Өнөрпоздор, чамдагыла! Бишкекте манасчылардын сынагы өтөт

Жазылуу
Сынак 4-декабрь - "Манас күнүнө" карата уюштурулуп жатканы айтылды. Таймаш эки багытта өтөт. Ага 10-20 жаш курактагы жана 20-30 жаш аралыгындагы манасчылар катыша алат.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Борбор калаада жаш манасчылардын республикалык кароо-сынагы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Закрытие года “Ош – культурная столица тюркского мира - 2019” - Sputnik Кыргызстан
"Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" эстафетасы Оштон Хивага өттү
Ага ылайык, сынак 4-декабрда белгиленүүчү "Манас күнүнө" карата уюштурулуп жатат. Таймаш эки багытта өтөт. Ага 10-20 жаш курактагы жана 20-30 жаш аралыгындагы манасчылар катыша алат.

Кароо-сынак 2-декабрь күнү саат 9:00дө Бишкектеги "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесинде башталат.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 4-декабрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында болот.

Сынакта төмөндөгүдөй байгелер каралган:

20-30 жаш курагындагы манасчылар арасында жеңүүчүлөргө

  • 1-орун — 20 000 сом;
  • 2-орун — 10 000 сом;
  • 3-орун — 8000 сом берилет.

10-20 жаш курагындагы манасчылар арасында үчүнчү орунга чейин алгандарга планшет берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0