Чокморов режиссер Шамшиевди алдап кеткенде. "Караш-Караш окуясы" кантип тартылган

© Фото / Госархив КР"Караш-Караш окуясы" фильмин тартуу учуру. Архив
Караш-Караш окуясы фильмин тартуу учуру. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
17-ноябрда — кыргыз кино тармагы кесиптик майрамын белгилейт. 51 жыл мурда ВГИКтин бүтүрүүчүсү, 26 жаштагы режиссер Болот Шамшиев даңазалуу казак жазуучусу Мухтар Ауэзовдун "Караш ашуусундагы окуя" аттуу чыгармасынын негизинде көркөм тасма тарткан.

Шамшиевдин бул чыгармасы СССРде жана чет өлкөлөрдө Советтик Кыргызстандын даңкын чыгарды. Фильмде алгачкы жолу башкы каармандын ролуна тартылган Сүймөнкул Чокморов кыргыз жана казак элинин сүйүктүү артистине айланды. Бүгүнкүгө дейре бул фильм актуалдуулугун жоготкон жок. Колумнист Алмаз Батилов режиссер Болот Шамшиев менен "Караш-Караш окуясы" фильминин тартылышы тууралуу маектешкен.

© Sputnik / Табылды КадырбековБолот Шамшиев: "Караш-Караш окуясы" элдин купулуна толгон фильм болду. Тасмага көркөм жетекчи болгон Шакен Айманов менен "Казакфильмдин" төрагасы Камал Исмаилов фильмдин чыгышына каршы болушту. Исмаилов улутчул маанайда тартылган фильм деген пикирин жазып, Москвага жиберген. Ошол учурда Чыңгыз Айтматовдун жардамы менен Айманов тасманы кабыл алууга макулдугун берди.
Чокморов режиссер Шамшиевди алдап кеткенде. Караш-Караш окуясы кантип тартылган - Sputnik Кыргызстан
Болот Шамшиев: "Караш-Караш окуясы" элдин купулуна толгон фильм болду. Тасмага көркөм жетекчи болгон Шакен Айманов менен "Казакфильмдин" төрагасы Камал Исмаилов фильмдин чыгышына каршы болушту. Исмаилов улутчул маанайда тартылган фильм деген пикирин жазып, Москвага жиберген. Ошол учурда Чыңгыз Айтматовдун жардамы менен Айманов тасманы кабыл алууга макулдугун берди.

— "Караш-Караш окуясы" фильмин тартуу идеясы кандай жаралган?

— 1967-жылы СССРдин мамлекеттик кино тармагынын башкы редактору Геннадий Сурков Орто Азия республикаларынын кино тармагын текшерип, бул максатта Фрунзеге да келген. Ал убакта жумушсуз үйдө отуруп калгам. Мени Сурков атайын издеп, таптырган. Жолукканда эмне үчүн бош жатканыма кызыкты. Мен фильм тартканга уруксат бербей жатканы тууралуу айтсам, Сурков уруксат алып берерин айтып, кайсы чыгарма боюнча фильм тарта турганымды сурады. Жолугушууга чейин үч күн мурда Мухтар Ауэзовдун "Караш-Караш окуясы" чыгармасын жаңы эле окуп чыккам. Ошону айттым. Сурков СССРде белгилүү адабий критик болчу, колдоду. Анын буйругунун негизинде "Кыргызфильмдин" башкы редактору мени менен фильмди тартуу жөнүндө келишим түздү. Бир айдын ичинде сценарий жазып, жетекчиликке көрсөттүм, жактырышты. Андан кийин Москвага алып барсам, ал жак да колдоп берди. Бирок бир аз убакыттан кийин Сурков катуу ооруп жумуштан кетүүгө аргасыз болду. Анын ордуна келген жаңы редактор менин сценарийимди көрүп кетенчиктей баштады. Анткени 1965-жылы белгилүү кинорежиссер Андрей Кончаловскийдин Чыңгыз Айтматовдун "Биринчи мугалим" чыгармасынын негизинде тартылган көркөм тасмасы кыргыз интеллигенциясынын нааразылыгын жараткан. Мындан улам мен тарта турган фильм казак интеллигенциясынын арасында терс көз карашты жаратышы мүмкүн деп чочулады окшойт. Адегенде бул сценарийди "Казакфильмдин" жетекчилигине көрсөтүп, макулдугун алуу керектигин айтып, мени Алма-Атага жөнөттү. Ак жактагылар жакшы кабыл алышкан жок. Азыр да эсимде, "Казакфильмдин" кызматкери Токол Бейбутов: "Сен кимсиң деги? Билесиңби, Мухтар Омарханович улуу жазуучу. Ушул чыгарманы ал жыйырма алты жашында жазган", — деп сөөмөйүн өйдө көтөрүп сүйлөдү. Мен ага кырк жыл мурда 26 жаштагы Ауэзов "Караш ашуусундагы окуясын" жазса, азыр мен да 26да экенимди айтып, каяша сүйлөдүм (күлүп). Ушул повесть боюнча белгилүү казак кинорижессеру Мажит Бегалин көркөм тасма тартам деп жүргөнүн айтышты. Ошентсе да натыйжада мага "Казакфильм" бул тасманы тартканга макулдугун бир шарт менен беришти. Фильмдин көркөм жетекчилигине белгилүү режиссер Шакен Аймановду дайындашты.

