Түгөлбай Сыдыкбеков байбичеси Асылгүл менен. Таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат.

Залкар жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков менен жубайы Асылгүл Мырзабаеванын сүрөтү 1983-жылы Фрунзе шаарында тартылган.

Ал жылы режиссёр Каридин Акматалиев "Башкы китеп" тасмасын тарткан.

Ошол кезеңди Акматалиев өзү мындайча эскерет:

"Даректүү тасмага Кусейин Карасаев, Түгөлбөй Сыдыкбеков, Аалы Токомбаев өңдүү көрүнүктүү аксакалдарды тартканбыз. Тасма кыргыз элинин тарыхы, маданияты, нарк-насили жөнүндө болуп, атайын керектүү маалыматтарды чогулткан элек. Москвадагы китепканада орус, немец, француз, англис, япон тилдеринде жазылган энциклопедияларда кыргыздар тууралуу жазылган кагаздарды изилдегенбиз. Ошентип жүрүп жакшы маалыматтар чогулуп, Түгөлбай аксакалдын үйүнө барган элек. Ал киши кагаздарыбызды көрүп аябай кубанган, Усубалиевге чейин кире турганын айткан болчу. Ортодо эс алып отуруп калганда байбичеси менен кеңешип жатканын фотограф Александр Федоров тартып алган. Тасма коомчулук тарабынан жакшы кабыл алынып, бет ачарында кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрүнүн баары чогулган. Чыңгыз Айтматов Кинематографисттер союзунун төрагасы эле, келгендерди көрүп аябай таң калган. Себеби ал кезде элдин каймактарын антип бир жерде чогултуу кыйын болчу", — деди Акматалиев.

Кыргыз ССРинин эл жазуучусу жубайы менен үч уул, кызды тарбиялап, 40 жылдай бирге түтүн булаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0