19:52 06 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8490
  • EUR77.5883
  • RUB1.0962
Комузчу. Архив

Үркүп Кытайга барганда аялынан ажырап... Карамолдо Орозов тууралуу 8 факты

© Sputnik / Э.Мамадалиев
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (323)
1397 0 0

Элибизден чыккан улуу комузчулардын арасында кыргыз аспаптык музыкасынын классиги, улуу күүчү, композитор Карамолдо Орозовдун орду чоң. Залкар талант бүт жашоосун чыгармачылыкка арнап, келечек муунга баа жеткис күүлөрүн мурас катары таштап кеткен.

Кыргыз улуттук өнөрүнүн өнүгүүсүнө эбегейсиз салым кошкон композитор жана аткаруучу Карамолдо Орозов жөн жерден калк арасында "комуз чертүүнүн атасы" деп аталбайт. Sputnik Кыргызстан агенттиги алп комузчу тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Комуз күүсү менен чоңойгон бала. Карамолдо Орозов 1883-жылы 17-ноябрда Ысык-Көлдүн күнгөйүндө жайгашкан Корумду кыштагында карапайым үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген. Ага чейин төрөлгөн чүрпөлөрү эрте эле чарчап калгандыктан, болочоктогу комузчуга чоң атасы Токтомамбет деген ысым коёт. Заманбап ой жүгүрткөн сабаттуу киши болгон атасы айылга аты чыккан комузчу эле. Мындан улам Токтомамбет жана анын бир тууган иниси Усуп бөбөк кездеринен эле комуз күүсү менен чоңоюшат. Эки бир тууган тең өсүп, бала кезинен жарыша комуз чертип чоңоюшат. Усуп да кийин эл тааныган белгилүү комузчуга айланат. Атасы улуу баласын билимдүү болсун деген тилек менен жети жашында айылдагы медресеге киргизет. Бул жерде болочоктогу композитор беш жылдай билим алып, арабча жазганды үйрөнөт. Кат тааныган, арабча окуп, жаза да билген кара тору балага айылдаштары Карамолдо деген каймана ат тагышат.

Тубаса таланттуу комузчу. Кедейчиликте чоңойгон Карамолдо каардуу замандын шорун жакшы эле тартат. Балтыры ката элек кезинен эле байлардын малын багып, отунун жарып чоңоёт. Бирок оор турмуш аны майтара албайт. Кыйын кезеңде да колунан комузун түшүрбөй чоңоёт. Мындан улам айылдагы иш-чара, оюн-зооктор күү чертип, дастан айткан баласыз өтпөйт. Кичинекей Карамолдонун кесипкөй комузчу болуп өнүгүшүнө ошол кезде Ысык-Көлдө, Нарында аты чыгып жүргөн Чыңгышбай, Бурулча, Байгабыл, Абак, Майлыбай, Кудайберген деген чыгармачыл адамдар менен жолугуп, таалим алышы чоң өбөлгө болгон. Ал тургай Кудайберген комузчу өспүрүм бала менен алгач жолугуп күүсүн тыңшаган соң, "Балам, мен уккан комузчулардан сенин бир өзгөчөлүгүң көрүнүп турат. Комузуңдан кандайдыр бир кош үн чыгат экен. Сен узак кетесиң", — дептир. Ошол эле учурда ал устаттары менен жарышка чыккандан да тайманган эмес. Эл оозунда жаш кезинде эки жолу кыргыздын мыкты делген комузчулары — Байгабыл жана Муратаалы Күрөңкеев менен беттеш өткөргөндүгү айтылат. Карамолдонун жеңиши менен бүткөн бул эки музыкалык ат салышуу жаш комузчунун чыгармачылык өсүшү үчүн эң маанилүү роль ойноп, ысымынын калк арасына жайылуусуна алып келет.