© Sputnik / А. Абдыгулов / Медиабанкка өтүүШамшиев: "Караш-Караш окуясынын" сценарийи Мухтар Ауэзовдун "Караш ашуусундагы окуя" повести менен "Кыйын кезең" романынан кошулуп жазылган. Мындан тышкары, архивдик материалдар, тарыхый фактылар кошулган.
Чокморов режиссер Шамшиевди алдап кеткенде. Караш-Караш окуясы кантип тартылган - Sputnik Кыргызстан
Шамшиев: "Караш-Караш окуясынын" сценарийи Мухтар Ауэзовдун "Караш ашуусундагы окуя" повести менен "Кыйын кезең" романынан кошулуп жазылган. Мындан тышкары, архивдик материалдар, тарыхый фактылар кошулган.

— Тасманын башкы мааниси эмнеде эле?

— Көркөм тасманын башкы идеясы Түштүк Казакстан менен Кыргызстанда орус падышасынын жергиликтүү калк жана Россия империясынын борбордук аймактарынан жаңы көчүп келгендердин ортосунда жерди туура эмес бөлүштүрүү саясатынын натыйжасында 1916-жылдагы көтөрүлүштүн чыгышына себеп болгонун көрсөтүү болчу. Мухтар Ауэзов "Караш ашуусундагы окуя" повестинде советтик жана казак мамлекеттик ишмери Турар Рыскуловдун атасы Рыскул жана болуш Саймасайдын Айша деген кызды сүйгөнү тууралуу жазган. Саймасай Айшаны токолдукка алып, айылына алып бара жаткан учурда Алма-Ата облусундагы Талгар районундагы Караш ашуусунда Рыскул аны өлтүрөт. Ауэзов Рыскул менен Саймасайдын ысымдарын Бактыгул жана Жарасбай деп өзгөрткөн.

Ошондой эле сценарийге 1916-жылы Жети-Суу аймагындагы Каркыра өрөөнүндөгү албан уруусунун орус падышасынын бийлигине каршы көтөрүлүш чыгарганы жөнүндө окуяны Ауэзовдун "Кыйын заман" романынан алып, кошумчалагам. Ошол маалда анын бул чыгармасы көп жылдар бою тымызын тыюу салынган чыгармалардын бири болчу.

Ошентип тасманын сценарийинде Ауэзовдун эки чыгармасынан кошуп жазгам. Мындан сырткары, архивде иштеп, тарыхый фактыларды кошком.

© Фото / Александр ФедоровШамшиев: "Караш-Караш окуясы" тасмасындагы Бактыгулдун ролуна алгач Болот Бейшеналиевди тартсамбы дегем. Бирок сырткы келбети башкы образга туура келбей койду. Чокморовду көргөндө эле аны Бактыгулга окшоштурдум. Сунуштасам, адегенде макул болгон жок, акыры көндүрдүм.
Чокморов режиссер Шамшиевди алдап кеткенде. Караш-Караш окуясы кантип тартылган - Sputnik Кыргызстан
Шамшиев: "Караш-Караш окуясы" тасмасындагы Бактыгулдун ролуна алгач Болот Бейшеналиевди тартсамбы дегем. Бирок сырткы келбети башкы образга туура келбей койду. Чокморовду көргөндө эле аны Бактыгулга окшоштурдум. Сунуштасам, адегенде макул болгон жок, акыры көндүрдүм.

