Чет элдик атактуу музейлердиги 27 полотно. Жээнбеков Чокморовдун дүйнөсү тууралуу

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВизит президента Сооронбая Жээнбекова в Кеминский район
Визит президента Сооронбая Жээнбекова в Кеминский район - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүймөнкул Чокморов 800дөн ашык сүрөт тартса, ал эми 27 полотносу дүйнөнүн атактуу музейлеринде сакталып калды. Кыргыз киносунун кереметин, кыргыз сүрөт өнөрүнүн ийгиликтерин бул адамдын тагдырынан бөлүп кароого болбойт.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Кыргыз киносунун кереметин, кыргыз сүрөт өнөрүнүн ийгиликтерин Чокморовдун тагдырынан бөлүп кароого болбойт. Бул туурасында президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан залкар сүрөткер, СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдык юбилейине арналган салтанатта айтты.

"Журтубуздан мындай залкар таланттын чыкканы бизге сыймык тартуулайт, анын өмүр жолу, кылган эмгеги элибиздин тарыхында урмат-сый менен өзгөчө бийик орунду ээлеп калат. Албетте, кыргыз киносунун кереметин, кыргыз сүрөт өнөрүнүн ийгиликтерин Сүймөнкул Чокморовдун тагдырынан бөлүп кароого болбойт", — деген мамлекет башчысы.

Жээнбеков аны менен катар Чокморовдун анча айтылбай келген инсандык асыл касиеттерин бүгүнкү эскерүү күнү өзгөчө белгилеп кетүү орундуу болорун билдирген.

Народный артист СССР Суйменкул Чокморов - Sputnik Кыргызстан
Айылдаштарынын курчоосундагы Сүймөнкул Чокморов. Таберик сүрөт
"Сүймөнкул Чокморов чыныгы адамдык асыл сапаттарга, терең акылга, күчтүү эркке, жигиттик кайратка ширелген өзгөчө инсандын үлгүсүн көрсөттү. Ички дүйнөнүн тазалыгын, абийир менен намысты баарынан бийик тутуп жүрүп өттү. Ал улуулук менен жөнөкөйлүктүн, атак-даңк менен нукуралыктын, залкарлык менен кичи пейилдиктин гармониясын сактап жашады. Эң жогорку максаттарды, күнүмдүк эмес, түбөлүк баалуулуктарды карманды. Көкүрөгүндө жогорку маданиятты, терең рухту алып жүрдү. Анын кинодогу ийгиликтеринин, тарткан сүрөттөрүндөгү табылгаларынын сыры кенен дүйнөсүндө, бийик асыл сапаттарында турат деп ойлойм", — деди Жээнбеков.

Бул залкар актер тартылган кинофильмдер кыргыз элинин калың катмарына тарап, бардык көрүүчүлөргө жаккан, сүйүктүү чыгармаларга айланды.

"Караш-караш окуясы", "Жамийла", "Өзгөчө кырдаалдагы комиссар", "Уркуя", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Жетинчи ок", "Мен Тянь-Шань", "Көк серек", "Дерсу Узала", "Кызыл алма", "Эрте келген турналар", "Бөрү зындан" сыяктуу фильмдер — кыргыз киносунун кереметин, анын алтын доорун түзгөн кинокартиналар болуп калды.

ССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл артисти жана Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморов - Sputnik Кыргызстан
Балбал таш, талаада жана эл арасында. Чокморовдун каректе калган 18 ирмеми
"Чокморовдун негизги кесиби — сүрөтчүлүк өнөрү өмүрүндө өзгөчө орунду ээлейт. Бул өнөрүн дүйнөгө таанымал болуп, зоболосу бийик болуп турганда да, жаны ооруп, өлүм алдында турганда да таштаган жок. Өмүрүнүн акырына чейин карманды, кийинки муунга айтаар сөзүн, негизинен, сүрөтчүлүк өнөрү аркылуу айтып кетти. Сүймөнкул агабыз жөнүндө кеп кылганда жөн гана анын турмуш фактыларын белгилеп, жашоосундагы окуяларын эскерип кетүү жетишсиз. Сүймөнкул Чокморовдун элесин сыйлаган адам — анын ички ааламына баш бакса гана анын улуулугун, залкарлыгын байкайт", — деди президент.

Ал Чокморов өзүнүн кайталангыс таланты менен тарткан сүрөттөрүндө башкаларга байкалбаган, өзү көргөн, өзгөчө дүйнөнү калтырып кеткендигине да токтолду.

"Сүймөнкул Чокморов 800дөн ашык сүрөттүн автору, ошол сүрөттөр аркылуу өзгөчө дүйнөнү жаратты. Ушул ааламдын көркөмдүгүн, ошол дүйнөнүн кооздугун көрөм дегендер үчүн — көркөм сүрөт музейибизде Сүймөнкул Чокморовдун 80ге жакын сүрөтү илинип турат. Анын тарткан 27 полотносу дүйнөнүн атактуу музейлеринде сакталып калды", — деп санап өттү Жээнбеков.

Sputnik Кыргызстан Сүймөнкул Чокморовго арналган бир нече фото түрмөктөрдү, материалдарды даярдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0