08:18 14 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.8979
  • RUB1.0880
Акын, жазуучу Аалы Токомбаев. Архив

"Вот киргизский Репин". "Мезгил учат" повести тууралуу 12 факты

© Фото / из семейного архива семьи Токомбаевых
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (315)
221 0 0

Узак жылдар Кыргыз ССРинин Жазуучулар союзун башкарган Аалы Токомбаев лирик жана эпик акын эле. Кара сөздүн каймагын калпыган прозаик, тарыхый драмалардын чебери, адабиятчы жана котормочу катары баалуу эмгектерин калтырды.

Анын чыгармачылык жолунда, ошол эле кезде кыргыз совет адабиятында "Мезгил учат" повестинин өз орду бар. Биз бүгүн Аалы Токомбаевдин ошол "Мезгил учат" повести тууралуу 12 факты сунуштайбыз.

Кара сөздүн чебери. "Мезгил учат" повестине чейин эле Аалы Токомбаев акын катары гана эмес, бир нече прозалык чыгармаларды жазган кара сөзчү катары да кыргыз окурмандарына жакшы таанымал болгон. Анан бул чыгармага чейин жана кийин жазылган "Жараланган жүрөк", "Күүнүн сыры", "Акай мерген", "Акылмандын жообу", "Жол жомогу", "Даат", "Өлүм кимди коркутпайт", "Днестр терең деңизге куят", "Биз балапан кездерде" ("Солдат элек") повесть-аңгемелери, бүтпөй калган "Токтогул"  романынын биринчи китеби кыргыз элинин ар түрдүү доорлордогу адам тагдырларын ачып берген чыгармалары катары калктын калың катмарынын сүймөнчүлүгүнө арзыган.

"Мезгил учат" повести менен конкурска катышкан. "Мезгил учат" повести согуштан кийин, 1947-жылы жазылган жана конкурска катышып, анда сыйлыкка ээ болуп, дароо эле басылып чыккан. Кийин башка тилдерге которулат да, чыгарманын жолу шыдыр болот.

Биографиялык баян. "Мезгил учат" повестиндеги башкы каарман Жапардын прототиби — Гапар Айтиев. Жапардын атасы Айтике болсо Гапардын атасы Айтинин прототиби. Бул чыгарманы жазууда автор Гапар Айтиев менен көп жолу сүйлөшкөн, анын балалыгы, жаштыгы, ата-энеси, жакындары, кыскасы, атактуу сүрөтчү болгонго чейинки басып өткөн жолун өз оозунан уккан, архивдик-документалдык маалыматтар менен таанышкан, балким, китеп болуп чыга элек кезде прототиптин өзүнө да окутуп тургандыр.

Прототип тууралуу. Гапар Айтиев — кыргыздын тунгуч сүрөтчүсү, кыргыз улуттук профессионал сүрөт искусствосунун негиздөөчүлөрүнүн бири. 1912-жылы Ош шаарынын үстү жагындагы Төлөйкөн деген айылда (азыр Кара-Суу районуна караштуу) туулган. 1935-1938-жылдары Москвадагы сүрөт техникумунда Николай Крымовдун жетекчилигинде билим алат, өнөр үйрөнөт. 1942-жылдан Улуу Ата мекендик согушка кетип, 1943-жылы жарадар болуп кайтат. 1934-жылы Фрунзеде I республикалык сүрөт көргөзмөсүнө "Атанын портрети" (1932), "Колхоз катчысы Имангазы", "Түштүк кызы" (1934) деген портреттери менен катышып, сүрөтчү катары таанылат. Согуш тоскоол болгонуна карабай 40-50-жылдарда "Фронттон кат"  (1943), "Пахта терүү"  (1944), "Колхоз короосу" (1946), "Кайыктар" (1947), "Жумгал өрөөнүндө" (1949), "Сазда" (1954), "Жалтылдаган көл" (1960) аттуу эмгектерин жаратат. "Чабандар" (1960-1961) аттуу картинасы анын эл турмушун өтө терең билерин ырастаса, "Ысык-Көл — кыргыз деңизи" деген чыгармасы үчүн 1967-жылы Кыргыз ССР Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган. "Кыргыз жергеси" аттуу пейзаждар түрмөгүндөгү сүрөттөрү жергебиздин керемет көрүнүштөрүн көз алдыбызга келтирет. Гапар Айтиев — чебер портретчи, живописчи гана эмес, өлкөдөгү көптөгөн имараттарды, архитектуралык эстеликтерди жасалгалоого катышкан. Ал 1984-жылы 16-декабрда каза болуп, сөөгү Бишкек шаарына коюлган. Борбор калаадагы көркөм-сүрөт музейине ал кишинин аты берилген. Ошол эле кезде Токомбаев бир гана кишинин баскан жолун жаза берген эмес, ошол доордогу балдар кандай турмуш кечирген, XX кылымдын 30-50-жылдарындагы алгачкы кыргыз совет зыялылары кандайча калыптанып, кандайча бийиктикке жеткен деген проблемаларды үйрөнүп, аларды чыгармасында ар тараптуу пайдаланган.

