Комузчу Эламан, Айбек Каныбековдор: 20 мүнөттө беш миң доллар таптык

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваКомузчу Эламан (солдо) жана Айбек Каныбековдор
Комузчу Эламан (солдо) жана Айбек Каныбековдор - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакында эле бир тууган комузчулар Эламан жана Айбек Каныбековдор Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн XII эл аралык музыка фестивалында 1-орунду багынтып, беш миң долларлык сертификат алышты.

Жаңыдан дуэт болуп эл оозуна алына баштаган бир туугандарды Sputnik Кыргызстан агенттиги комуз күнүнө карата маекке чакырды. Эсиңиздерде болсо Эламан Каныбеков буга чейин сахнага Чолпон Мелисбекова менен чыккан.

Баса, суроолордун дээрлик баарына эле Эламан жооп берди.

— Өзбекстандагы эл аралык фестивалдан олжолуу кайтыптырсыздар. Иш-чарага министрлик жөнөттүбү же атайын чакырыштыбы?

— Чынын айтсак, бул иш-чараны башында жөн гана сынак деп ойлогонбуз. Көрсө, "Шарк тароналари" деген ири эл аралык фестиваль экен. Ага 80ге чукул мамлекеттен 300дөй катышуучу барды. Ачылыш аземине Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келди. Бизди уюштуруучулардын бири Хуснидин деген байке чакырган. Бир күнү социалдык тармактан "музыка чөйрөсүндөгү таланттардын сынагы болгону жатат, келип катышып көргүлө" деди. Ал киши менен мурда башка иш-чарадан таанышкан элек. Макул болуп, алгач комузда ойногон видеобузду жибердик. Видеону көрүп дароо жактырышыптыр дагы атайын чакыруу жөнөтүштү. Жол кире, тамак-аш, мейманкана акысын толугу менен чакырган тарап төлөп берди. Бул фестивалга бизге чейин эки жыл мурда Кыргызстандан "Мурас" тобу барып 2-орунду алышыптыр, андан мурда Нурак Абдрахманов агай катышып, ЮНЕСКОнун сыйлыгын алып келген экен. Быйыл биз 1-орунду багынттык.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваЭламан: Самаркандда өткөн "Шарк тароналари" фестивалында ар бир катышуучуга 20 мүнөттөн убакыт берилди. Анын ичинде биз Карамолдо Орозовдун "Жаш кербез", Нурак Абдрахмановдун "Мезгил жаңырыгы", Атай Огомбаевдин "Ак тамак, көк тамак" жана Ниязалы Борошовдун "Кара өзгөй" күүлөрүн ойнодук.
Комузчу Эламан, Айбек Каныбековдор: 20 мүнөттө беш миң доллар таптык - Sputnik Кыргызстан
Эламан: Самаркандда өткөн "Шарк тароналари" фестивалында ар бир катышуучуга 20 мүнөттөн убакыт берилди. Анын ичинде биз Карамолдо Орозовдун "Жаш кербез", Нурак Абдрахмановдун "Мезгил жаңырыгы", Атай Огомбаевдин "Ак тамак, көк тамак" жана Ниязалы Борошовдун "Кара өзгөй" күүлөрүн ойнодук.

— 300дөй конкурсант катышса, 1-орунду алуу оңойго турбаса керек?

— Биринчи орунду алабыз деген ой дагы жок болчу, бирок аябай даярданганбыз. "Сахнага чыкканда толкунданып, башкаларды көрүп маанайыбыз түшүп калбасын" деп сынакты башынан аягына чейин көргөн жокпуз. Бул убакытта мейманкананын конференция залын сурап алып ошол жакта репетиция кылдык. Фестивалда ар бир катышуучуга 20 мүнөттөн убакыт берилди. Анын ичинде биз Карамолдо Орозовдун "Жаш кербез", Нурак Абдрахмановдун "Мезгил жаңырыгы", Атай Огомбаевдин "Ак тамак, көк тамак" жана Ниязалы Борошовдун "Кара өзгөй" күүлөрүн ойнодук. Калыстар тобу жогорку баасын берип, "силердики өзгөчө болду" деп айтты. Баса, калыстар тобунун курамында Кыргызстандан Роза Аманова эже отурду.

— Алган байгеңерди эмнеге жумшайлы деп жатасыңар?

— Шаардын четине үй куруп жатканбыз, ошол тамыбыздын курулуш иштерине керектейбиз.

— Биз билгенден буга чейин Чолпон Мелисбекова экөөңөр дуэт элеңер. Эми Айбек менен чогуу чыгып калыптырсыз.

Өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш медаль алган Калмира Билимбек кызы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айылда эле машыгып дүйнөнү багынткан Калмира: Нарында балдар менен гана күрөшөм
— Айбек менин бир тууган иним. Экөөбүз тең Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепти аяктап, консерваторияда билим алдык. Буга чейин анын окуусуна тоскоол болбоюн деп Чолпон менен дуэт болуп чыгып жүргөнбүз. Анын үстүнө Чолпон декреттик өргүүгө кетти, иним да окуусун аяктап экөөбүз бирге иштей баштадык.

