18:44 06 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8490
  • EUR77.5883
  • RUB1.0962
Блокнотко жазуу. Архивдик сүрөт

Өкүл атасы Мидинге кат жазып... Байдылда Сарногоев тууралуу 9 факты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (323)
985 0 0

Байдылда Сарногоев ар дайым агымга каршы сүзгөн карапайым калктын акыны болгон. "Мен киммин? Мен бир акын жаман сары, колунда койкоңдогон калам сабы" бул саптар анын чыныгы элдик инсан экиндигин көрсөтүп турат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги туптуура 15 жыл мурун дүйнөдөн кайткан улуу талант тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Кыйын күндөрдүн тарбиясын көргөн. Байдылда Сарногоев Талас облусунун Талас районуна караштуу Буденовка айылында 1932-жылы карапайым үй-бүлөдө туулган. Балалыгы жокчулук күчөп турган оор мезгилге туш келген. Ал аз келгенсип, ата-энеси катары менен көз жумуп 15 жашында жетим калат. Бирок жашоосундагы мындай азаптуу күндөр жаш баланын акындык шыгын ойготууга чөң өбөлгө болот. Кичинекей кезинен тарта эле элдик фольклордук чыгармалардын курчоосунда өсөт. Эсенаман, Чоңду, Эшмамбет, Жеңижок акындардын ырларын угуп, "Эр Төштүк", Кедейкан" сыяктуу дастандар колунан түшпөйт. Мындан улам 13 жашында калем кармап алгачкы ырларын жаза баштайт. Алар райондук гезит беттерине чейин чыгат. Ыр жазуу менен гана чектелип калбай, 1946-жылы өнөрпоздордун облустук сынагында комузун көтөрүп чыгып жамактатып ырдап берет. Ошентип эл арасында жаш акын гана эмес, ырчы катары да тааныла баштайт.

Алптардын арасындагы жаш акын. Байдылда Сарногоев жашы 15тен жаңы гана өткөндө өзү топтогон анча-мынча каражаты менен Жамбыл шаарына аттанат. Бирок бул жерде көпкө турбай дароо эле Фрунзени көздөй жол тартат. Шаарга жаңы келген айылдык бала атын алыстан уккан акындар менен жолугууну көздөп Жазуучулар союзуна барат. Ичине кирүүдөн тартынып көчөдө өзү жалгыз турган баланы жазуучу Аалы Токомбаев байкап калат. Жанына чакырып жакындан таанышып, жазган ырларын угат. Анын чыгармалары Токомбаевдин купулуна толуп, келечеги кең акын экендигин ошондо эле байкайт да, барар жери жок көчөдө калган жигитти үйүнө ээрчитип келет. Акын ал жерде жуунуп-тазаланып, курсагын тойгузуп, үч-төрт күн жашайт. Андан соң шаардагы абройлуу деп эсептелген мектеп-интернатка окууга өтөт. Жаңы окуу жайга 6-класстан отурган Сарногоев математика сыяктуу так илимдерден кыйналганы менен адабиятка келгенде камчы салдырбайт. Окуучулук кезинде элге таанылган акындардын чөйрөсүнө аралашып, ырларын угуп, кеңешин алууга жетишет. Алардын арасында Алыкул Осмонов сыяктуу алп талант менен жакшы ымалада болгонун Сарногоев өзү да сыймыктана айтчу экен. Ал Осмонов жөнүндө жазган "Эки өмүрлүү акын" макаласында улуу акындын "Мен да сендей жетим болуп чоңойгом, балдар үйүндө тарбиялангам" деп жан тартып, үйүнө коноктоп, чыгармачылык сырлары менен бөлүшкөнүн эскерген. 

