Жолдошунан, уулдарынан, келининен ажырап... "Саманчынын жолундагы" таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат.

СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкееванын "Саманчынын жолу" көркөм тасмасында Толгонайдын ролун аткарып жаткан учуру 1967-жылы тартылган.

Ал жылы режиссёр Геннадий Базаров залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тасма тарта баштаган.

Аталган фильмде болочоктогу саясат таануучу Токтогул Какчекеев Субанкул менен Толгонайдын кичүү уулу Жайнактын ролун аткарган. Анда ал 17 жашта экен. Какчекеев ошол учурду мындайча эскерет.

"Тасма үстүндө иштегендер болушунча талаа-түздө тартып, ошол учурдагы абалды көргөзүүгө аракет кылган эле. Анын көркөм жетекчиси Чыңгыз Айтматов болсо, Геннадий Базаров өзү тарткан. Сүрөттөгү эпизод Чүй облусундагы айылдардын биринде тартылган. Сюжет боюнча Толгонай буудай уурдаган адамдын бетин ачып, анын келинчегине жаман көрүнүп жаткан учуру тартылган. Бакен эже Толгонайдын образын мыкты жаратып, согуш жылдарындагы кайгылуу, тарыхый кыйын кезеңди, элдин андагы маанайын толук ачып бере алган. Ал инсан жаш муунга согуш жылдарындагы оор мезгилди жеткирген. Ошол кезде актрисанын кадыр-баркы азыркы мамлекеттик кызматкерлерге караганда 5-6 эсе жогору болчу. Аны сахнадан көрүү үчүн эл айылдан бери келип, билет таба албай кезек күтүп, театр толуп калчу. Ал эми "Саманчынын жолун" тартып бүткөндөн кийин аны көркөм кеңеш текшерип, алар Алимандын төрөп жаткан учурун жактырбай алып салууну сунуштаган. Ошондо Бакен Кыдыкеева "аялдар ушинтип эле кыйналып төрөйт, ары барып, бери келет" деп алдырбай койгону эсимде", — деди Какчекеев.

"Саманчынын жолунда" Советбек Жумадылов, Болот Бейшеналиев, Таттыбүбү Турсунбаева, Лидия Ашрапова, Насыр Кытаев, Нуртай Борбиев, Тургун Бердалиев да роль жараткан. 23 жаштагы Базаровдун дипломдук иши болгон эмгек 1967-жылы көрүүчүлөргө сунушталып, жаш режиссёрго атак-даңк алып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0