18:31 06 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8490
  • EUR77.5883
  • RUB1.0962
Народный писатель КР, заслуженный учитель СССР, ветеран Великой Отечественной войны Жунай Мавлянов с супругой

"Силерге эмес, өзүбүзгө жетпейт". Шаханов талашкан Жунай Мавлянов тууралуу 11 факты

© Фото / предоставлено Кларисой Мавляновой
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (323)
63110

Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Жунай Мавлянов тууралуу материалды даярдоого жазуучунун кызы Клариса Мавлянова көмөк көрсөттү.

Мындан тышкары, калемгердин 1993-жылы жазылган “Менин таржымалым” аттуу мемуары пайдаланылды.

Туулган жылына бир жыл коштуруп алган. Жунай Мавлянов Жалал-Абад облусунун Жаңы-Жол (азыркы Аксы) районундагы Кош-Дөбө айылында туулган. “Менин таржымалым” аттуу кол жазмасындагы эскерүүлөргө караганда, Жунай Мавлянов 1924-жылы туулган. Жылы — чычкан. Бирок документтеринде 1923-жыл болуп көрсөтүлгөн. Жазуучу "ошол кездеги жаштардын көбү сыяктуу эле мен дагы комсомолго тезирээк өтүш үчүн бир жыл кошуп алганмын” деген.

Билим алууга ынтызарлыгы. Ал мезгилдеги бардык айыл-кыштак балдарындай эле болочок жазуучу мектепке кечигип кирип, тогуз жашынан тарта окуй баштаган. Өзүнүн кичинекей кыштагында мектеп болбогондуктан, беш чакырымча жердеги башталгыч мектепке төрт жыл жөө каттап окуйт. Андан кийин райондун борборундагы интернаты бар орто мектептен төрт жыл билим алат. Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайына кирип, 2-курс үчүн экзамен тапшырып аны да бүтөт. Ошол сессияда жүргөнүндө согуш башталат.

Арадан Жалал-Абадда ачылган мугалимдер институтун (мурдагы педагогикалык окуу жайынын акыркы курсун согуштан кийин экстерн менен бүткөн эле) артыкчылык диплому менен бүтөт. Ошол эле жылы Фрунзедеги пединституттун үчүнчү курсу үчүн экзамен тапшырып, аны 1952-жылы ийгиликтүү аяктаган. 1961-63-жылдарда Москвадагы Максим Горький атындагы Жогорку адабий курсту жалаң “бешке” окуп, бүтүрүп келген. 

Народный писатель КР, заслуженный учитель СССР, ветеран Великой Отечественной войны Жунай Мавлянов на заседании
© Фото / предоставлено Кларисой Мавляновой
Народный писатель КР Жунай Мавлянов

Агартуу тармагына ат көтөргүс салым кошкон. Жунай Мавляновдун мугалимдик иши согуштун башталышына туш келген. Адегенде райондун Авлетим айылындагы жети жылдык мектепте иштеп, жарым жылдан кийин өз айылына которулат. Согушка  1942-жылы кетип, 1944-жылы оор жарадар болуп келип, кайрадан согуштун алдында жети жылдыкка айланган мектепте иштей баштайт. Жарым жылча окуу бөлүмүнүн башчысы, анан директор болот.

“Бир кезде төрт жыл жөө каттап окуган мектебиме эми он бир жыл атчан каттап иштедим. Бул мезгилдин ичинде колхоздордун күчү менен (сельсоветтеги жалгыз жети жылдык мектеп болгондуктан ага беш колхоздон тең балдар келип окушчу) мектептин жаңы имаратын тургузууга жетиштим. 1951-жылы демилгем жана аракетим менен мектебибиз он жылдыкка айланды. Менин сунушум боюнча ага улуу Максим Горькийдин аты ыйгарылды. Ошону менен мен биринчи жолу көркөм сөз дүйнөсүнө, аны жаратуучуларга бала кезден келе жаткан ыкласмандуулугумду билдирип калгансыдым”, — деп эскерет ал мемуарында.

1955-жылы Мавляновду райондун борборундагы орус-кыргыз орто мектебине директор кылып которушат. 1956-жылы ошол өзү директор болуп иштеген Таш-Дөбө орто мектебинин базасында облустук биринчи мектеп-интернаты ачылат да, ага директор болуп калат.

