Жолдубай Кайыповдун ырын созгон "тазалыкчылар" таң калтырды. Видео

Жазылуу
Мастердин пианинону чеберчилик менен чертип жатканын жана жумушчунун кесипкөй ырчылардан кем калышпай обон созгонун видеодон көрүүгө болот.

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын мастери Алмаз Арзыкулов менен жумушчусу Адилет Туратбек уулу Жолдубай Кайыповдун "Ата-эне" аттуу ырын ырдап берди.

Алардын видеосу Бишкек мэриясынын Facebook баракчасына жарыяланды.

Кадрлардан мастердин пианинону чеберчилик менен чертип жатканын жана жумушчунун ырчылардан кем калбай обон созгонун көрүүгө болот.

Ал эми "Тазалык" ишканасынын маалымат катчысы да аты аталган жумушчулардын Түгөлбай Казаковдун "Жамгыр төктү" деген ырын аткарып жатканын түз эфирден көрсөттү.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0