— Фильм кайсыл жерде тартылган? Артисттерди кандай тандадыңыз?

— "Караш-Караш окуясы" формалдуу түрдө "Казакфильм" жана "Кыргызфильмдин" биргелешкен тасмасы катары бекитилген. Иш жүзүндө болсо, "Кыргызфильмдин" күчү менен тартылды. "Казакфильм" костюмдарын берди. Фильмдин биринчи бөлүгүн коңшу Казакстандын Кордай районуна караштуу Отар станциясынын жанындагы Шубар-Байтал жайытында тартканбыз. Ал эми массовкага ошол жердеги Киров атындагы совхоздун эли катышкан. Экинчи бөлүгү Суусамыр жайытында, Көкөмерен дарыясынын тушундагы Арал айылында тартылды. Бир нече артистти Жамбыл жана Шымкент театрларынан тандап алдым. Өзгөчө Леонид Ясиновский, Касымхан Шанин, Советбек Жумадылов берилген ролду ушунчалык зор чеберчилик менен профессионалдуу аткарышты. Тасмадагы башкы терс каарман Жарасбайды мактаган арзымат акындын ролун Эстебес Турсуналиев аткарган.

© Фото / Александр ФедоровФильмде алгачкы жолу башкы каармандын ролуна тартылган Сүймөнкул Чокморов кыргыз жана казак элинин сүйүктүү артистине айланды. Бул фильм бүгүнкүгө дейре актуалдуулугун жоготкон жок.
Чокморов режиссер Шамшиевди алдап кеткенде. Караш-Караш окуясы кантип тартылган - Sputnik Кыргызстан
Фильмде алгачкы жолу башкы каармандын ролуна тартылган Сүймөнкул Чокморов кыргыз жана казак элинин сүйүктүү артистине айланды. Бул фильм бүгүнкүгө дейре актуалдуулугун жоготкон жок.

Ал эми башкы каарман Бактыгулдун ролуна адегенде Болот Бейшеналиевди тартсамбы деп ойлогом. Себеби ал "Биринчи мугалим" менен "Рублев" көркөм тасмасына тартылып, такшалып калган эле. Бирок сценарий боюнча башкы каармандын дене турпаты сымбаттуу, жашы отуздан өткөн, турмуштук тажрыйбасы бай инсан болуш керек эле. Тилекке каршы, Бейшеналиевдин сырткы келбети мындай образга туура келген эмес. Анын үстүнө ушундай дээңгелдеги образ жаратчу адам кыргыз профессионалдуу артисттердин арасында жок болчу. Кокусунан Болот мени Сүймөнкул менен тааныштырды. Чокморовду көргөндө эле анын сырткы келбетин башкы каарман Бактыгулга окшоштурдум. Чокморовго Бактыгулдун ролун сунуштасам, адегенде макул болгон жок, акыры көндүрдүм. Ал мени эки жолу алдады (күлүп). Биринчи ирет 1964-жылы белгилүү кинорежиссер Адольф Бергункер "Жоро" көркөм тасмасына ошол кезде Ленинградда окуп жүргөн Сүймөнкулду башкы каармандын ролун аткарууга чакырат. Бирок Бергункер менен Чокморов тил табыша албай коюшат. Ошон үчүн Сүймөнкул бул фильмге тартылбай коюп, киноактерлукка жарабайт экенмин деген чечимге келген. Муну кийин "Караш-Караш окуясы" тартылып бүтүп, жемишин көргөн соң мага айтып берди. Экинчи ирет Чокморовдон жашың канчада деп сурасам, Сүймөнкул 28де деди. Көрсө эки жаш кошуптур.

