"Дүйнө сулуусу" сынагына "Кыргызстан сулуусу" эмес, башка кыз катышууда. Чоо-жайы

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Дүйнө сулуусу" сынагынын катышуучусу Екатерина Заболотнова. Архив
Дүйнө сулуусу сынагынын катышуучусу Екатерина Заболотнова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуу Британияда боло турган конкурска Кыргызстандын атынан Екатерина Заболотнова барат. Sputnik Кыргызстан бийкечтин таржымакалына кызыгып көрдү.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. 14-декабрь күнү Лондондо "Дүйнө сулуусу-2019" сынагынын финалы өтөт. Ага Кыргызстандын атынан 24 жаштагы Екатерина Заболотнова катышмакчы.

Сынак 1951-жылдан бери өтүп, дүйнөдөгү абройлуу делген төрт конкурстун катарына кирет. Быйыл ага ар кыл өлкөдөн 90 кыздын катышары белгилүү болду. Жаңы "дүйнө сулуусуна" таажыны 2018-жылы жеңүүчү деп табылган мексикалык Ванесса Понсе де Лоен өткөрүп берет.

Талашка түшкөн лицензия

Заболотнованын аталган сынакка катышары тууралуу коомчулук билген эмес. "Кыргызстан сулуусу" улуттук сынагынын дирекциясы тараткан маалыматта өлкөнүн атынан барчу кыздын "Кыргызстан сулуусу" деген расмий наамы бар экени, ал бүгүн Лондон шаарына учуп келгени айтылган.

Аталган дирекция өзүн "Дүйнө сулуусу" дүйнөлүк сынагынын Кыргызстандын аймагындагы расмий өкүлү деп жарыялаган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Ekaterina Zabolotnova 🇰🇬 (@kate_zabolotnova)

Ошондой эле маалыматта Кыргызстан эки жылга чейин аталган конкурска катышуу укугунан ажыратылганы белгиленген.

Эске салсак, быйыл октябрда белгилүү модель кыз Бегимай Карыбекова тарабынан уюштурулган улуттук сынак өткөн. Дал ушул конкурс расмий болуп саналгандыктан, анын жеңүүчүсү дүйнөлүк сынакка катышуусу шарт. Быйыл таажыны 21 жаштагы Айжан Чаначева кийген.

Sputnik агенттиги Карыбекова менен байланышып, сынакка эмне себептен титулу бар кыз барбаганын сурады.

"Акыркы эки жыл "Дүйнө сулуусу" сынагынын уюштуруучулары Кыргызстандан барган өкүлдөрдү кабыл албай келди. Бирок биз акырына чейин жооп күтүп, эл аралык талапка жооп берген расмий сынак уюштурганбыз. Заболотнова "Кыргызстан сулуусу" эмес, эл аралык конкурстун уюштуруучулары аны кабыл албашы керек эле. Бул аталган иш-чаранын аброюна шек келтирүүдө", — деди Карыбекова.

Ал эми Маалымат, маданият жана туризм министрлиги Заболотнованын конкурска катышары тууралуу кабары жок экенин айтты.

Катышуучу тууралуу маалымат

Заболотнова "Дүйнө сулуусу" сынагына чейин эки ирет "Кыргызстан сулуусуна" катышкан. 2012-жылы төртүнчү вице-мисс болсо, 2016-жылы "Биринчи вице-мисс" титулуна ээ болгон.

Мындан тышкары, кыз дизайнер катары да белгилүү. Кыргызстандын жаш дизайнерлер ассоциациясынын башкаруучулугунун мүчөсү. Быйыл мартта Өзбекстанда өткөн улуттук кийим фестивалында "Алтын ийне" сыйлыгына ээ болгон.

Бир нече айдан кийин Түштүк Кореянын Сеул шаарында Asia Festival мода жумалыгында өзүнүн коллекциясын тартуулаган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Ekaterina Zabolotnova 🇰🇬 (@kate_zabolotnova)

Дүйнөлүк конкурстун YouTube-каналына жарыяланган роликтеги маалыматка ылайык, Заболотнова баткетбол оюндарынын баяндамачысы.

Сынактын башкы этабы — катышуучулардын кайрымдуулук долбоорлору. Заболотнова балдар үйлөрүндө тарбияланган бөбөктөрдү колдоо темасын тандап алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0