14:31 12 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8426
  • EUR77.0294
  • RUB1.0928
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна жасаган иш сапарында белгилүү коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарага катышты.

Нарында Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы белгилене баштады. Сүрөт

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
160 0 0

Көрүнүктүү мамлекеттик ишмердин 100 жылдыгы өлкөнүн булуң-бурчунда белгиленип, ага карата бир топ иш-чаралар уюштурулууда.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Нарын облусунда белгилүү коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата уюштурулган иш-чара өттү.  

Нарын шаарынын борбордук аянтында саясий жана коомдук ишмердин эстелиги ачылып, меймандарга театралдык оюн-зоок көрсөтүлдү. Ага өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев катышты. 

  • Премьер-министр Кыргызской Республики Мухаммедкалый Абылгазиев  принял участие в мероприятии, приуроченного к празднованию 100-летия видного политического деятеля Кыргызской Республики Турдакуна Усубалиева на главной площади города Нарын
    Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна жасаган иш сапарында белгилүү коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарага катышты.
    © Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Премьер-министр Кыргызской Республики Мухаммедкалый Абылгазиев  принял участие в мероприятии, приуроченного к празднованию 100-летия видного политического деятеля Кыргызской Республики Турдакуна Усубалиева на главной площади города Нарын
    Нарын шаарынын борбордук аянтында саясий жана коомдук ишмердин эстелиги ачылып, меймандарга театралдык оюн-зоок көрсөтүлдү.
    © Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Премьер-министр Кыргызской Республики Мухаммедкалый Абылгазиев  принял участие в мероприятии, приуроченного к празднованию 100-летия видного политического деятеля Кыргызской Республики Турдакуна Усубалиева на главной площади города Нарын
    Буга чейин Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында "Рух Ордо" комплексине Усубалиевдин эстелиги коюлган болчу.
    © Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • На главной площади города Нарын состоялась официальная церемония открытия памятника политическому деятелю Турдакуну Усубалиеву
    Туурдакун Усубалиев 1961-жылдан 1986-жылга чейин Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи секретары болуп иштеген.
    © Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • На главной площади города Нарын состоялась официальная церемония открытия памятника политическому деятелю Турдакуну Усубалиеву
    Тагыраагы, Кыргызстанды 25 жыл жетектеп турган. Ал 2015-жылы 7-сентябрда 96 жашында узак оорудан кийин дүйнө салган.
    © Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • На главной площади города Нарын состоялась официальная церемония открытия памятника политическому деятелю Турдакуну Усубалиеву
    Белгилүү коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата уюштурулган иш-чара
    © Sputnik
1 / 6
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна жасаган иш сапарында белгилүү коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарага катышты.

Буга чейин Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында "Рух Ордо" комплексине Усубалиевдин эстелиги коюлган болчу.

"Бүгүн кылым жашаган мааракелик салтанатын белгилеп жаткан коомдук партиялык саясий ишмер, Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетин чейрек кылым биринчи секретары болуп башкарган Турдакун Усубаливдин өмүрү, мамлекет үчүн кылган кызматы биз үчүн өрнөк. Союздун 1960-80-жылдары Кыргызстан үчүн чыныгы улуттук кайра жаралуунун, гүлдөп өнүгүшүнүн мезгили болду. Буга эң чоң салымды Турдакун Усубалиевич кошкон. Улуу жетекчинин өз өмүрүнүн 70 жылын Кыргызстандын өнүгүшүнө арнаганы өзгөчө белгиленүүгө тийиш", — деген Абылгазиев. 

Облустук академиялык театрда Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган коомдук ишмерге арналган республикалык илимий практикалык конференция өттү. Конференцияда академик Абдыганы Эркебаев, филология илиминин доктору Осмонакун Ибраимов баш болгон окумуштуулар Усубаливдин Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына кошуп кеткен зор салымдары, саясий мамлекеттик ишмердүүлүгү боюнча баяндамаларды жасашты.

© Sputnik / Даниил Сулайманов
Иш-чаранын алкагында Нарын шаарындагы жаңы реконструкциядан өткөн Усубалиев атындагы борбордук аянт жана улуу инсанга арналып тургузулган эстеликтин ачылышы болду. Ачылышына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышты. Борбордук аянтты реконструкциялоого өкмөттөн 19 миллион 600 миң сом бөлүнгөн. 

 Усубалиев 1961-жылдан 1986-жылга чейин Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи секретары болуп иштеген. Тагыраагы, Кыргызстанды 25 жыл жетектеп турган. Ал 2015-жылы 7-сентябрда 96 жашында узак оорудан кийин дүйнө салган.

Көрүнүктүү мамлекеттик ишмердин 100 жылдыгы өлкөнүн булуң-бурчунда белгиленип, ага карата бир топ иш-чаралар уюштурулууда.

Тема боюнча

Өмүрү жана тагдыры. Турдакун Усубалиев тууралуу китеп жарык көрдү
Бишкектеги эски аянтка Турдакун Усубалиевдин ысымы ыйгарылмай болду
Белгилер:
өкмөт, майрам, Нарын, маараке, Турдакун Усубалиев

ЭҢ МААНИЛҮҮ