Чыгарманын башкы каарманы — Жапар. Ал да Гапар Айтиев сыяктуу эле Ак-Буура дарыясынын боюндагы Төлөйкөн айылында туулган. Жаш күнүнөн апасы Уулбала каза болуп, атасынын колунда калат. Атасы Айтике — кыйынчылык менен күн кечирген, бүт үмүтүн жалгыз баласын өстүрүүгө жумшаган, колунда жок болсо да илгери үмүт менен жашаган кедей адам. Анын жерин айылдагы Атабек деген миңбашы тартып алып, өмүрү да коркунучта калат. Ошондо Керме-Тоосун таштап, тайганы менен колундагы баласы Жапарды куржунуна салып, жумуш издеп чоң шаарларга кетет. "Багы жокко дагы жок" деп ал жактан да жарытылуу күн көрбөйт.

Айтикенин таалайы тууралуу бөлүмдөр. Төлөйкөндөн качкан Айтике таалай издеп чөл тарапка жол алат. Ал жакта да Айтикени жана анын баласын эч ким "келе койгула" деп күтүп турбаптыр. Муну Айтикеге карата автор "Ал таалайдын изине түшүп кубалайт, таалай болсо көлөкөсүн көрсөтпөйт, андан качат, ал андан коркот" деп түшүндүрөт. Таалайды кууп, ага жетемин деп отуруп, Айтике күндөн күнгө оор абалга түшө берет. "Ушул жашка келгенче ууру кылганым, ушак сүйлөгөнүм жок. Бирөөдөн тилди көп уксам да, бирөөгө катуу айткым келбейт. Андай болсо, мен эмне үчүн таалайсызмын?" деп өзүнө өзү суроо коёт. Чын эле эмне үчүн таалайсыз? Болбосо ал чебер уста, иштемчил, колунан көп нерсе келет, комузда "Так-теке" күүсүн баш кылып көп кара күүлөрдү черткен өнөрпоз. Көрсө, заман бүт ошондой экен: бай адамдар кедейлерди, акчалуулар акчасыздарды, рабат дарбазалуулар үй-жайсыз кембагалдарды басынткан заман экен. Айтике таалайлуу болуу үчүн адамдарды эмес,  заманды өзгөртүү керек турбайбы деп ой жүгүртөт.

Повесттеги адамдар эки топко бөлүнүп каралат. Биринчилери — Айтике, Ташбай, зергер сыяктуу колунда байлык да, бийлик да жок томояктар; экинчилери — Атабек, Ашымахун сыяктуу колунда байлыгы да, бийлиги да бар, биринчи топтогу адамдарды кемсинтип, аларды тебелеп-тепсеп жашаган эзүүчүлөр. Булардын адептик сапаттарындагы эки башка көрүнүш, бири-бири менен болгон карама-каршылык повестте улам өнүгүп барат да, акырында Ашымахун менен Айтикенин турмуштук конфликтисинде кыл чокуга жетет. Ал окуяда Жапар бышып турган өрүктү жегиси келет, төгүлүп жаткан өрүктөн атасы баласына берип койгону үчүн өрүк ээси Ашымахундун урушунда калат, баласына тил тийгизет. Ушул окуяда Айтике аябай ачууланат да, Ашымахунга кол кайрып, дагы бир кул сыяктуу адам, нан саткыч Ташбайдын жардамы менен качып кетет. Анын айткан кеби: "Беш жыл кожоюндун алдында иштедим, беш пулдук пайда таппадым". Чынында ошондой болгон, эгер аны менен эсептешсе, кайра өзү карыз болуп калмак.

Жаңы заман жарыгы. Кийин башка заман орноду. Эгер атасы өз талантын, дараметин көрсөтө албай келсе, баласына талантын көрсөтүү үчүн мүмкүнчүлүк ачылды. Адамдын кадырын биле турган бул — жаңы социалисттик заман. Баягы атасы куржунга салып алып, бир тиштем нан издеп жүргөн баланы советтик интернат камкордукка алып, анын шыгын Сатар, Наташа сыяктуу мугалимдер ачып, адегенде Фрунзеде, анан Москвада сүрөтчүлөрдүн окуусунда окуду.

