапса, же бир жактан олжолуу келсе, терисине сыйбай барбалаңдап калчу. Анын бир жолку ушундай келиши тууралуу жазуучу Абдиламит Матисаков мындай эскерет: "...Эсимде, Баткенден жаңы эле самолётто учуп келип, Айгүл гүлүнүн бир дестесин наристедей көкүрөгүнө коомай кысып, "Кыргыз Туусуна" келгени. Кызыл китепке кирген, болгону бир ай гана өмүр жаш буйруган ажайып гүлдү жабыла, Кубат ака айтмакчы, жата калып, тура калып карап атсак: "Көрүп болдуңарбы, Бишкегиңерде мындай гүл өспөйт" деп тамашага чалып, көкүрөгүнө башын жөлөгөн бейиштин гүлдөрүн керели-кечке эрикпей-зерикпей Жазуучулар союзуна, Маданият министрлигине, андан ары Кыргыз драма театрынын артисттерине чейин көрсөтүп, ыраңы Айгүл тоо гүлүнүн ыраңындай нурданып чыкканда бечара Мурза ака үйүнө кайтыптыр". Карабайсызбы, мен көргөндү баары көрсүн, мен суктанганга баары суктансын деп атпайбы.

Анын ошол сапары "Айгүл тоо" аттуу аңгемеге айланып, анда мындай сүйлөмдөр жазылды: "...Кудай жалгап бир маалда кыздын кубанычтуу кыйкырыгы чыкты.

— Таптым! Таптым! — деди ал. — Мынаке! Бери келиңиз!

Албетте, Иса ошол замат чуркап жетип барды. Барса, кыз чөгөлөп жерде отуруптур. А анын маңдайында айгүл туруптур. Айгүлдүн сотосу жоон, бою узун болот экен. А гүлүнүн өзү коңгуроого окшоп кетет. Бир сотодо төрт даана гүл ачылыптыр. Гүлдүн түсү айдын жарыгында кызгымтыл болуп көрүндү".

"Айгүл тоо" – Мурза Гапаровдун өзгөчөлүгүн, анын стилдик бөтөнчөлүгүн аныктаган аңгемелердин бири. Жазуучу аңгемеде карапайым адамдарды дал ошол карапайымдыгы менен көрсөтөт, адамдын табиятын жаратылыш менен кошо карайт, экөөнүн гармониясын түзөт, ошон үчүн жазуучуда пейзаждык сүрөттөөлөр суктанарлык деңгээлде элестүү, кыска иштелет, каармандары турмушка, табиятка романтикалык көз карашта үңүлүшөт, сүрөттөөлөр көп учурда көтөрүңкү-эмоционалдык духта барат, ички лиризм күчтүү, жергиликтүү колоритти толук чагылдыра алчу тилдик каражаттарды жана этнографиялык деталдарды пайдаланат.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (343)

Тема боюнча

Ымыркайында апасынан ажырап... Улуу акын Алыкул Осмонов тууралуу 8 факты
Өкүл атасы Мидинге кат жазып... Байдылда Сарногоев тууралуу 9 факты
Белгилер:
адабият, маданият, аңгеме, Мурза Гапаров, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