Антальядагы парк же көчөгө Чыңгыз Айтматовдун атын ыйгаруу макулдашылды

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүАнталия шаары. Архив
Анталия шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчи Кубанычбек Өмүралиев Анталья шаарынын мэрине кыргыз элинин улуу жазуучусунун ысымын ыйгарууну сунуштаган.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Түркиянын Анталья шаарындагы паркка же көчөгө залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атын ыйгаруу макулдашылды. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анталья шаарына иш сапары менен барып, губернатор Мунир Каралоглу жана калаа мэри Мухиттин Божек менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

"Элчи эки өлкөнүн маданий, достук кызматташтыгын өнүктүрүү максатында Түркияда жашап жана иштеп жаткан кыргыз жарандарынын көпчүлүгү Анталья шаарында болгондугуна байланыштуу залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арнап Анталья шаарындагы паркка же көчөгө ысымын ыйгарууну сунуштады. Муну шаардын мэри колдоп, тараптар макулдашты", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана туризм жаатында да сүйлөшүүлөр болгон.

Жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги Айтматовдун паркын оңдоп, эстелик койчулар аныкталды
Мындан сырткары, элчи кыргыз диаспораларынын мүчөлөрү, Анталья шаарынын аймактык миграция боюнча башкармалыгынын жетекчиси Гезде Озкорул менен да жолуккан.

"Мекендештер менен болгон жолугушууда, алардын укуктарын коргоо, Кыргызстанда туруп жарандарды Түркияга иштөөгө мыйзамсыз жөнөткөндөргө бөгөт коюу, адам сатуу маселелери талкууланды. Миграция башкармалыгынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен суроо-жооп уюштурулуп, чет элдик жарандардын укуктары тууралуу маалымат китепчелер таратылды", — деп билдирди ТИМ.

Эскерте кетсек, чет өлкөгө жумушка орноштуруу менен алектенген компаниялардын жарандарды сызга отургузуп кеткен учурлары көп кездешет. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул маселенин күнгөй-тескейин иликтеген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0