Жаңы заманды мактаган комузчу. Карамолдо Бермет аттуу кыз менен баш кошуп, күүлөрү элге тарап, жашоосу өз нугуна түшө баштаганда кыргыздардын башына кайгы келет. 1916-жылы Үркүн окуясы башталып ата-энеси, туугандары менен бирге Кытайга качат. Азаптуу жашоо муну менен гана токтоп калбай бөтөн жерде жүргөн кезинде жубайы каза табат. Качан гана кыргыз жерине жаңы заман орногон кезде өз мекенине кайтып келет. Алгач Нарын облусундагы Ат-Башы районунда эки жылча жашайт. 1919-жылы гана киндик каны тамган Корумду айылына келет. Карапайым калктын эркиндикке, теңдикке жеткени үчүн кубанычы койнуна батпай жаңы заманды мактаган чыгармаларды чыгара баштайт. Владимир Ленинге арнап "Жетекчибиз Ленин", колхоздоштурууну мактаган "Колхоз Камбарканы", элди эмгекке чакырган "Эпкиндүү шыңгырама", "Желдирме" күүлөрүн жаратат.

"Кагазга түшкөн" күүлөрү. Эски заман бүтүп, жаңысы орногон советтик доор өнөрпоздор үчүн жакшы жараяндарды алып келет. Алардын бири улуттук салттык чыгармалар эл оозунан жыйналып, "кагазга түшүрүү" иши эле. 1928-жылы илимпоз Касым Тыныстанов жана россиялык музыкант-этнограф Александр Затаевич баштаган эл агартуучулар кыргыз эл музыкасын нотага түшүрүүгө бел байлашат. Алар Карамолдону Ысык-Көлдөн атайын чакыртып, комузчунун аткаруусундагы 30дан ашык күүнү жаздырышат. Бул эмгектер 1934-жылы Москвада орус тилинде чыккан "Кыргыздын 250 аспаптык күүлөрү жана обондору" аттуу жыйнакка кирген. Ошол кезде Затаевич Карамолдонун аткаруучулук стилинин башкаларга караганда таасын айырмаланып тургандыгын белгилеген экен. "Мен өзүм Карамолдонун кенен репертуарындагы "Койчулардын коңур күүсүн" эң мыкты номерлердин бири деп эсептээр элем. Күүдө карапайым айыл тематикасынын сулуулугу, гармония менен үндөштүгү, баарынан да таң калычтуусу — формасынын компакттуулугу, оригиналдуу аякташы эң сонун. Мына ушул күүсү менен Орозовдун жөнөкөй ысымы Советтер Союзунун элдеринин музыкалык жылнаамасына киргени менен сыймыктанса болот", — деп айткан Затаевич.

СССРге таанылган күүчү. Карамолдо Орозов 1931-жылы чыгармачылыгын элге тартуулоо үчүн Фрунзе шаарына көчүп келет. Ушул жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик музыкалык драма театрында комузчу жана күү чыгаруучу автор катары эмгектене баштайт. Арадан төрт гана жыл өткөн соң анын залкар чеберчилиги жогору бааланып Кыргыз АССРинин эл артисти деген наамга ээ болот. 1935-жылы Улуттук филармония жаңы ачылып, комузчу кесиптештери менен бирге ошол жакка которулат. Ал жерде иштеп жүргөн кезинде Москвадагы кыргыз маданий декадасына катышып, эл аралык сынактарда байгелүү орундарга ээ боло баштайт. Эми улуу комузчунун аты кыргыз эли гана эмес, жалпы союзга таанылат. Мындан улам 1939-жылы элдик музыка менен алектенгендердин арасынан биринчилерден болуп СССР композиторлор союзуна мүчө болот.

Шакирт тарбиялаган устат. Карамолдо эл тааныган, мамлекет сыйлаган музыкант болгонуна карабастан ар дайым тажрыйбасын өстүрүү үчүн жаңы нерселерге ачык болчу. Андыктан 1940-жылы Москвадагы СССР композиторлор союзунун алдындагы обончулардын курсунда билимин өркүндөтүп өтүп келет. Мекенине кайтып келгенде Улуу Ата Мекендик согуш башталып, калктын башына кара булут айланат. Комузчу кыйын кезеңде элге жакшы маанай, үмүт тартуулоо үчүн өлкөнүн булуң-бурчун аралап, талантын карапайым калк менен бөлүшүүнү улантат. Согуш аяктагандан кийин чыгармачылык сырларын жаштар менен бөлүшүп, мугалим катары кыргызга аты таанылган шакирттерди да тарбиялайт. Көзү өткөнгө чейин Муратаалы Күрөңкеев атындагы Кыргызстан мамлекеттик музыкалык окуу жайынын комуз бөлүмүндө сабак берип, белгилүү музыканттар Чалагыз Исабаев, Бейшеке Жандаров, Чоро Кожомжаров, Тукан Молдогазиевдерди өнөр айдыңына чыгарат.