Өмүрү жалаң эмгек менен өткөн жазуучу өзүнүн ары түйшүктүү, ары сыймыктуу, бай иш тажрыйбасы тууралуу аталган мемуарында төмөнкүчө жазып калтырган:

“Менин 47 жылдык эмгек стажымдын 42 жылы бир системада — эл агартуу системасында өттү. 1966-71-жылдарда гана Кыргызстан Жазуучулар союзунун секретары болуп иштедим. Бирок аны деле негизги кесибиме ыйгарып жүрөм. Ал эми көп жылга созулган педагогикалык ишимден Караван мектеп-интернатында өткөргөн он жылымды өзгөчө жылдар деп эсептеп жүрөм. Буга негиз: мектеп-интернат дегенде согуш маалында томолой жана жарым жетим калгандар тарбияланышкан. Алар областтын бардык райондорунан, шаарларынан келгендер эле. Жети жаштан тартып кабыл алынган. Үч жүздөн ашык балдар жана кыздар. Демек, үч жүздөн ашык тагдыр... Ал тагдырлар кийин «Менин күндөлүгүм» деген бир повестке, «Жаңы таң» деген романга араң батты.

Он жыл ичинде балдар үчүн үч кабат бир жатакананы, мугалимдер үчүн эки кабаттуу үч үйдү, эки кабат окуу корпусун, жаңы ашкана, мончо, кампаларды, кир жуучу жана башка күндөлүк турмуш-тиричиликке керектүү жайларды курууга жетиштик. Балдарды окуу менен кошо эмгек жагынан тарбиялаш үчүн кыздарга ондон ашык тепме машинасы бар тигүү мастерскоюн, балдарга буюм-терим жасоого ылайыкташтырылган темир жана жыгачты иштетүүчү бир нече станогу бар жыгач, темир устаканаларын уюштурдук. 11 гектар жерге алма багын өстүрдүк. Мал күттүк. 75 гектар жерди иштеттик. Жайында тарбиялануучулар эс алыш үчүн райондогу эң кооз жерлердин бири болуп эсептелген Пача-Атадагы чоң суунун боюна жайкы лагерь курдук”.

Он жети жыл башкы редактор болгон. Жунай Мавлянов 17 жыл, тагыраак айтканда, 1971-88-жылдары «Мугалимдер газетасынын» башкы редактору болуп иштейт.

Фронтовик жазуучу. Көпчүлүк акын-жазуучулардай эле Жунай Мавлянов дагы алгач калемин ыр жазып сынап көргөн. «Жүрөгүм», «Аркыт гүлдөрү», «Мөл булак» аттуу үч ыр жыйнагы чыккандан кийин кара сөзгө өтүп, 50 жылга жакын убакыт аралыгында 20га жакын китептин автору болгон. Алардын ичинде төрт романы («Ачык асман», «Бийиктик», «Жаңы таң», «Кайрымсыз жылдар»), 15ке жакын повесть жана аңгемелери («Бекиш, сага эмне болду?», «Күтүү», «Менин күндөлүгүм», «Келе, колуңду», «Чагылган», «Нан», «Турмуш, «Эне», «Мен жана айылдаштарым», “Аваз”, “Жалгыз бутактуу арча” жана башка), адабий макалалары, публицистикалары бар.

«Ачык асман», «Бийиктик», «Жаңы таң» аттуу үч романы жана аңгеме, повесттеринин жыйнактары Москвадан орус тилинде жарык көргөн. «Ачык асман» романы тажик тилине которулуп, өзбек тилинде повести чыккан. Айрым чыгармалары украин, казак, француз, немис, англис, ж.б. тилдерге которулган. Жазуучу калемин котормо жаатында да сынап көргөн. Ал Барадий Мунгуновдун "Кара шамал" повестин жана Василий Сухомлинскийдин "Балама кат" аттуу китебин кыргыз тилине которгон.

Эрте үйлөнгөн. Жубайы Алпейим менен ата-энесинин айтуусу боюнча баш кошкон. Ал күйөөсүнүн бала-бакыралуу болгондон кийин окушуна жана чыгармачылыгына зарыл шарттарды түзүп берген. Азыр уул-кыздары, небере-чөбөрөлөрү жогорку окуу жайларынан билим алып, ар түрдүү кызматтарда иштеп жүрүшөт. 

Народный писатель КР, заслуженный учитель СССР, ветеран Великой Отечественной войны Жунай Мавлянов
© Фото / предоставлено Кларисой Мавляновой
Народный писатель КР Жунай Мавлянов

Канат-бутагы жайылган бүлө. Ата-энеси көп перзенттүү болушуптур. Бирок туруп калганы алтоо экен: төрт уул (Темиркул, Субанкул, Жунай, Абиш), эки кыз (Каныкей, Бүзайнап).

