Түрмөдөгүлөр менен тасмага тартылган Жумадылов. "Айыңдагы" таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

Залкар актер Советбек Жумадыловдун түрмөдөгү сүрөтү 1989-жылы тартылган.

Ал жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти Геннадий Базаров "Айың" тасмасын түрмөдө, психикалык ооруканада тартып, Жумадылов башкы ролду аткарган.

Ошол учурду режиссер, сценарист Базаров мындайча эскерет:

"Сүрөттөгү учур борбор калаадагы түрмөлөрдүн биринде тартылган. Советбек байке актер болсо, жанындагылардын бардыгы жазасын өтөп жаткандар эле. Алар бизди жакшы кабыл алып, эпизодду тартууга сүйүнүп жардам беришкен. Мисалы, башкы каармандын денесине татуировка тартып беришкен. Биз жаза өтөө мекемесинде эки күндөй иштеп, Жумадылов ал жактагы жашоону жакшылап түшүнүү үчүн соттолгондор менен чогуу бир күн түнөп, ашканада бирге тамак-аш ичкен. Керектүү кадрларды тартып кетип баратсак, камактагылар келип тургула деп бизди аябай узаткан. "Айың" тасмасы коомдогу көйгөйдү, адамдык терс сапаттарды чагылдырган эмгек болгондуктан психикалык ооруканада да тартканбыз. Башкы ролдогу Советбек байке ыйлап, таяк жеп, ызаланып, ачууланып ийине жеткире аткарган. Чындыгында ал өтө залкар инсан болгон, эми андай актерлер чыкпайт", — деди Базаров.

"Айыңдын" сюжети боюнча Калман аттуу жигит бирөөнүн айынан соттолуп, жазасын өтөп келгенден кийин дагы бир топ кыйынчылыктарга кабылган. Психикасы жабыркаган келиндин сөзүнө ишенип, анын уурдап кетти делген баласын аман куткарып калууга болгон аракетин жумшайт. Ошондо башкы ролду аткарган Советбек Жумадылов жакындарынан акча, тааныштарынан жардам сурап, көптөрдөн жаман сөз угуп, айрымдарынан таяк жейт. Соңунда аялдын уулу бир нече жыл мурда эле көз жуумп, тааныш-билиши көп, укуругу узун бир аткаминерден өзү да, келин да жабыркап бири түрмөгө, экинчиси психикалык ооруканага түшүп калгандыгын билген.

Аталган тасмада Айтурган Темирова, Жамал Сейдакматова, Гүлсара Ажыбекова, Назира Мамбетова, Мухтар Бахтыгереев, Капар Медетбеков, Ерсаин Телеубаев, Айбарчын Бакирова, Николай Марусич, Жали Шадыбеков, Сабира Күмүшалиева, Юлия Усина да роль жараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0