Жаштыгымды карызга бербейт экен! Жеңишбек Жумакадырдын кеп казынасы

© Фото / Суйун ОткеевАкын Женишбек Жумакадыр
Акын Женишбек Жумакадыр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Бул ирет төкмө акын Жеңишбек Жумакадырдын нускалуу кебин сунуштайбыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!

Жеңишбек Жумакадыр 1977-жылы 9-майда Нарын облусунун Нарын районундагы Эмгекчил айылында туулган. Эмгек жолун 1992-жылы (15 жашында) Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы музыкалык академиялык драма театрында алып баруучу, сатирик болуп баштаган. 1997-жылы Моквадагы Щепкин атындагы жогорку окуу жайга тапшырып, аны 2001-жылы ийгиликтүү бүтүргөн.

Акын Зайырбек Ажыматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жолдор гана түгөнбөйт бул өмүрдө... Зайырбек Ажыматовдун кеп казынасы
2001-жылы КТРКнын алдында ачылган "Учур" телетеатрын түптөөчүлөрүнүн бири. Ал жерден бир нече спектаклдерде роль жаратып, Жалил Садыковдун "Акмөөр" спектаклинде хан Жантайды ойногон. 2002-жылдан 2006-жылга чейин "XXI кылым" радиосунда "Өнөр алды — кызыл тил" берүүсүн алып чыгып турган.

Жеңишбек Жумакадыр КРдин эмгек сиңирген артисти, Жеңижоктун "Кут жылдызы" алтын төш белгисинин алгачкы ээси. 1993-жылдан бери көптөгөн эл аралык жана республикалык айтыштардын жеңүүчүсү болуп келүүдө.

Жеңишбек Жумакадырдын кеп казынасы:

Ушул улуу кыргызымдын мээрими зор мекенине
Кимдер келди?

Үстөк-үстөк азапты үйгөн келди,
Өздөрүндөй өтүгүн илген келди,
Балдарымды өз динден чыгарышкан,
Пачкалаган акчага сугарышкан,
Бурмаланган туура эмес диндер келди.

Жашыңды, карыңды да сугарган
Жинди сууга азгырган жиндер келди.

Касиеттүү мекенимде
Турчу эле го кут жанып,
Урпактарды ойлобостон
Ушунчалык уктадык.

Кагылайын кымыз
жыттуу мекеним,
Бара жатат арак,
түтүн жыттанып.

Айтчы, аталар!

Кычкыл сууну
Кыйбай неге татасың?

Кыдыр салган жолду көрбөй,
Кыйшык неге басасың?

Кыбылага бутту керип,
Кудай берген кутту жерип,
Кесирленип жатасың.

Чыркыраган бул дүйнөдө,
Чындык аз да жалган көп.

Кубаныч аз, арман көп.

Ылайыгы эч келбеген кыргыздардын арасында,
Ырым-жырым андан көп.

***

Каныкейдин баштап кеткен жолу бар,
Кыз Сайкалдын, Курманжандын таштап кеткен жолу бар.

Ушул улуу энелердей боло албай,
Азыр, кыздар, кандай катты шоруңар?

Кыргыз кыздын ыймансызын ким көргөн,
Доллар үчүн көчөлөрдө дене сатып күн көргөн.

Баары турат, эмне жетпейт буларга?

Заманага шылтоо кылат,
Заман эмес, адам пейили бузулган,
Бирөө барбы угаарга,

Же сулуулар алмаштыбы

Кыргызстанды, кыргыздарды, намыс-арды
Беш мүнөттүк кумарга.

***

Буга чейин айтты далай акындар,
Антсе дагы айта турган акым бар.

Кыргыз болуп төрөлгөндөр,
Кыргыз тилин унутууга айтчы кандай акың бар?

Кыргыз туруп орусчалап сүйлөгөн,
Өз баласын орусчалап тилдеген.

Кыргыз туруп кыргыз тилин сүйбөгөн.

Арабызда кыз-уландар жок бекен,
Салам менен "приветтин" айырмасын билбеген.

Чет тилди да үйрөнөлү,
Бирок анын сүйлөй турган жери бар.

Ата-бабам айтып келген,
Ар нерсенин чеги бар.

Айткылачы, кыргыздарым!

Ала-Тоодо кыргыз тилдин
Кай жеринен кеми бар!

Тил кармаган тизгиниңди
Кай тарапка ыргыттың?

Тил жоголсо, билбейсиңби, жоголоорун кыргыздын!

***

Мен түшүндүм, түшүнгүн,
Бакытың экен ушул күн.

Өткөн өмүр кайрылып келбейт экен, түшүндүм,
Жаштыгымды карызга бербейт экен, түшүндүм.

Түгөнбөсө ырыскы,
Аскадан адам учса да өлбөйт экен, түшүндүм.

Топурак суу бириксе ылай экен, түшүндүм,
Ылайдан бизди жараткан Кудай экен, түшүндүм.

Досуң сатса себеби,
Бийлик менен чөнтөктө тыйын экен, түшүндүм.

Атаң тирүү кезинде аска экенсиң,
Эч нерсени тоготпос накта экенсиң.

Атаң өтсө дүйнөдөн,
Бакытың жок жөлөнгөн.

Башка экенсиң, түшүндүм,
Акыл менен кеңешке ачка экенсиң, түшүндүм.

Апаң тирүү кезинде,
Көк асмандай чеги жок
Кең экенсиң, түшүндүм.

Мээримине балкыган көл экенсиң түшүндүм.

Апаң өтсө дүйнөдөн,
Жан дүйнөң какырап чөл экенсиң, түшүндүм.

Жакшы адамдын дүйнөсү күз экенин түшүндүм,
Жамандардын дүйнөсү кыш экенин түшүндүм.

Ыймандуу болсо алганың кут экенин түшүндүм,
Ыймансыз болсо алганың жут экенин түшүндүм.

Ынтымак, тынчтык табылбас ыйык экен, түшүндүм,
Кошунанын акысы бийик экен, түшүндүм

***

Кыйраттым деп эч сүйүнбө оюңда,
Кыйноолордун бакыты бар соңунда.

Чымындай жан кара терге көмүлүп,
Чыныгы сот бир Кудайдын колунда!

Жаңылыктар түрмөгү
0