Эмгеги менен эстелик тургузуп кеткендер. Залкарлардын таберик сүрөтү

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

Атактуу актриса Даркүл Күйүкова, Сабира Күмүшалиева, төкмө акын Эстебес Турсуналиев жана алардын замандаштарынын сүрөтү 1980-жылдары Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган.

Ал жылдары залкарлар жашы өтүп калганына карабай Кыргыз улуттук академиялык драма театрында, Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда эмгектенишчү.

Ошол кезеңди Даркүл Күйүкованын уулу Рыспек Абдубачаев мындайча эскерет:

"Сүрөт 1980-жылдары Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдында тартылган. Ал кезде апам 60 жашка таяп калган эле. Бирок театрда иштечү. Кичинекей кезимде апам мени да театрга ээрчитип барып, көптөгөн кызыктарга күбө болгом. Анан биздин үйгө залкарлар көп келчү, алардын арасында Мыскал Өмүрканова, Сайра Кийизбаева, Сабира Күмүшалиева, Бакен Кыдыкеева да бар. Апам дасторкон жайып алар менен сырдашып, кеңешип, кээде ырдап калышчу. Ал кезде биздин үйүбүз азыркы Чүй жана Тынчтык проспектилеринин кесилишинде болчу. Ал жакта Асек Жумабаев, Осмонкул Бөлөбалаев, Сейдакмат Токтоналиев, Артык Мырзабаев да жашап, замандаштар бат эле чогула калчу. Азыр андай асыл инсандар өтө аз, балким жокко эсе да болуп калды окшойт", — деди Абдубачаев.

СССРдин эл артисти Даркүл Күйүкова Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 100дөн ашык ролду ийине жеткире аткарса, Сабира Күмүшалиева 70 жылдан ашык театр жана кинодо эмгектенген.. Ал эми Эстебес Турсуналиев филармонияда 60 жылга чукул иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0