19:21 06 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8490
  • EUR77.5883
  • RUB1.0962
Кыргызстандын эл жазуучусу Казат Акматовду акыркы сапарга узатуу. Архив

Мезгилинен эрте чыккан роман. Казат Акматовдун "Мезгили" тууралуу 8 факты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (323)
271 0 0

Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинде иштеп жүрүп, ошол партиянын идеологиясына ылайык келбеген чуулуу чыгармаларды жазган Казат Акматов "Мезгил" романы менен ичинен курт жегендей бошоп келе жаткан тоталитардык коомдун көшөгөсүн сыйрып көрсөткөн.

Биз бүгүн Казат Акматовдун ошол романы тууралуу 8 факт сунуштайбыз.

Народный писатель Казат Акматов. Архивное фото
Абдыкерим Муратов
Жазуучу Казат Акматов

Казат Акматов — кара сөздүн чебери жана драмачы. Жазуучу "Боз улан" деген аңгемелер жана повесттер жыйнагы менен адабиятка өз стили, өз көз карашы менен кирип, адегенде "Мунабия", "Эки сап өмүр", "Ала-Тоо кары", "Ыйык журт" деген аңгеме-повесттер жыйнактарын, андан соң "Күндү айланган жылдар", "Мезгил", "Архат", "Эрика Клаустун 13 кадамы" романдарын, "Адамдар, окуялар" деген мемуарын, "Ажырашуу түнү", "Авария", "Азаттыгым — арманым" пьесаларын жазып, улуттук адабиятка ак кызмат кылды.

"Мезгил" романынын жазылыш жана жарыяланыш тарыхы. "Мезгил" романы 1979-жылы Фрунзеде "Кыргызстан" басмасынан жарык көргөн. Ал кыргыз совет адабиятынын аябай гүлдөө дооруна, мамлекет китептерди чыгарып, элге жеткирүүгө кам көргөн доорго туш келди. Романдын көтөргөн проблемалары курчтугунан улам айрымдар "Мезгилинен эрте чыгып калган "Мезгил" романы" деп тамашага алып да жүрдү.

Жарык көргөндөн кийин катуу сынга кабылган роман. "Мезгил" романы Кыргызстан Компартиясынын ХII (1983) пленумунда идеялык жактан коомго жат, профессионалдык жактан начар жазылган, автордун таптык позициясы туура эмес, эл достугуна шек келтирген чыгарма деп бааланып, партиялык газетада катуу сынга кабылат. Мындай сын угуунун себеби — ХХ кылымдын 30-жылдарындагы окуяларды сүрөттөп жатып ретроспекцияларда 1916-жылдагы Үркүн окуясынын чыныгы жүзүн ачып бергендигинде эле. Колхоз куруу, башка элдер алып келген айгырларды (Маркони, Силач) жергиликтүү жылкылар менен аргындаштыруу жараянынын артында чыгармада Шатман ажынын ак жеринен абакка айдалышы, "Долоноту" айылынын төрагасы Табылды Коенкөзовдун "эл душманы" аталышы сыяктуу советтик идеология үчүн тымызын коюлган "бомбалар" бар эле.

Тарыхый доордун катаал чындыгы. Коллективдештирүү — совет адабиятында эң кеңири чагылдырылган тема. Михаил Шолоховдун "Тынч Дон" сыяктуу көп кырдуу, көп сырдуу, совет адабиятына 1965-жылы Нобель сыйлыгын алып келген атактуу эпопеясы да ушул темада жазылган. Казат Акматовдун "Мезгили" — татаал мезгилди, кыргыз жериндеги жеке менчикти талкалап, анын ордуна жамаатташкан чарбаларды куруу мезгилин чагылдырган роман-символ болуу менен жазуучу анда коркпой-үркпөй турмуш чындыгын башкаларга салыштырмалуу бир кыйла реалдуу чагылдырууга аракет кылган. Мындагы эң башкы нерсе — жаңы менен эски көз караштын, идеялардын кагылышы көркөм образдардын күчү менен терең ачылгандыгында.

Мындан тышкары, романда кыргыз улутунун жаңы коомдогу, жаңы мамлекеттеги, башка тилдеги, башка диндеги элге кошулгандагы абалы аябай трагедиялуу берилген. Өзгөчө манасчынын, "Манас" дастанынын, кыргыз салттарынын тагдыры өкүнөрлүк абалда көрсөтүлөт.

