11:40 24 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8230
  • EUR77.6292
  • RUB1.0944
Түрк тилдүү өлкөлөрдүн эң мыкты фотографтары Ош тууралуу сүрөт көргөзмө даярдашат

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн фотографтары Ош тууралуу сүрөт көргөзмө даярдайт

© Фото / пресс-служба мэрии города Ош
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
54 0 0

Иш-чара ТҮРКСОЙ уюмунун колдоосу менен "Ош — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору-2019" эл аралык программасынын алкагында өтүүдө.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн эң мыкты фотографтары Ош тууралуу сүрөт көргөзмө даярдашат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

  • Встреча вице-мэра города Ош Нурбека Кадырова с фотографами и артистами Тюркоязычных стран
    Түрк тилдүү өлкөлөрдүн эң мыкты фотографтары Ош тууралуу сүрөт көргөзмө даярдашат
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Встреча вице-мэра города Ош Нурбека Кадырова с фотографами и артистами Тюркоязычных стран
    Маалыматка караганда, бүгүн, 4-октябрда, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров түрк эл жазуучусу Ашик Вейселдин 125 жылдыгына жана "Ош түрк дүйнөсүнүн фотографтарынын көзү менен" аттуу иш-чарага келген сүрөтчү жана артисттер менен жолукту
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Встреча вице-мэра города Ош Нурбека Кадырова с фотографами и артистами Тюркоязычных стран
    Белгилей кетсек, көргөзмө түрк элдеринин ортосуна көпүрө түзүү, тарых, маданият, искусство, салт-санааны урпактарга өткөрүп берүү максатын көздөйт.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
1 / 3
© Фото / пресс-служба мэрии города Ош
Түрк тилдүү өлкөлөрдүн эң мыкты фотографтары Ош тууралуу сүрөт көргөзмө даярдашат

Маалыматка караганда, бүгүн, 4-октябрда, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров түрк эл жазуучусу Ашик Вейселдин 125 жылдыгына жана "Ош түрк дүйнөсүнүн фотографтарынын көзү менен" аттуу иш-чарага келген сүрөтчү жана артисттер менен жолукту.

"Вице-мэр конокторго чыгармачылык ийгилик каалады. Ал ошондой эле тажрыйбалуу фотографтар Ош шаарынын маданиятын, жаратылышын, салт-санаасын мыкты чагылдырарына ишеним артты", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, көргөзмө түрк элдеринин ортосуна көпүрө түзүү, тарых, маданият, искусство, салт-санааны урпактарга өткөрүп берүү максатын көздөйт.

Иш-чара ТҮРКСОЙ уюмунун колдоосу менен "Ош — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору-2019" эл аралык программасынын алкагында өтүүдө.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.

Тема боюнча

Амреев: Түрк кеңешинин тарыхында Кыргызстандын төрагалыгы эң ийгиликтүү болду
Белгилер:
фотограф, маданият, Ош

ЭҢ МААНИЛҮҮ