Арсыздар арды кеп кылып, ар-намысты сапырды! Элмирбек Иманалиевдин нускасы

© Sputnik / Табылды КадырбековТөкмө акын Элмирбек Иманалиев. Архив
Төкмө акын Элмирбек Иманалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Бул ирет төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин нускалуу кебин сунуштайбыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!

Төкмө акын, обончу, ырчы Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. Жогорку билимдүү. Мектепти бүткөндөн кийин Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студиядан окуп, андан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун фольклор бөлүмүн бүтүргөн.

Элмирбек Иманалиевдин төкмөлүк өнөргө болгон кызыгуусу мектеп жашынан эле башталган. Алгач 6-класста окуп жүргөн кезинде колуна комуз алып, калың элдин алдына чыккан. Муну көргөн төкмө акын Тууганбай Абдиев жаш талантты борборго алдырган.

1993-жылдан бери айтыш боюнча республикалык жана эл аралык фестивалдардын баш байге ээси. 2016-жылы КРдин Эл артисти наамын алган.

Эмгек жолун чыгармачыл өспүрүмдөрдүн республикалык "Сейтек" борборунда иштөөдөн баштаган. Кыргыз улуттук филармониясында, Чүй облустук драма театрында эмгектенген. Учурда "Айтыш" коомдук фондунун акындар мектебинин устаты.

Элмирбек Иманалиевдин кеп казынасы:

Бир жагын карап ойлонсок,
Калкым, азапта калдык жетилдик.
Бир жагын карап толгонсок,
Адаштык, тоздук, кетилдик

Биринде сойлоп боор токтоп,
Биринде бийик секирдик.
Басындык кээде жалтактап,
Баш бербей кээде эсирдик.

Каадалуу болдук кай бирде,
Калбырдай болуп тешилдик.
Бирде короздой коомго кыйкырып,
Бирде колтукка кирип бекиндик.

Антсе да бийлик жыл, айлап
Ансайын тунбайт ылайлап.
Абийирди кайда кетирдик?!

***

Керексиз кезде тебишип,
Керектүү кезде келишип,
Чогулган беттер чыгышты.

Өткөрүп койгон немедей,
Өктөм сүйлөп эл-журтка,
Догурган беттер чыгышты.

Акталбай туруп өкүмү,
Аарчылбай туруп көчүгү,
Бараткан беттер чыгышты.

Канга жуулуп кызарбай,
Арга жуулуп агарбай,
Жадаткан беттер чыгышты.

***

Оң жолго туура түшө албай,
Айла кетип баратат.
Ишенгендер сууга агып,
Сайда кетип баратат.

***

Калк ишенип шайлашкан,
Катырабыз баарын деп,
Калп сөздөр менен жайлашкан.

Каалаганына жеткенде,
Кайра кара көзүн май баскан,
Бетсиздер дешет чоңдорду.

***

Илгери үмүт кылбасак,
Иштиктүү алга жылбасак,
Илкип баскан өлкөбүз,
Жарга кетип баратат.

Көр түйшүккө малынтып,
Көрүнгөнгө жалынтып,
Кокологон алптарга,
Кол куушуртуп багынтып,
Келемтени кемитти.

Кенен жерди тарытып,
Көз көрүнөө кул кылып,
Көздүн жашын агызды.
Бүтүндү бүлүнтүп,
Бүлөсүн багам дегенди,
Бүт дүйнөгө жүгүртүп,
Колтукту ачылтып,
Корсулдаган ал өпкө,
Коңшуларга басынтып,
Карыңды кимдер ачырды?
Карызга кимдер батырды?
Арсыздар арды кеп кылып,
Акысын элдин жеп тынып,
Ар намысты сапырды.
Ааламды билген кезинде,
Айкөлдүн элин басынтты.
Ынтымак кетсе коомдон,
Ырксыздык оту тутанат,
Көрүнөө бизди тепсетип,
Жанагы көралбастык ит атат.
Ырксыздык менен ошону,
Ылайга эмес арчышка,
Жөн гана ыргытыш керек ушалап.
Эми тандаган жолдон жаңылбай,
Табаасы гана болбой душмандын,
Манастын элин кор кылбоо,
Максаты Кыргызстандын!

***

Төрөлөр төрдү булгады,
Төбөлдөр элден уурдады.
Кысыр эмден май кетти,
Кыйындардан шай кетти,
Кыргызыңдан жай кетти.

***

Жарыдык деп айтабыз.
Жакшылап аны түшүнбөй
Жашообуз жыргал болду деп,
Жаркылдап жүрөбүз канчабыз.
Башканын кылган кайрына,
Байыдык деп айтабыз.
Машине минип, там салып,
Марыдык деп айтабыз.
Мекенди коюп күрөөгө,
Менчик деген дүйнөнүн,
Элим, мээнетин бир күн тартабыз...

Жаңылыктар түрмөгү
0