Ыйлаган Жумадыловду жөлөгөн Кутманалиев. "Көздүн карегиндеги" таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат.

Белгилүү актер Медель Маниязов, Советбек Жумадылов жана Орозбек Кутманалиевдин сүрөтү 1976-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылып алынган.

Ал жылы режиссер Геннадий Базаров "Көздүн кареги" тасмасын Кыргызстан менен Россиянын аймагында тарткан. Ошол кезеңди ал мындайча эскерет.

"Сүрөттөгү Жумадылов, Кутманалиев Москвада жашаган жээнин аэропорттон тосуп алып, суук кабарды угузмак. Себеби анын атасы кайтыш болуп калган. Тасманын жарымы Москвада тартылган. Союз маалында жакшы шарт түзүлүп, СССРдин каалаган бөлүгүндө тасма тарта алчубуз. Киночулар ар тараптан колдоого алынган жакшы мезгил эле. Башкы ролдорду Бакен Кыдыкеева менен Болот Бейшеналиев ойногон. Мен алар менен "Көчө" тасмасында да иштешип калгам. Иштешүү өтө жеңил, өзүнчө эле ырахат болчу, бири-бирибизди көзүбүздөн эле түшүнчүбүз. Актерлор каалаган сюжетти, эпизодду кыйынчылыксыз аткарышаар эле. Мен колдон келишинче иштеп, залкарлардан бир нерсе үйрөнүп калууга аракет кылчумун", — деди Базаров.

Адамдардын ички ой толгоосун, кусалыгын чагылдырган эмгекке Сүймөнкул Чокморов, Жээнбек Мукамбетов, Медер Сыдыков, Бакы Өмүралиев, Мамлакат Кылычева, Алиман Жангорозова, Клара Юсупжанова да катышкан.

Виджет news

 

Жаңылыктар түрмөгү
0