02:32 19 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8300
  • EUR77.7592
  • RUB1.1348
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
69 0 0

Түрк тилдүү мамлекеттерде быйылкы жыл улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жылы деп белгиленген болсо, 2020-жыл Казакстандын улуу акыны Абай Кунанбаевдин жылы деп белгилөө чечими кабыл алынган.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Ош шаарында "Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" иш-чарасы жыйынтыкталып, эстафета Өзбекстандын Хива шаарына өткөрүп берилди. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

  • 30 ноября в Ошском Национальнов драматическом театре имени С. Ибраимова торжественно состоялось закрытие года “Ош – культурная столица тюркского мира - 2019”
    Ош шаарында "Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" иш-чарасы жыйынтыкталып, эстафета Өзбекстандын Хива шаарына өткөрүп берилди
    © Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации и туризма КР

    Чечим кечээ Ош шаарындагы ТҮРКСОЙ уюмунун туруктуу кеңешмесинин 37-отурумунда белгилүү болгон
    © Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации и туризма КР
  • 30 ноября в Ошском Национальнов драматическом театре имени С. Ибраимова торжественно состоялось закрытие года “Ош – культурная столица тюркского мира - 2019”
    Жыйындын алкагында түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуусун арттыруу багытында бир катар келишимдер түзүлгөн
    © Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации и туризма КР
  • 30 ноября в Ошском Национальнов драматическом театре имени С. Ибраимова торжественно состоялось закрытие года “Ош – культурная столица тюркского мира - 2019”
    Ошондой эле түрк тилдүү мамлекеттерде быйылкы жыл улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жылы деп белгиленген болсо, 2020-жыл Казакстандын улуу акыны Абай Кунанбаевдин жылы деп белгилөө чечими да кабыл алынган.
    © Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации и туризма КР
1 / 4
© Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации и туризма КР
Ош шаарында "Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" иш-чарасы жыйынтыкталып, эстафета Өзбекстандын Хива шаарына өткөрүп берилди

Ага ылайык, чечим кечээ Ош шаарындагы ТҮРКСОЙ уюмунун туруктуу кеңешмесинин 37-отурумунда белгилүү болгон. Жыйындын алкагында түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуусун арттыруу багытында бир катар келишимдер түзүлгөн.

"2020-жылы ТҮРКСОЙ уюмуна мүчө мамлекеттердин туруктуу кеңешинин кезектеги жыйынын Өзбекстандын Маданият министрлиги тескейт. Ошондой эле Хива шаарында бир катар маданий иш-чаралар өтөт", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле түрк тилдүү мамлекеттерде быйылкы жыл улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жылы деп белгиленген болсо, 2020-жыл Казакстандын улуу акыны Абай Кунанбаевдин жылы деп белгилөө чечими да кабыл алынган.

Эске салсак, Ош шаарында өткөн 37-жыйынды маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов төрагалык кылды. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Дюсен Касеинов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Өзбекстан, Азербайджан, Казакстан, Түркмөнстан, Түркия мамлекеттеринин маданият министрлеринин орун басарлары, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун өкүлдөрү катышты.

Тема боюнча

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары Түркиянын кайсы аймагында өтөрү айтылды
"Жөө күлүк" тасмасы Хайнандагы эл аралык кинофестивалга катышат
Белгилер:
жыйын, маданият, ТҮРКСОЙ, Ош, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