19:55 06 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8490
  • EUR77.5883
  • RUB1.0962
Китеп. Архивдик сүрөт

Этнобилимге бай. Ашым Жакыпбековдун "Айкашкасы" тууралуу 8 факты

© Sputnik / Виталий Белоусов
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (323)
29310

Кыргыз адабиятында гана эмес жалпы улуттук маданиятта чоң орду бар жаркын таланттардын бири – Ашым Жакыпбеков.

Ал кара сөздү катыра жазган, алардын ичинде эпос өзөктүү "Теңири Манас" романы кыргыз барда окула берүүчү, улам кийинки муунду өзүнө тарта берчү көөнөргүс мурас катары казынабызды байлыкка толтурду.

Ашым Жакыпбеков мыкты котормочу, киносценарист, анчалык өзүн ачып бере албай калган акын ("Ысык-Көлдүн кызгалдактары" фильминдеги обонун Мукан Рыскулбеков чыгарып Гүлсүн Мамашова ырдап чыккан "Издеп жүрөм", ошол эле обончунун "Көчө" фильмине чыгарган "Аппагым" деген ырлардын тексти ушул авторго таандык). Ошондой эле кино жана басма тармактарынын таанымал уюштуруучусу. Мына ошол жазуучуну окурман чөйрөсүнө адеп тааныткан алгачкы чыгармаларынын бири "Айкашка".

Биз бүгүн Ашым Жакыпбековдун ошол "Айкашка" деген чыгармасы тууралуу 8 факт сунуштайбыз.

Жакыпбековдун адабиятка келиши жана "Айкашка". Жаш калемгер алгачкы аңгемелерин өткөн кылымдын 50-жылдарынын соңунда 60-жылдарынын башында жарыялай баштайт. Ошол кездеги "Бул кандай сезим эле", "Жаралуу көгүчкөн", "Сагын" деген аңгемелери менен эле адабиятка бышып, жетилип келгенин көрсөткөн да, "Жаралуу көгүчкөн" (1961) деп аталган биринчи кара сөз жыйнагы адабий сында да дурус бааланган. Ашым Жакыпбековдун "Айкашка" аңгемеси өткөн кылымдын кыргыз адабиятынын гүлдөө доорунун башыраак жагында, 1959-жылы жазылган. Анда талапкер болгону 24 жашта эле.

Аңгемеби, повестпи? Бул чыгарманын жанры аңгемеге киреби, повестке киреби деген талаш маал-маал чыга калат. Арийне аңгеме чакан жанр, көлөмү повестке караганда кыска, каарманы да аз болот. Бирок дайым эле бул чен сактала бербейт. Орус адабиятчылары Михаил Шолоховдун "Адамдын тагдыры" аңгемесин романга тете деп жүрүшөт. Мындай талаштар Касымалы Баялиновдун "Ажар" деген чыгармасын аңгеме деп да, повесть деп да атагандардын, Мукай Элебаевдин "Узак жолун", Чыңгыз Айтматовдун "Гүлсаратын" повесть деп да, роман деп да атагандардын арасында кездешет. "Айкашканы" да ошентип карашат. Мындай аңгемени повесть деп кароонун себеби анда өтө көп мезгил аралыгындагы окуялар автордук баяндоодо ачылып, эки муундун бир атка байланыштуу тагдыры, салт жана цивилизация конфликти көрсөтүлөт.

Калемдеш досунун баасы. Жазуучу, публицист Кеңеш Жусупов да Ашым Жакыпбековдун муунунан. Анын аталган чыгарманы мындай баалаганы бар: "Окурман аңгемедеги карыя Кылычбекти сыйлап, аяп, тагдырына кызыгат, а Сарыбекке жини келип, аны жек көрөт, андай адамды турмушта көргүсү келбейт. Менимче, аңгеменин, дегеле чыгарманын мөрөйү ушул — адамдын ички дүйнөсүн удургутуп, сезимин курчутуп, рухун байытып туруу. "Айкашкада" адатта биз көнүп калган өтө чиеленишкен чоң окуя, сюжет жок сыяктанат. Ар бир окуя жөнөкөй тизмектүү айтылганы менен турмуштун, каармандын кайгы-муңу, ички көркөм шайкештикте бирине-бири ширелишип турат. Жазуучу бир эле окуяны ээрчибей, адамдын ички сезимин сүрүштүрүп келип, турмушта биз майда деп баамдаган окуяларга иргеп-таап сөз менен, ой менен, турмуш чындыгы менен кызыктуу, чебер кынаптаган. "Айкашка" аңгемесин повесть деп атаар элек. Мындай баркка бардык жагынан төп келип турат" (Жусупов К. Асыл сөзгө таазим / китепте: Жусупов К. Жаншерик. Жыйнак. – Б.: Бийиктик, 2007. – 258-б.).

