Айылдаштарынын курчоосундагы Сүймөнкул Чокморов. Таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат.

СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун элеттиктер менен түшкөн сүрөтү 1980-жылдары Чүй облусунун Чоң-Таш айылында тартылган.

Ал жылдары актер бир топ тасмаларга тартылып, көптөгөн сыйлыктарды багындырып атагы таш жарып турган учур болгон.

Ошол кезеңди фотограф Александр Федоров мындайча эскерет:

"Сүймөнкул жашоодо сүйлөшө келсең аябай жөнөкөй болчу, өзүнүн айылы Чоң-Ташка жайы-кышы дебей бат-баттан каттап турчу. Мени да алып алчу, экөөбүз айылды түрө кыдырып, айылдаштары, туугандары менен сүйлөшүп отуруп калчу элек. Бир жолу экөөбүз анын кичи мекенине тойго барып калдык. Айылдагылар бизди жакшы сыйлап, курсак тойгондон кийин бардыгы артист менен сүрөткө тартууну суранып калышты. Мен аларды чогуу тартып, ушундай мыкты сүрөт жаралган. Андан бери канча убакыт өттү, өмүрү кыска экен. Ал азыр жок, бирок сүрөттөрү калды", — деди Федоров.

Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү мыкты эмгектерин да Чоң-Таш айылында жараткан.

Сүймөнкул Чокморов чыгармачылык жолунда 20дай тасмада роль жаратып, өзүнүн өнөркасында 500гө жакын сүрөт тартып, узакка созулган оорудан улам 52 жашында дүйнө салган.

Актер жөнүндө кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0