Москвадагы карапайым жигит. Байдылда Сарногоев 1951-жылы мектепти бүтүргөн соң Аалы Токомбаев Жазуучулар союзунун атынан Москвадагы Адабият институтуна жолдомо берилүүсүнө өбөлгө болот. Ошентип өз мекенинен четке чыкпаган бала дагы бир болочоктогу жазуучу Сооронбай Жусуев менен бир купеде Москвага аттанат. Бирок карапайым кыргыз жигиттердин бөтөн жерге көнүшүүсү оңой болбойт. Чоң шаарда окуу, жашоо алгач бир топ эле кыйынчылыктарды туудурат. Ал аз келгенсип, жатаканасы да шаардан бир нече чакырым алыс жайгашкан эле. Жердеш-туугандардан узакта калган студент жегенге тамагы жок ачка калган күндөрдү да башынан өткөрөт. Ошентсе да алдына билимдүү болом деген максат койгон тырышчаак бала болгон аракетин жумшап, оорчулуктун баарын жеңип чыгат. Москвада орус жана дүйнөлүк поэзия менен жакындан таанышып, көрүнүктүү акындардын колунан билим алат. Убакыт өткөн сайын чыгармалары гезит беттерине чыгып, аз да болсо гонорар алып жүргөн-турганына каражат таба баштайт. Ошондой эле Фрунзеден барган аттуу-баштуу жазуучулар да ага жолугуп, жардам берип турушат. Жогорку окуу жайда беш жыл окуган соң 1956-жылы дипломун колуна алат.

Удаа чыккан жыйнактар. Байылда Сарногоев жогорку окуу жайды аяктап, мекенине кайтып келери менен "Ала-Тоо" журналынын редакциясында бөлүм башчы болуп иштей баштайт. Ушул убактан баштап чыгармачылыкка чындап киришет. Ага чейин эле удаасы менен бир нече ырлар жыйнагы жарык көрүп, элге аты жайыла баштаган эле. Элдик поэзиядан таасирленген биринчи китеби "Шумкар" 1952-жылы Аалы Токомбаевдин көмөгү менен басылат. Негизги темасын согуш башка салган азап, элди тынчтыкка үндөө түзгөн эмгек акындын адабий чөйрөдө көзгө көрүнүүсүнө шарт түзөт. Экинчи жыйнагы "Досторума" 1955-жылы чыгаары менен адабий чөйрөдө зор кызыгууну жаратат. Бул китепте акындын чыгармачылык өсүүсү, ырларындагы идеялык, көркөмдүк, формалык өнүгүүлөр байкалат. Чыгармачылыгы өз нугуна түшкөндөн кийин "Бала мерген", "Баяс", "Жокен" сыяктуу китептери жарык көрөт.

Обонго түшкөн ырлар. Байдылда Сарногоев үчүн 1960-1970-жылдар чыгармачылык жактан жемиштүү мезгил болду. 15 жылга жакын убакыт Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында адабий кеңешчи катары кызмат кылат. 1961-жылы чыккан "Ак калпак" ырлар жыйнагы чоң ийгилик алып келет. Анда акындын эмгектеринин өзөгүн түзгөн улуттук темалар менен жашоо философиясы айкалышкан ырлар жарык көрөт. Ага кошумча бул аралыкта сатира жана юмордун элементтери колдонулган тамашалуу чыгармаларды жаза баштайт. Ошондой эле Сарногоевдин ырларынын дагы бир өзгөчөлүгү — музыкалык ыргакка ыңгайлуу болгондугунда. Ушул кезге чейин анын 50гө жакын чыгармасына обон чыккан. Сөзү ага таандык "Жайдын бир түнү", "Музыка", "Дилбар", "Жылкычы бозой", "Ак чыны" ырлары азыркыга чейин ырдалып келет.

Элди тандаган акын. "Мен бир гана кыргыз деген бүтпөс темада ыр жазам" деген акын чыгармачылыгындагы алгачкы жылдарынан тарта эле улуттук мүнөз, салт-санаа мазмунундагы ырларды жазган. Мындан улам аны эски заманды мактайт деп сындагандар да көп болгон. Акын чындыгында эле көпчүлүктүн агымына кошулуп бийликти, системаны жактабай, ар дайым жөнөкөй калктын жанында жүргөн. Мындан улам 1974-жылы "Тандалган чыгармалары" чыккандан кийин он жылга жакын адабий чөйрөдөн четтеп калат. Бирок анын талантын эл унуткан эмес. Мунун бир өрнөгү 1986-жылы элүү жаш курагына арналган "Ашуудан берген отчетум" поэтикалык жыйнагы. Китеп дароо эле адабиятта өз ордун таап, эл сүймөнчүгүнө айланат. Советтер Союзу таркоо алдында турган маалда китептер дээрлик сатылбай калган эле. Бирок "Ашуудан берген отчетум" сыясы кургай электе элге тарап, басмаканалар дароо экинчисин жарыкка чыгарышат. Жыйнак Жазуучулар союзунун Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгына татыктуу болот.