© Sputnik / Табылды КадырбековШамшиев: Мухтар Ауэзов "Караш ашуусундагы окуясы" повестин жазганда 26 жашта экен. ТАсманы мен дагы 26 жашымда тарттым.
Чокморов режиссер Шамшиевди алдап кеткенде. Караш-Караш окуясы кантип тартылган - Sputnik Кыргызстан
Шамшиев: Мухтар Ауэзов "Караш ашуусундагы окуясы" повестин жазганда 26 жашта экен. ТАсманы мен дагы 26 жашымда тарттым.

— Ошол учурдагы Кыргызстан менен Казакстандын бийлиги, эли "Караш-Караш окуясын" кандай кабыл алды?

— Эң биринчи тасманы массовкага катышкан Кордай районунун Киров колхозунун элине алып барып көрсөттүм. Казак боордоштор абдан жакшы кабыл алып, аябай ыраазы болушту. Чынында эле эл күткөн кино тарткан экенмин деп сүйүндүм. Кыргызстандыктардын деле купулуна толду. Ал эми фильмге көркөм жетекчи болгон Шакен Айманов менен "Казакфильмдин" төрагасы Камал Исмаилов каршы болушту. Исмаилов улутчул маанайда тартылган фильм деген пикирин жазып, Москвага жиберген. Ошол учурда Чыңгыз Айтматовдун жардамы менен Айманов тасманы кабыл алууга макулдугун берди. Ал эми көркөм тасманы Казакстандын жетекчиси Динмухаммед Кунаев, анын келини, Ауэзовдун кызы Лейла жана бүт казак эли абдан жактырды. Эң кызыгы, Фрунзеде "Караш-Караш окуясы" фильмин көрсөтүү учурунда башкы терс каарман Саймасай-Жарасбайдын небереси Жанетта Татыбекова менен тааныштым. Ал таежемдин жакын курбусу экен. Жанетта Саймасаевна Владимир Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун ректору болуп иштеген. Бүгүнкү күндө да Саймасайдын урпактары Бишкекте жашайт. Канча жыл өтсө да бул көркөм тасманын айрым үзүндүлөрүн батыш германиялык жана кыргыз көрүүчүлөр ар кандай баалаганы дагы эле эсиминен кетпейт. Мисалы, мекендештерибиз Жарасбайдын Күчүковго "торгойдун кыргыйды тепкенине таң калып турам" деп айткан сөзүн абдан жактырышса, Мюнхен көрүүчүлөрүн тасмада Сүймөнкулдун атка секирип мингени абдан таң калтырган. Чокморов кыргыз жана казак элинин сүймөнчүктүү артистине айланды.

© Фото / Александр ФедоровШамшиев: Жарасбайдын (Советбек Жумадылов) "торгойдун кыргыйды тепкенине таң калып турам" деп айткан сөзүнө эл аябай баа берген.
Чокморов режиссер Шамшиевди алдап кеткенде. Караш-Караш окуясы кантип тартылган - Sputnik Кыргызстан
Шамшиев: Жарасбайдын (Советбек Жумадылов) "торгойдун кыргыйды тепкенине таң калып турам" деп айткан сөзүнө эл аябай баа берген.

Бирок бул фильмдин түпкү маанисин коомчулуктун басымдуу бөлүгү түшүнгөн эмес. 20-30 жылдан кийин гана түшүндү. Бактыгулга окшогондордун трагедиясы — кожоюнуна чын дили менен кызмат кылып жүрүп анын куралына айланып кеткенин байкабай калганы. Азыркы күндө да Бактыгул сыяктуу жигиттерди саясатчылар колдонуп, аларды Жарасбайга окшоп душмандарына салып берип жатканын көрүп жүрөбүз. Ал эми Жарасбайдын трагедиясы — ал ата-бабаларынын ыйык жерин сатып, элине чыккынчылык кылганын кеч түшүнөт. Дал ушул себептен улам ал Бактыгулдан качпай, өлүмгө тике карап окко учуп жатпайбы. Ага намыс өлүмдөн күчтүү болду. Эл аны Бактыгулдун колу менен жазалады. Ошондон улам да "Караш-Караш окуясы" тасмасы актуалдуулугун жоготкон жок. Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы 2005 жана 2010-жылдары болгон окуялардын чыныгы себептерин тактап жазуу үчүн бизге Мухтар Ауэзов сыяктуу залкар жазуучу керек.

Виджет news
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0