Тарыхта калган күүлөр. Чындыгында эле Карамолдонун күүлөрү стилдик өзгөчөлүгү, композициялык түзүлүшү, көркөмдүк формасы жагынан башка чеберлердин чыгармаларынан айырмаланып турган. Ал күүлөрү аркылуу коомдук абалдын оордугун, калктын турмушун, муңун, кубанычын жана мекенинин кооздугун сүрөттөгөн. Карамолдо 1928-жылы Токтогул Сатылганов менен биринчи жолу жолугуп, күүлөрүн чертип берген экен. Ошондо улуу акын "Ыр бизде, күү силерде экен" деп талантына жогорку баасын бергени айтылат. Комузчу өзү "Сыздат" аттуу күүсү тууралуу "Бул күүдө өткөн замандагы бай-манаптардын "өлсө кунсуз, сатса пулсуз" дешип, кедей-кембагалдарды эзгендерин, алардын ичтен сызган армандарын, муң-кайгыларын баяндап черткем", — деп айткан жайы бар. "Күү — адамдын жаны" деген улуу комузчунун белгилүү "Камбаркан", "Кербез", "Ботой", "Көкөй кести", "Сынган бугу" жана "Насыйкат" сыяктуу чыгармалары кыргыз музыкасынын алтын фондусунан татыктуу орун алган. Ошондой эле "Жаа – Толгоо", "Келиндердин кер толгоо" аттуу күүлөрүндө аялдардын турмушун, "Такмаза", "Мас күйөөдө" мыскыл-тамаша түрүндөгү күлкүлүү окуяларды сүрөттөгөн. Карамолдо бул күүлөрдүн негиздерин бирин-серин кайрыгы бар элдик обондордон алып, аларды толук форма жана мазмунга ылайык иштеп чыккан.

Ысымы өлбөгөн талант. Карамолдо Орозов жашоосунда чыгармачылык менен гана чектелип калбастан, коомдук-саясий турмушка да активдүү катышып, Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты катары кызмат кылган. Кыргыз улуттук өнөрүнө кошкон салымы үчүн Эмгек Кызыл Туу, эки "Ардак белгиси" ордени жана медалдар менен сыйланган. Ошондой эле ал чейрек кылымга жакын эмгек кылган Мамлекеттик филармониянын эл аспаптар оркестрине 1961-жылы ысымы берилет. 1962-жылы алп манасчы Саякбай Каралаев күүчүнүн жаркын элесине арналган көлөмдүү "Карамолдо" дастанын чыгарат. Комузчунун көптөгөн күүлөрү бир нече симфониялык жана опералык чыгармаларга, ошондой эле Кыргыз мамлекеттик филармониясынын эл аспаптар оркестринин репертуарына негиз болуп кирген. Белгилүү дирижер Асанкан Жумакматов комузчунун "Ибарат", "Сынган бугу", "Көкөй кести" сыяктуу күүлөрүн эл аспаптар оркестри үчүн иштеп чыккан. Карамолдо Орозов экинчи үй-бүлөсүнөн төрт уул, бир кыздуу болот. Улуу комузчу 1960-жылы 8-июлда Бишкек шаарында дүйнөдөн кайткан.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (323)

Тема боюнча

Жалил Садыковдун "Манастын уулу Семетей" драмасы тууралуу 10 факты
Капасты бузуп чыккан драма. "Төрт адам" чыгармасы тууралуу 15 факты
Белгилер:
Карамолдо Орозов, факты, өнөр, комузчу, күү, маданият

ЭҢ МААНИЛҮҮ