Кайра куруунун, жаңылануунун жарыгы тийди. Роман 1983-жылы катуу соккуга кабылган кезде Москвада тоталитардык социализмдин чынжырлары бошой баштаган, партиянын идеологиясы менен саясаты сайда санын таппай жаткан. Ошон үчүн роман да партиялык чечимге карабай, көптөгөн жазуучулар, алардын ичинде Түгөлбай Сыдыкбеков, Чыңгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбеков, адабиятчылар, алардын арасында Кеңешбек Асаналиев, Камбаралы Бобулов, Абдыганы Эркебаевдер тарабынан колдоого алынып, чыгарманы ар тараптан мактап, талдаган макалалар жазылган. 1988-жылы орус тилинде китеп болуп чыгып, жалпы союздук окурмандар да ыраазы болгон пикирлерин билдирген. Кезегинде республикалык Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлүп, бирок ички интригалардан улам сыйлык берилбей калган. Казат Акматов да партиялык билетин тапшырып, КДК (Кыргызстан Демократиялык Кыймылы) деген уюм түзүп, анын башында турду.

Романдын эки түйүнү. Бул тууралуу сынчы Кеңешбек Асаналиев мындай жазат: "...романдын эки түйүнү бар: биринчиси - кыргыз аялы Кызтуубастын; экинчиси - орус адамы Емельян Красиндин тагдырына байланыштуу. Ал эми жаңыдан уюштурулган "Прогресс" совхозунда беш жыл ичиндеги бүркөк күндөр, ачуу төгүлгөн көз жаштар, ар түрдүү адамдардын ар түркүн тагдыры, Кошой Аламанов жана Шатмандын, Бекнияз менен Зейнептин, Сары чал жана бала Күлчоронун өмүр машакаттары ушул түйүнгө келип кошулат, же ушул түйүндөн ажырайт". Чыгармада мына ушул түйүндөрдүн арасында Санташ менен Уландын Ысык-Көлдү талашышы тууралуу уламыш, Кош-Терек, Күкүк-Зейнеп, Умай эне аңыздары да эби менен киргизилип, романдын сюжеттик-композициялык түзүмүнө сиңип, көркөм образдарды толуктап турат. Чыгармада доор карама-каршылыгы сыяктуу эле адамдардын ички дүйнөсүндөгү дүрбөлөң, терең драматизм, психологизм таамай берилет. Ушундай татаал учурдун элесин берүүдө автор айрым учурда тексттерин ыр сыяктуу поэтикалуу түзөт. Өзгөчө саяпкерлик, ат жарыштыруу эпизоддору эпикалык дастандардай көтөрүңкү романтикалык стилде сүрөттөлөт.

"Мезгил" башка романдарга жол ачты. Бул тууралуу жазуучу Акбар Рыскулов мындай дейт: "Окурмандарга эң таанымал болгон романы "Мезгил" романы. Ал социалисттик реализм учурунда жаралган роман. Бирок ошондогу чындыкты, совет бийлигинин алгачкы жылдарындагы кыргыз элинин турмушунда болгон чындыкты айткан. Штамптык образдар менен эмес, жандуу образдарды түзгөн эле. Ошол романы менен Казат Акматовдун адабияттагы аброю, кадыр-баркы жогорулаган болчу. Ал өмүрүндө көп чыгарма жазды. Бирок "Мезгил" романы менен биздин күндөрдө жазылган соңку "Архат" романын салыштырып айтсак болот. Дал ушул кезде дагы тек гана кыргыздын тагдырын эмес, глобалдык доордогу адам кандай болушу керек деген маселени талкууга алды. "Мезгил" менен "Архаттын" ортосундагы чоң аралыкта Казат Акматов өмүрүн ак жашады, адабиятка ак кызмат өтөдү".

Роман киного айланды. 1986-жылы "Мезгил" романынын негизинде "Гибель во имя рождения" ("Жаралуу үчүн жан берүү") аттуу фильмдин сценарийин жазып, режиссёр Жали Сооданбек тарабынан кино тартылган.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (323)

Тема боюнча

Алгачкы кыргыз профессору. Касым Тыныстанов тууралуу 8 факты
Аскадан угулган колуктунун ыйы... "Тоолор кулаганда" романы тууралуу 13 факты
Белгилер:
кыргыз адабияты, Казат Акматов, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