"Аталар" жана "балдар" проблемасы. "Айкашкада" ат менен адам мамилеси жаңы социалисттик цивилизациянын шартында Кылычбек, Сарыбек, Осмон деген каармандардын образы менен кошо үй-бүлөлүк жана коомдук конфликтилердин кырдаалында ачылат. Дүйнөлүк адабиятта, искусстводо, философияда "аталар жана балдар" деген түшүнүк бар, б.а., атанын кылган-эткени баласына жакпай калат, атасын эски түшүнүктөгү адам деп, анын ордуна башка жаңы нерселерди киргизгиси келет. Аңгемедеги Кылычбек менен Сарыбектин образдары мына ушундай ата-бала мамилесин, "аталар жана балдар" проблемасын көрсөтүүгө багытталган. Кылычбек абышка эски доордун адамы, анын убагында урбанизация, техника жок эле, адамдын канаты да, кубаты да, досу да жылкы баласы болгон. Ал атты чөп ташуу, бир жерден экинчи жерге баруу, б.а., көөлүк, мингич унаа катары гана пайдаланбайт, ал аны аталардан келе жаткан таберик салт, байыркы кыргыздардын мурасы катары көрөт. Ошон үчүн ага ат жаныбар гана эмес, ат анын жаны менен барабар, адам сыяктуу эле кымбат нерсе. Айкашканы кулун кезинен бакты, баладай карады, тай кезинде үйрөтүп, кунан болгондо байгеге кошту. Ал эми өз баласы Сарыбек үчүн аттын доору бүткөн, азыр атты сатып, аны акчага айландыруу гана керек да, замандын техникалары менен жүрүү жетиштүү. Атты сатса, анын пулуна жаңы там үчүн үстүн жапканга тунуке же шифер алууга болот. Азыр билимдүүлөрдүн заманы, ат баккандар атасына окшогон билимсиздер. Ошон үчүн жылкыны аябайт, ага кошуп атасын да сатып ийгенден кайра тартпайт. Атасы Кылычбек өз тамын өзү соккон, дыйканчылык кылган карапайым бир киши, а түгүл анын саяпкердик-сынчылык касиети да жок, ал Осмондун саяпкерлигине ишенет, суктанат, Айкашка ошонун аттарындай болсо деп тилек кылат.

Жазуучу саяпкердик өнөрдүн сырларын таамай чагылдырат. Аңгемеде кыргыздардын саяпкерлик өнөрү, жылкыга сын берген кыраакылыгы, билгилиги абдан кылдаттык менен көрсөтүлөт. Мындай учурду тексттен окуйлу: "Кылычбек эшик алдына жая салынган таар үстүндө атына жем деген үч кошууч буудайдын ташын терип отурганда таягын белине туура кармап, бүчүлөнбөгөн ичигинин эки өңүрү жер чийип, Турсуналы карыя келди. Саламдашкан соң ал дубалга далысын сүйөй отуруп, жерде жаткан ат тезегин таягынын учу менен серпип таштады да, акырда турган Айкашканы сынай карады.

– Күлүгүңдүн табы кандай? – Кылычбек туруп барып атына жем илди.

– Табын жакшы келтире албай жүрөт окшойм.

Кыймыл этсе, жал-куйругу жибектей төгүлгөн Айкашка жем баштыктын түбүн тумшугу менен түрткүлөп, буудайды күртүлдөтө чайнаганын кумарлана карап, бир топ турду. Анан ашкан ынтаа менен үстү-башын куйругунун учуна чейин сылап-сыйпап өттү да, арткы туягынын түбүндө булоолонуп жаткан бир тоголок тезегин абай менен алып, алаканына салып, Турсуналынын жанына келип отурду. Тезекти бармагы менен ушалап, ушандынын арасын тирмийип жатып карады. Коңурсуган жытын искеп көрдү. Шектенгенин таппагандай тезектин ушандысын колунан кагып жиберди, көк ным жуккан колун боз трайке ичигинин шакмарланган өңүрүнө сүрттү.

