Кыргызстандык өспүрүм Москвадагы вокал сынагынан баш байгеге татыды

© Фото / из личного архива ЖуманалиевыхПобедительница международного фестиваля "Истоки" Айдай Балбаева
Победительница международного фестиваля Истоки Айдай Балбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган иш-чарага 16 мамлекеттен чогулган өспүрүмдөр катышкан. Кыргызстандын атынан Гүлнара Тойгонбаеванын 14 жаштагы шакирти ат салышкан.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык аткаруучу Айдай Балбаева Россиядагы вокал боюнча сынакта баш байгени багындырды. Бул тууралуу анын устаты Гүлнара Тойгонбаева өзүнүн Instagram баракчасына жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Gulnara Toigonbaeva (@gulnara_toigonbaeva)

Жаш талант 24-29-ноябрь күндөрү Москва шаарында өткөн "Истоки" аталышындагы IХ эл аралык фестивалда жеңишке жетти.

"Биздин Айдай баш байгени утуп алды. Эмгекчил, чоң максаттарга умтулган кызыбыз ага татыктуу. Буюрса, мындай жеңиштер көп болсун", — деп жазган Тойгонбаева.

Аталган сынакка 16 мамлекеттен чогулган өспүрүмдөр катышкан. Кыргызстандын атынан Гүлнара Тойгонбаеванын 14 жаштагы шакирти барып ат салышты. Ал сегиз жашынан бери музыка менен алектенип, учурда "KGтай" балдар вокалдык тобунун мүчөсү.

Жаңылыктар түрмөгү
0