Качангыча биз башканы туурайбыз? Сооронбай Жусуевдин нускасы

Жазылуу
Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Бул ирет акын Сооронбай Жусуевдин кеп казынасын сунуштайбыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!

Сооронбай Жусуев 1925-жылы 15-майда Кара-Кулжа районуна караштуу Алай-Куу өрөөнүндөгү Кызыл-Жар кыштагында туулган. Айылдагы мектепти бүтөрү менен 18 жашында 1943-жылы аскердин катарына чакырылып, согуштун акырына чейин Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизияда байланышчы болуп кызмат өтөгөн. Майданда эки жолу жарадар болгон.

Акындын "Алдыга жүргүн, кыргыздар!", "Биз жеңишчил", "Жаркынга" деген алгачкы ырлары ошол кандуу 1943-жылы жаралган. Жусуев 1959-жылга чейин "Ала-Тоо" адабий көркөм журналынын башкы редактору, "Чалкан" сатиралык журналында жооптуу катчы болуп эмгектенген. 1960–1986-жылдары акын Кыргызстан жазуучулар союзунун аппаратында адабий кеңешчи болуп иштеген.

Кыргызский народный акын Шайлообек Дуйшеев - Sputnik Кыргызстан
Биз байларга шайланарда керекпиз. Шайлообек Дүйшеевдин нускасы
1950-жылы алгачкы "Эмгек күүсү" аттуу ыр жыйнагы басмадан чыккандан кийин акындын дагы 30дан ашык китеби өз эне тилинде, 14 китеби орус тилинде жарык көргөн. Ырлары казак, өзбек, украин, азербайжан, тажик жана башка тилдерге которулуп чыгат. Кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн 1981-жылы ага "Кыргыз эл акыны" наамы ыйгарылган.

Сооронбай Жусуевдин 70тен ашык ырларына музыка жазылган. "Кыргызстандын эл агартуусунун отличниги", "Казакстандын эмгек сиңирген кайраткери" наамдары бар. Ошондой эле "Курманжан датка" аттуу ыр түрүндөгү романы үчүн акын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон. 2007-жыл "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген наам ыйгарылып, "Ак шумкар" төш белгиси тапшырылган. Акын 2016-жылы 4-февраль күнү 91 жаш курагында көз жумган.

Сооронбай Жусуевдин кеп казынасы:
Адам деген адам менен адам да,
Акыл, иши бир-бирине айкалат.
Адам пейли да бир башка адамга,
Ал жагынан мамиледен байкалат.

А мамиле өнөрлөрдүн татаалы,
Ар бир адам алалбаган үйрөнүп.
Мамиленин болот пайда, азабы,
Шартка карай турат улам түрдөнүп.

Мейлиң күндө он жолугуп, кол алыш,
Андан такыр адам билбейт бир-бирин.
Бир жол тартсаң, болсо ошондо жол алыс,
Жол айкындайт анык кимдин кимдигин.

***

Бирдей эмес адамдардын бардыгы,
Ар биринин ою, жолу ар башка.
Ар биринин башкача өтөт ай, жылы,
Бири дуулайт, бири эптеп жан бакса.

Адам болуп адам парзын аткарсаң,
Абдан бийик максатыңа жеткениң.
Түркүн-түркүн калпыс иштен сактансаң,
Бүтүргөнүң адамдыктын мектебин.

***

Кайда бурса, ал жакка аккан суудайбыз,
Качангыча биз башканы туурайбыз?
Өз башыбыз ойлонбосо өзүнчө,
Өсмөк тургай, өбөктөйбүз, куурайбыз.

Башкалар бай, а биз жерге жардыбыз,
Жер жетишсе, ачпайт болчу кардыбыз.
Жерди саткан — эл сатканга барабар,
Эл ажалы — өз жеринен айрылыш.

***

Жетекчилер үмүт үзүп койгула,
Жер саткандан калбайсыңар тарыхта.
Кененирээк, тереңирээк ойлойлу,
Келечекке кылмыш кылып койбойлу.
Кырк байталга сатып ийген Кордойду
Кыйшык баштуу бабалардай болбойлу!..

***

Адам бекем, адам чыдайт баарына,
Алса дагы тагдыр аны каарына.

Жаңылыктар түрмөгү
0