17:50 01 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD82.2000
  • EUR90.0665
  • RUB1.0389
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
260 0 0

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары Кыргызстанда үч ирет өткөн. Соңку ирет 2018-жылдын 2-8-сентябрында Ысык-Көлдө  уюштурулуп, эстафета Түркияга сунулган.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюну 2020-жылы Түркиянын Бурса аймагында өтөт. Бул туурасында Түркиянын жаштар жана спорт министри Мехмед Мухаррем Касап оглы билдиргендигин Анадолу агенттиги жазды.

Бул маалыматты ал Султанбейли муниципалитети ачкан классик акын Ашык Вейсел атындагы паркта сүйлөп жатып, Түркиянын эл аралык кызматташуу жаатында жасалып жаткан баяндамасында айткан.

Кыргызстандын Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарын өзүнүн аймагында үч ирет өткөргөндүгүн айтып келип, келерки, 2020-жылдагы өтө турган жерин маалымдаган.

"Биз буга чейин бир топ иш-чараларды ийгиликтүү өткөрүп келдик. Султанбейли муниципалитети тарабынан бир маалыматты айткым келди. Эгер, билсеңиздер, Кыргызстанда Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары бар жана алар үч ирет болгон. Буюрса, Түркия 2020-жылы ал оюндардын төртүнчүсүн өзүнүн аймагында, Бурсада өткөрөт. Бул маанилүү иш-чараны эң сонун кылып уюштурабыз", — деди ал.

Эске салсак, Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары Кыргызстанда үч ирет өткөн. Соңку ирет 2018-жылдын 2-8-сентябрында Ысык-Көлдө III жолкусу уюштурулуп, кийинкисин өткөрүү милдетин Түркия алган.

Буга чейин Түркия межилисинин төрагасы Бинали Йылдырым 2020-жылы Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр IV оюндарын кыргыз тарап менен өз ара тыгыз байланышта ийгиликтүү өткөрүүгө ишеним артып жаткандыгын айткан.

Тема боюнча

Түркия Көчмөндөр оюнун Кыргызстан менен тыгыз байланышта өткөрөт
Белгилер:
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Бурса, Түркия, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