"Жөө күлүк" тасмасы Минскиде өтчү фестивалга чакырылды

Жазылуу
Иш-чарада 50 мамлекеттен келген 154 картина көрсөтүлөт, ал эми негизги конкурска 12 фильм катышат. "Жөө күлүк" ошол 12 тасманын катарында.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Кыргызстандык режиссёр Мирлан Абдыкалыковдун "Жөө күлүк" тасмасы Минск шаарында өтө турган эл аралык "Листопад" кинофестивалына чакыруу алды. Бул тууралуу Кинематографияны колдоо департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара ушул жылдын 1-8-ноябрь күндөрү өтөт. "Жөө күлүк" фестивалдын негизги программасына тандалып алынды.

Белгилей кетсек, "Листопад" жыл сайын ноябрь айында өтүп, ага дүйнөнүн булуң-бурчунан тасмалар катышат.

"Быйыл аталган иш-чарада 50 мамлекеттен келген 154 картина көрсөтүлөт, ал эми негизги конкурска 12 фильм катышат. "Жөө күлүк" ошол 12 тасманын катарында", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, "Жөө күлүктүн" дүйнөлүк премьерасы Түштүк Кореянын Пусан шаарында өтүп, кино сынчылардын ФИПРЕССИ сыйлыгына ээ болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0