21:05 20 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.2506
  • RUB1.0910
Тюмень шаарына болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тюмень облусундагы күндөрү аттуу маданий иш-чара өттү

Кыргызстандык ырчы-чоорчулар Тюменди шаңга бөлөдү

© Фото / пресс-служба Министерства иностранных дел КР
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
87 0 0

Жолугушуулардын жыйынтыгында Кыргызстандын Эл аралык университети менен Тюмень индустриалдык университетинин ортосунда, ошондой эле Барпы атындагы Жалал-Абад облустук театры менен Тюмень облустук драма театрынын ортосунда кызматташуу жөнүндѳ келишимдерге кол коюлду.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. 10-11-октябрда кыргызстандык делегациясынын Тюмень шаарына болгон иш сапарынын алкагында "Кыргыз Республикасынын Тюмень облусундагы күндөрү" аттуу маданий иш-чара өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ал кыргызстандык мекендештердин "Биримдик" коомдук уюмунун 10 жылдык мааракесине карата уюштурулуп, Тюмень облусунун өкмөтүнүн жана Екатеринбург шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугунун көмөктөшүүсү менен өткөрүлдү.

Тюмень шаарынын "Торфяник" маданият үйүндѳ Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чыгармачыл жамаатынын катышуусунда салтанаттуу концерт болду. "Ак марал" бий тобунун коштоосунда филармониянын алдыңкы солисттери өнөрүн тартуулашты.

"Биримдик" уюмунун активисттери Экономика, Маданият, маалымат жана туризм министрликтеринин сыйлыктары менен сыйланышты.

Андан сырткары, Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулу Руслан Бийбосунов "Биримдик" Тюмень аймактык коомдук уюмунун төрайымы Канзада Смановага жана бир катар активисттерге ыраазычылык каттарды жана белектерди ыйгарды.

Ошондой эле билим берүү, маданият, саламаттык сактоо жана туризм тармактары боюнча тегерек столдор өткөрүлдү.

Жолугушуулардын жыйынтыгында Кыргызстандын Эл аралык университети менен Тюмень индустриалдык университетинин ортосунда, ошондой эле Барпы атындагы Жалал-Абад облустук театры менен Тюмень облустук драма театрынын ортосунда кызматташуу жөнүндѳ келишимдерге кол коюлду.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.

Тема боюнча

ЖМК: Өзбекстанда XVI кылымдагы Куранды 150 миң долларга сатмак болушкан
Белгилер:
Тышкы иштер министрлиги, маданият, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