Чыгарма көрсөткөн тема жана идея. Повесть советтик кыргыз интеллигенциясынын пайда болушу, калыптануусу, сүрөтчүлүк өнөрдү аркалай турган адамдын жетилүүсү тууралуу. Автор мына ушул узак процессти жазууда, биринчиден, каармандары жашаган чөйрөнүн тилдик жана турмуш-тиричиликтик; экинчиден, Жапар Айтикеевдин кесиптик өзгөчөлүктөрүн таамай, так көрсөтүп отурат. Анын каармандары жандуу, ар дайым кыймылда, өсүп отурган каармандар. Адабиятчы Бектурсун Алымов мындай деп жазат: "Ата-баланын турмушун жазуучу ишенимдүү берүүгө аракеттенген. Ошондуктан окурман алардын кайгысын кошо тартып, алар кубанса кошо кубанат. Бирок повестте көрсөтүлгөн турмуш Айтике менен анын баласынын гана тагдыры эмес. Бул төңкөрүш учурунда жашаган көпчүлүк кыргыз кедей, жалчыларынын турмушу деп айтууга болот. Чыгармада ата-баланын турмушу менен бирге миңдеген кыргыз кедейлеринин турмушу көрүнөт. Бул жалгыз Жапар Айтикеевдин турмушу гана эмес, жаңы замандын шарапаты менен чыгармачылык таланты, багы ачылган ушул повесттин автору Аалы Токомбаевдин, Мукай Элебаев менен Касымалы Баялиновдун, Жусуп Турусбеков менен Жоомарт Бөкөнбаевдин… алгачкы жамы кыргыз интеллигенттеринин турмушу. "Мезгил учат" повестинин көркөмдүк мааниси, нарк-насили мына ушунда. Залкар жазуучу Аалы Токомбаев мезгил талабын өтөгөн замандашы залкар сүрөтчү Гапар Айтиевдин өмүрү, чыгармачылык  жолун бул повестте көркөм жалпылоого жетишкен".

"Вот киргизский Репин". Интернатка кабыл алынган Жапар башка балдардан айырмаланып, көрүнгөн жерге сүрөт тарта берет. Керебеттин алдына салган жаңы тактайга сүрөт тартып жатканын мугалимдери көрүп калат. Ошондо Наташа деген эжейи "Вот киргизский Репин" деп жиберет. Чын эле анын айтканы туура чыгып, кийин Репин сыяктуу таланттуу сүрөтчү болууга жетишет. Илья Ефимович Репин 1844-жылы туулуп, 1930-жылы каза болгон, орус элинин таланттуу живописчи-сүрөтчүсү. Ал көптөгөн чыгармаларды жаратуу менен сүрөт өнөрүнүн атактуу өкүлдөрүн тарбиялап чыгарган. Эң даңазалуу эмгеги "Волгадагы бурлактар" деген картинасы.

Жазуучу түштүк элинин тилин үйрөнгөн. Каармандын речин жана жергиликтүү колоритти берүү үчүн автор диалектилик, этнографиялык сөздөрдү жана сөз курулмаларын пайдаланат. Мисалы, жез чайдоос, Рават дарбаза, паранжи, мусапыр, дутар, жуда, пакса коргон, падарыңа наалат, даңгаса, балаган, миң башы. Ошондой эле элестүү салыштырууларды, сүрөттөөлөрдү колдонот: "жапкак көз", "магдырап үргүлөгөндөй", "сейил үчүн тизген чөлмөктөй", "тоо текенин мүйүзүндөй ийилүү", "мөндүрдөй дыбыроо", "келгинден кайткан куштай", "чок баскандай ыргып туруу", "короздой мойнун созуу" ж.б.

Мезгил тууралуу ой. Повестте болжолу жарым кылымдай мезгил ичиндеги окуялар бир адамдын тагдырына байланыштуу сүрөттөлөт. Чыгарманын соңунда автордун мындай жыйынтыктары айтылат: "Мындан 27-28 жыл мурда так ушундай теректин түбүндө Жапардын атасы Айтике маркум чөп алачык жасаган эле. Аны Жапар унуткан эмес, унутмак түгүл ыйлагысы да келе калса, ошол терек менен алачыкты сөзгө кыстарып өтөр эле. Кедей зергер менен интернаттын директору Сатарга Жапар так ошол жерден жолуккан, так ошол кепеден интернатка алынган. Тигил окшош теректи көргөндө Жапар атасын көргөндөй боло калды. Ошондон берки өмүрүнүн бардыгын көз алдынан сүрөттөй өткөрүп элестете баштады... "Кедей зергер азыр жүз жыйырмага чыкты, өкмөт ага пенсия берип, доктур бекитти. Наташа деген сени тарбиялаган аял "народный учитель" деген наам алган, сен жөнүндө сөз боло калса: "Жапарымды мен өстүргөм", - деп көз айнегинин үстүнөн карап, корстон боло калат" деп жазган Мамастын кечээги катын эсине түшүрдү. Эсине дагы кат түштү. Өмүргө сараң караган Жапар чекесин билеги менен сылап, станоктон кетенчиктей бергенде: "Мезгил учат, мезгил канаттуу жылкыдай учуп баратат, ал зыпылдап жандай бергенче, жүгөндөп пайдалануу керек» деген пикир Жапардын башынан жылт этип өтө берди". Демек, повесть мезгил тууралуу, ошол мезгилдеги адамдардын тагдыры тууралуу болуу менен бизди мезгилди туура пайдаланып, аны пайдалуу ишке жумшоо керектигин үйрөтөт.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (315)

Тема боюнча

Манасты эр уулу менен тең кылган Ошпур койчу тууралуу 7 факты
Манастын таятасы Жамгырчы тууралуу 9 факты
Белгилер:
Аалы Токомбаев, факты

ЭҢ МААНИЛҮҮ