Чамдагыла! Жаш акын-жазуучуларга сынак жарыяланды

© Sputnik / Михаил Маркив / Медиабанкка өтүүЖазуучу. Архив
Жазуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарага Кыргызстанда жана чет өлкөдө жашаган 30 жашка чейинки калемгерлер катыша алат.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Жаш акын-жазуучуларга "Тилим — менин тирегим" аталышындагы сынак жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын маалымат кызматы кабарлады.

Церемонии награждения государственными наградами Кыргызской Республики за особый вклад в развитие страны - Sputnik Кыргызстан
Сыйлык алчулардын документин ачып караган киши жок. Мен билген 7 чындык
Ага ылайык, сынакты "КР мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата Мамлекеттик тил комиссиясы Улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте уюштурууда.

Иш-чарага Кыргызстанда жана чет өлкөдө жашаган 30 жашка чейинки калемгерлер катыша алат. Алар 2019-жылдын 3-октябрына чейин Мамлекеттик тил комиссиясынын электрондук дарегине (mamtil.kg@mail.ru) "Тилим — менин тирегим" деген темада ыр, кыскача аңгеме, новелла жазып жөнөтүшү керек.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0