Байдылда жана Мидин. Байдылда Сарногоевдин акын Мидин Алыбаев менен болгон өзгөчө мамилеси көпчүлүккө маалым. Экөөнүн арасындагы ага-инилик мамиле убакыт өтүп чыныгы достукка айланган. Ал тургай акын үйлөнгөн кезинде Мидин менен жубайын өкүл ата, өкүл эне кылган. Сарногоев Алыбаев менен Фрунзеде мектепте окуп жүргөн кезинде таанышкан. Алардын достук мамилесинен сырткары чыгармачылыгы да окшош эле. Экөө тең жайдары лиризм, чыныгы кыргыздык, элдик касиет, сатиралык ырларды чыгарышкан. Сарногоев атайын "агасына" арнап айтылуу "Мидинге кат" ырын жазган. "Билинбей кетти кабарың, Мидике кандай абалың? Бир топ жыл бирге татканбыз, Бул жактын тамак-шарабын, Бир жүргөн кезди эстесем, Бүркөлөт ачык кабагым. Башта бар дечи бир өлүм… Бардыгын жакшы билемин" деген ыр саптарын камтыган ырдын чыныгы мааниси өтө олуттуу. Адабий сынчылар чын-чынына келгенде Сарногоевдин бул ырды "Мидинге" деген ат менен өзүнө жазганын, жашоосун басып өткөн жолун эскергенин айтышат. Сарногоевдин жубайы гезитке берген маектеринин биринде Мидин тууралуу "Ал күн сайын идишин көтөрүп "сүт алып келейин" деп үйүнөн чыгып кетет экен. Бирок түз эле биздикине келчү. Жолдошум экөө кечке чейин ичимдик ичишет эле. Анан Мидин кызып калганда же сүтү, же идиши жок үйүнө жөнөчү" деп эскерген жайы бар. 

Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин архивдик сурөтү
© Фото / из личного архива Шайлообека Дуйшеева
Жарым кылымдык жары. Байдылда Сарногоев жубайы Зина менен Москвадан жаңы кайтып, "Ала-Тоо" журналында иштеп жүргөн кезинде таанышкан. Ал убакта жашы 20дан жаңы өткөн болочоктогу жары Кыз-келиндер институтунда акыркы курста окучу. Эки жаш бир нече убакыт сүйлөшүп жүргөн соң 1958-жылы баш кошушат. 45 жыл чогуу түтүн булаткан түгөйлөр Гүлсана, Карлыгач аттуу кыздарды, Баястан, Бактыяр, Бакай аттуу уулдарды тарбиялап өстүрүшкөн. Кесиби боюнча режиссер болгон тун кызы Гүлсана кезинде Төлөмүш Океевдин жардамчысы болуп иштеген. Азыркы учурда Италиядагы жергиликтүү телеканалдардын биринде кызмат кылат. Байдылда Сарногоев өмүрүнүн акыркы жылдарында оору менен алпурушуп, чыгармачылыкка анчалык көңүл бура алган эмес. Акын 2004-жылы 20-ноябрда 72 жаш курагында узакка созулган дарттан улам каза болгон. Анын сөөгү "Ала-Арча" мүрзөсүнө коюлган.

Сыйлыктары. Байдылда Сарногоевдин кыргыз адабиятына кошкон салымы өз убагында жетиштүү баасын ала албаса да, өлкө эгемендүүлүгүн алгандан кийин эске алынган. Акын 1951-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынып, "Эмгектеги артыкчылыгы үчүн" сыйлыгы, "В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылы", "Каарман эмгеги үчүн" медалдары, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган. 1991-жылы “Кыргыз Республикасынын Эл акыны» ардактуу наамы берилген. 1996-жылы казак жана кыргыз элдеринин салттарын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Казакстандын эл аралык "Алтын көпүрө" сыйлыгы ыйгарылган. 2000-жылы "Байдылда" аттуу жыйнагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыган. 2002-жылы I даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (323)

Тема боюнча

Касымалы Жантөшевдин "Каныбек" романы тууралуу жети факты
Байдылда Сарногоев — өмүр баяны
Белгилер:
факты, маданият, адабият, китеп, ыр, акын, Байдылда Сарногоев

ЭҢ МААНИЛҮҮ