09:58 31 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD73.7678
  • EUR82.0114
  • RUB1.0426
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
12110

2015-жылдын 27-апрелинде өкмөт 4-декабрда "Манас" эпосунун күнүн белгилөө жөнүндөгү токтом кабыл алган.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Эртең, 4-декабрда, "Манас" эпосунун күнүнө карата бир катар иш-чаралар өтө турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, 2015-жылдын 27-апрелинде өкмөт "Манас" эпосунун күнүн белгилөө жөнүндөгү токтом кабыл алган.

Бул күндү утурлай боло турчу маданий иш-чаралардын тизмеси:

4-декабрда саат 11:00дө Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө "Залкар Манасчы" тасмасынын бет ачары болот. Анда Мамбет Чокморов, Акылбек Манасчы жана Чоюке Өмүр уулу тууралуу тасмалар тартууланат.

Ошол эле күнү саат 13:30да Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын фойесинде "Манас" эпосунун урунттуу жерлерин чагылдырган көркөм жана прикладдык сүрөт көргөзмөсү уюштурулат. Ал эми 14:00дө Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисттери тарабынан даярдалган "Кагылайын Манасым" театрлаштырылган пролог тартууланып, аны концерттик программа коштойт.

Мындан сырткары, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан жаш манасчылар арасында жарыяланган республикалык сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өтөт.

Тема боюнча

Өнөрпоздор, чамдагыла! Бишкекте манасчылардын сынагы өтөт
Батасын алган аялдар төрөгөн. "Манас" эпосундагы Кошой тууралуу 12 факты
Арманы - "Манас" көркөм фильмин тартууга жетишпей калган. Убукеев жөнүндө 7 факты
Белгилер:
көргөзмө, филармония, Манас эпосу, театр

ЭҢ МААНИЛҮҮ