"Ак таажычан падышанын" 100 жылдыгы: Бишкекте көргөзмө өтөт

© Предоставлено Центральным Госархивом КРНа митинге посвященный открытию памятника А.М.Горькому.
На митинге посвященный открытию памятника А.М.Горькому. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Усубалиев 1961-жылдан 1986-жылга чейин Кыргызстан КП БКнын биринчи секретары болуп иштеген. Тагыраагы, Кыргызстанды 25 жыл жетектеп турган.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Борбор калаадагы Улуттук китепкананын фойесинде көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин туулгандыгынын 100 жылдыгына арналган "Кыргызстан менин жүрөгүмдө" аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана эскерүү кечеси өтөт. Бул тууралуу аталган китепканадан кабарлашты.

Иш-чара саат 11:00дө башталмакчы.

Бишкек шаарынын Абдумомунов көчөсүндөгү эски аянт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги эски аянтка Турдакун Усубалиевдин ысымы ыйгарылмай болду
Ал 1961-жылдан 1986-жылга чейин Кыргызстан КП БКнын биринчи секретары болуп иштеген. Тагыраагы, Кыргызстанды 25 жыл жетектеп турган.

Көрүнүктүү мамлекеттик ишмердин 100 жылдыгы Кыргызстандын булуң-бурчтарында белгиленип, ага карата бир топ иш-чаралар уюштурулууда.

Алыкул Осмонов атындагы китепканадагы өтүүчү көргөзмөгө Усубалиевдин китептери, газета-журналдык макалалар, фотодокументтер жайгаштырылды.

Кыргыз элинин тарыхы, өз эли үчүн кызмат кылган улуу адам, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, даанышман инсандардын бири Турдакун Усубалиев 1919-жылы 6-ноябрда Кочкор районунун Кочкор кыштагында туулган.

60-жылдардан баштап Усубалиевдин жетекчилиги менен Кыргызстандын экономикасынын, илими менен маданиятынын бардык тармактарын өнүктүрүү, калк турмушун жакшыртуу боюнча зор иштер жүргүзүлгөн. Бишкекте жана башка шаарларда өнөр жай ишканаларында монументалдуу гидроэнергетикалык объектилеринде ири курулуш жана монтаждоо уюмдары иштей баштаган, тездетилген темпте үй куруучу комбинаттар, Канттагы цемент-шифер комбинаты тургузулду. Ошондой эле ал айрыкча республиканын жүзү катары борборубуздун көркөмдөлүп өсүшүнө көңүл бургандыктан, шаарга ылдамдык менен турак үйлөр, бир канча борборлоштурулган жылуулук менен камсыз болгон кичи райондор, ар бир үй-бүлөгө ылайыкталган үч-төрт бөлмөлүү үйлөр көбөйүп, административдик кооз имараттар, музейлер, эстеликтер, монументалдык скульптуралар, фонтандар, мейманканалар, базар комплекстери, "Манас" аэропорту, Кожомкул атындагы спорт сарайы, жер алдындагы өтмөктөр жана башка көптөгөн объектилер бүткөрүлгөн.

Турдакун Усубалиевди акыркы сапарга узатуу маарекеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ак таажычан падыша. Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын утурлай...
Ошондой эле Усубалиев көп күч-кубатын легендарлуу Манастын тарыхый баатырдык баяндарын изилдөөгө жумшаган. 1978-1982-жылдары анын аракети менен Сагымбай Орозбаковдун жана Саякбай Каралаевдин варианттары боюнча "Манас" китептери басылып чыгарылган. Бишкек шаарында эпоско арналган скульптуралык композиция, белгилүү манасчылардын эстеликтери, Манас күмбөзү калыбына келтирилген, эл аралык класстагы аэропортко "Манас" деген ат берилген.

Ал көп улуттук совет элинин достугуна, партиянын жүргүзгөн саясатына, Кыргызстан экономикасы менен маданиятынын жогорулашына арналган бир нече көлөмдүү эмгектин автору.

Усубалиевдин Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүнө кошкон эмгеги жогору бааланып, союз учурунда төрт Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу жана бир нече медалдар менен сыйланган. Ал эми Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин биринчи даражадагы "Манас" ордени менен сыйланып, Кыргыз Республикасынын Баатыры деген наам ыйгарылды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0