– Ичинде ысыгы барбы дейм? Тезеги таза эле…

Кылычбектин баятан берки кыймылынан көз айрыбай, анын ат бакканга ашкере дилгирлигине таңыркап, ичинен анча жактыра бербей отурган Турсуналы эми аны эмне үчүндүр аяп кетти. Эсирген тигил ат Кылычбекти үзүрсүз мээнетке салып, эзип жүргөндөй сезилди ага. Бирок бул сезгени Кылычбекке жакпасын билип, ачыкка чыгарбай, жөн гана калыстыгын айтты:

– Ысыгы бар мал ушунча семирчи беле. А көрө байгеге эттүүлүк кылып жүрөт го. Жайында жакшылап тер алынбаган окшойт.

– Жакшы эле алынгансыган, ким билет…"

Мына ушул жагынан да аңгеме өтө чындыкка жакын, элдин турмушуна таянуу менен жазылган.

Аңгемедеги этнобилимдер жана тилдик табылгалар. 20дан жаңы эле оогон жаш жазуучу жылкы таптоонун, багуунун жана байгеге салуунун көп сырларын, ыкмаларын биле турганын көрсөткөн. Күлүктүн сын-сыпатын, жүрүш ыргагын эле сүрөттөө үчүн кыргыз элинин көөнө сөздөрүн тапкычтык менен урунганы чыгарманын дагы бир ийгилиги болгон. Мындай ийгиликтерге жетишинин себеби — жаш чагынан жылкычылык кесибиндеги адамдар менен аралаша жүргөндүгүндө эле.

Балалыктагы аттар. Ашым Жакыпбеков 7-8 жашар кезинде туулган айылы Шекерде өз көзү менен көргөн күлүктөр тууралуу мындай деп айтканы бар: "Биздин Шекерде биз бала кезде Октору, Акбайпак, Гүлсары деген күлүк аттар болгон. Чоңдор талашып, барктап минип, аягында (согуш учурунда жана кийинки жылдары) кошко салынып, жоор болуп, жүгөрү огороддорго "уруулукка" кирип, кемпир-кесектердин таягын жеп жүрүп күндөрү бүткөн. Гүлсары тууралуу Раймалы, Султанмурат деген айыл ырчыларыбыз ыр чыгарып, жоролордо ырдап жүрүшчү. Жана да Танабай-Керимбек деген карыя өттү биздин айылдан. Чыкенин (жазуучу Чыңгыз Айтматов – М.А.) агалары болчу. Өмүрү бүт жылкы менен өттү. Ошол катаал жылдардагы бир окуяны Чыке өзү айтып берди эле: башкарма Чыңгызды Керимбек акесине жумшаптыр, баланча атты берсин, мен минем дептир. Чыкең акесине барса укурук менен жонго салып кууп чыгыптыр…" Ушундай көрүп-билген окуялар аңгеменин жазылышына түрткү берген. Советтик учурда менчик аттарды колхозго алуу иштери бир нече жолу жүргүзүлгөн, ушул трагедия ат баккан далай адамдардын жүрөгүн жаралап, улуттук салтка, кыргыздык психологияга катуу сокку болгон жана ушул жараян адабиятта ар тараптуу чыгылдырылган жана ошолордун бири "Гүлсараттан" да мурда ушул "Айкашка" болгон.

"Айкашка" темасына кайра кайрылмак эле... Жазуучу өмүр соңунда журналисттерге берген маектеринин биринде "Теңири Манас" романын жазып бүтөрү менен "Айкашка" темасын кеңейтип жазарын, ат жалында өткөн кыргыздардын адам жана ат проблемасын, Алтайдан Ала-Тоого алып келген аттар тууралуу дагы бир чыгарма жазарын ниет кылган экен. Бирок ал максаты ишке ашпай калды...

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (323)

Тема боюнча

Аскадан угулган колуктунун ыйы... "Тоолор кулаганда" романы тууралуу 13 факты
"Вот киргизский Репин". "Мезгил учат" повести тууралуу 12 факты
Белгилер:
факты, адабият, чыгарма, Ашым Жакыпбеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