Жолдор гана түгөнбөйт бул өмүрдө... Зайырбек Ажыматовдун кеп казынасы

© SputnikАкын Зайырбек Ажыматов. Архив
Акын Зайырбек Ажыматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Бул ирет акын Зайырбек Ажыматовдун нускалуу кебин сунуштайбыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!

Зайырбек Ажыматов 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында төрөлгөн. 1993-жылы айылдык орто мектепти, 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

"Жалгыздык", "Мелмил", "Нөлү көп жылдар", "Жүрөктөгү бороон" ыр жыйнактарынын автору. Журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы "Асаба" гезитинен баштаган. Андан кийин "Кыргыз Туусу", "Бишкек таймс" гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында иштеген.

© Фото / Улан АсаналиевАкын Зайырбек Ажыматов
Жолдор гана түгөнбөйт бул өмүрдө... Зайырбек Ажыматовдун кеп казынасы - Sputnik Кыргызстан
Акын Зайырбек Ажыматов

Зайырбек Ажыматовдун кеп казынасы:

Далай өмүр жыл өтсө түгөнүүдө,
Далай заман ың-жыңсыз түнөрүүдө.
Аягына чыгышат бардык нерсе,
Жолдор гана түгөнбөйт бул өмүрдө.

***

Өлбө өлкөм, балапан жаш чагыңда,
Өлөлү биз калганча арт жагыңда.
Уялаштар, аздектеп карегиңдей,
Урпактарга мекенди сактагыла.

Жара тартар бөрү көп жан-жагыңда,
Жүк бар билем опол тоо ай далыңда.
Элди ая, керемет Кыргызстаным,
Эссиз чыкты бектериң, хандарың да.

Жүрөгүңдү жебедей көзөп өттүк,
Жүдөө кылдык, өйдө-ылдый көмөлөттүк.
Мыскыл кылып душманга бул доордо,
Мырза болчуң, биз сени чөгөлөттүк..

***

Кадыр, каада бул күндө кайда калган,
Кайран кыргыз өз баркын жайлап алган.
Манас биздин бабабыз деген уят,
Майдаланган калк үчүн, майдаланган.

Биз бир кезде тоолордой бийик элек,
Биз бир кезде майда эмес, ири элек.
Жакшылыктар башталып биздин элден,
Жаратканга жардамчы билик элек.

***

Түндүк-түштүк, сай-сай деп чектегениң,
Түпкү атаңдын арбагын тепсегениң.
Бийлик үчүн мырзалар, бийлик үчүн,
Биримдигин элиңдин экчебегин.

Бир бүтүнгө айлансак улукпуз биз,
Бирикпесек улутту куруттук биз,
Кыр-кырлардан жыйналган жыйын эмес,
Кыргыз деген улутпуз, улутпуз биз.

***

Мен — кыргызмын, түгөнөөрдө түтөгөн!
Мен — кыргызмын жок болордо күчөгөн!
Мен — кыргызмын, тарыхым бар, тилим бар,
Мезгилдин да ой-чуңкурун түзөгөн.

***

Көтөр башты улутташым, кандашым,
Көкүрөктө улуу намыс кайнасын.
Ар бир кыргыз — аманаты Манастын,
Хан тукуму кулга айланып калбасын!

Каршы туруп катаалдыктар ыргытса,
Качырып кир, тарыхтарга турмушка.
Бүтүндөй бир тилиң эмес, улуу журт,
Бир да сөзүң унтулбасын кыргызча!

Жаңылыктар түрмөгү
0