"Апабыздын кайратына таазим этип келебиз. Анысын Субанкул экөөбүздү кан майданга көз жаш чыгарбай узатканында, анан акебиз каза болгондо байкадык. Жашыктыкты, жүүнү боштукту ал жаман көрүп өттү өмүрүнүн акырына чейин. Акебиз 1946-жылы 63 жаш курагында катуу оорудан көз жумду. Төшөктө жатканда: «Кап! Жараткандан азыраак сураган экенмин да», — деп анын башы-көзүн, колу-бутун ушалап кашында отурган апабызга айтканы алиге чейин биздин кулагыбызда. Андай арманынын себебин апабыздан кийин уктук. Көрсө, «Субашым менен Жунашым согуштан аман-эсен келип калышса, ошол күнү бул дүйнө менен кош айтышсам да ыраазы элем» деп жүргөн тура жарыктык. Апабыз 88 жыл өмүр сүрдү. Ошондуктан акебизге толук көрсөтө албай калган перзенттик кызматыбызды апабызга кошо көрсөтүп калууга аракеттендик", - деп жазат.

Сыйлык-наамдары. Жунай Мавляновдун мугалимдик жана жазуучулук эмгеги эл тарабынан да, мамлекет тарабынан да жогору бааланган. «Ардак белгиси», Эмгек Кызыл Туу ордени, Республиканын Жогорку Советинин Грамотасы менен сыйланган. “СССРдин эл агартуу отличниги”, “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими” деген ардак наамдарга ээ болгон. Улуу Ата мекендик согуштун биринчи даражадагы ордени жана бир нече медалдар менен сыйланган. Улуттук адабиятыбызга сиңирген эмгеги «Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу» деген жогорку наамга татыды. Кыргыз Республикасынын II даражадагы “Манас” ордени жана “Даңк” медалы менен сыйланган.

“Мынау карыяңарды бизге берсеңдерши”. Замандаштары Жунай Мавляновдун сылык-сыпаа, салабаттуу, мырза киши болгонун эскеришет.

“Кыргыз журтчулугунун ардактуу төрүн Жунай акесиз элестетүү мүмкүн эмес. Анын тунук акылы, келишимдүү келбети, сүйлөгөн сөзү, бардыгы тең кайсы гана улут болбосун суктана жана кызгана тургандай бар эле. Кызганат деп бекер айтып жатканым жок. Бир мерте чоң чогулушта Жунай аке сүйлөп атса, жанымда отурган досум, казак-кыргыз акыны Мухтар Шаханов: «Ой бай ой, мынау карыяңар керемет экен гой. Бизге берсеңдерши», — дейт. “Сендерге эмес, өзүбүзгө жетпей жатыр мындай адамдар”, — деп кадимкидей кызганганым эсимде. Ошол бир көргөндөн кийин Мухтар Шаханов Жунай акеге жакындап таанышып, кыйла жакшы мамиледе жүрүшөт”, — деп Казат Акматовдун эскерген жайы бар.

Чет өлкөлүктөрдүн сыйлуу коногу болгон. Жунай Мавлянов 1995-жылы 5-8-май күндөрү Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 50 жылдыгын майрамдоо үчүн ошол кездеги президент Аскар Акаев менен бирге Франциянын президенти Франсуа Миттеран жана Англиянын ханышасы Елизаветанын чакыруусу менен Лондон жана Париж шаарларында майрамдык иш-чараларда болгон. Андан кийин 9-майда Россиянын президенти Борис Ельциндин чакыруусу менен Москва шаарындагы Жеңиш парадына катышкан.

Ысымы лицей-интернатка берилген. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, жазуучу жана агартуучунун аты Бишкек шаарында көчөлөрдүн бирине коюлган. Ошондой эле Аксы районунун Кербен шаарындагы лицей-интернатка ысымы берилген.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (323)

Тема боюнча

Алгачкы кыргыз профессору. Касым Тыныстанов тууралуу 8 факты
Өлкөнү кыйроодон сактап калган. Турдакун Усубалиев тууралуу айтылбаган 10 факты
Белгилер:
факты, роман, чыгармачылык, Мухтар Ауэзов, Аксы, мемуар

ЭҢ МААНИЛҮҮ