Кегетиде казан башында баарлашкан Айтматовдун коноктору. Таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат.

Съемки фильма Ак Кеме - Sputnik Кыргызстан
Момун чалдын айласын кетирген Орозкул. "Ак кеменин" көркүн чыгарган таберик сүрөт
Акын Насирдин Байтемиров, жазуучу Чыңгыз Айтматов, кениялык китеп басып чыгаруучу Ной Семпира жана Кыргыз ССРиндеги мамлекеттик басмакананын жетекчиси Тургунбек Суванбердиевдин сүрөтү 1972-жылы Чүй облусундагы Кегети совхозунда тартылган.

Ал жылы Кыргызстанга Кениядан коноктор келгени айтылат. Расмий иш-чарадан кийин аларды кыргыз интеллигенциясы сыйлаган.

Айтматов таануучу, академик Абдылдажан Акматалиев сүрөт тууралуу буларды айтты.

"Чыңгыз Айтматов, акын Насирдин Байтемиров, Тургунбек Суванбердиев жакшы мамиледе эле. Үчөө бири-бириникине мейманга барып катышып турушчу. Негизи Айтматовго дүйнөнүн ар кыл бөлүгүнөн чет элдик коноктор көп келчү. Сырттан келген конокту сыйлап, кыргыз элинин кооз жерин көзгөзөлү деп Кегетиге алып барышкандыр. Ал жак аябай кооз эмеспи, анын үстүнө Насирдин Байтемировдун да кичи мекени дагы", — деди Акматалиев.

Анда Чыңгыз Айтматов 44, Насирдин Байтемиров 56, Тургунбек Суванбердиев 51 жашта болгон.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0