— Демек, эч кандай уруш-талаш, пикир келишпестик болбоптур да.

— Башынан эле иним консерваторияны аяктаса чогуу иштейбиз деген ой, план бар болчу. Чолпон абдан таланттуу кыз, экөөбүз классташпыз. Биргелешип көп нерсеге жетиштик, ийгиликтерди багынттык. Айрымдар Айбекти мен үйрөтүп анан сахнага чыкты деп ойлоп жүрүшөт, бирок андай эмес. Айбектин музыкалык билими бар. Экөөбүз тең "Акак" комузчулар ансамблинде эмгектенебиз. Бир катар эл аралык фестиваль, сынактарга катышып, байгелүү орундарды алганбыз.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваЭламан Каныбеков: Айбек менин бир тууган иним. Экөөбүз тең Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепти аяктап, консерваторияда билим алдык. Буга чейин анын окуусуна тоскоол болбоюн деп Чолпон менен дуэт болуп чыгып жүргөнбүз.
Комузчу Эламан, Айбек Каныбековдор: 20 мүнөттө беш миң доллар таптык - Sputnik Кыргызстан
Эламан Каныбеков: Айбек менин бир тууган иним. Экөөбүз тең Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепти аяктап, консерваторияда билим алдык. Буга чейин анын окуусуна тоскоол болбоюн деп Чолпон менен дуэт болуп чыгып жүргөнбүз.

— Ата-энеңер да чыгармачыл чөйрөдөнбү? Үй-бүлөңөр тууралуу да азыноолак кеп кыла кетсеңиз.

— Үй-бүлөбүз өнөрдү сыйлап, баалаган адамдар. Атам гитарада кол ойнотсо, апам комуз чертчү. Чоң атам да комуз черткен, жыгач уста адам экен.

Таятам да чоң уста болчу дешет. Кичине кезде чоң атам комуздун башын бизге тиштетип коюп, ар кайсы күүлөрдү черткени эсимде.

— Ата-энеңиз азыр музыкалык аспаптарда ойнобойбу?

— Атам мен 5-классымда каза болуп калган. Апам болсо тигүү цехинде иштейт. Анда-санда комузун алып, кол ойнотуп калат. Мурда Миң-Куш шаарында турчубуз. Кийин Бишкекке көчүп келдик. Үйдө эки эркекпиз. Апам башынан эле бизди музыка мектебине бергиси келчү экен. Калаага көчүп келгенде алгач комуздун алиппесин №1 музыкалык мектептен үйрөндүк. Кийин Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатында билим алып, кийин окуубузду консерваториядан уланттык.

— Кесибиңизди алмаштыруу жөнүндө ойлонгон эмес белеңиз?

— "Комуз чертип нан таап жесе болобу?" деген суроого мен 7-классыман баштап жооп издей баштадым. Анткени айлана-чөйрөдөгүлөр "комуз чертип үй-бүлөнү кантип багасың?" деп көп айтчу. Бир күнү ыраматылык Калыбек Жекшенов агайыман "кийин музыка менен нан таап жей аламбы?" деп сурап калдым. Агай дароо эле "биз ачкадан өлүп калган жокпуз го" деп жооп бергени эсимде. Ошондон кийин кесибимден күмөн санап, ал тууралуу ойлобой да калгам. Музыканттар күркүрөп байып кетпесе дагы эл менен эл болуп жүрөт. Албетте, айлыгыбыз аз, бирок эмгектенсе көп нерсеге жетсе болоруна көзүм жетти. Кайсы кесип болбосун аракет кылып, изденип, эмгектенсең анын жыйынтыгын көрөт экенсиң. Абдраев мектебинде окуп жүргөндө түнкү саат 1-2лерге чейин колубуз жешилгиче комуз чертчүбүз. Азыр ошол алган билимдин, аракеттин үзүрүн көрүп, эл аралык фестивалдарда жакшы жыйынтык көрсөтүп жатабыз. 20 мүнөттүн ичинде 5000 доллар таптык (күлүп).

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваАйбек Эламандын иниси. Музыкалык билими бар. Экөө тең "Акак" комузчулар ансамблинде эмгектенет.
Комузчу Эламан, Айбек Каныбековдор: 20 мүнөттө беш миң доллар таптык - Sputnik Кыргызстан
Айбек Эламандын иниси. Музыкалык билими бар. Экөө тең "Акак" комузчулар ансамблинде эмгектенет.

— Тойлорго чыгасыңарбы?

— Ооба, чакыруу болгондо чыгып турабыз. Аз дегенде айына 5-10 миң сом алсак, кээде чакыруу көп болгондо айына 100-150 миң сомго чейин тапкан күндөр болду.

— Балдарына комуз үйрөткүсү келген ата-энени көп көрөм. Мен деле уулума үйрөткүм келет. Бирок музыкалык мектеп оңой менен ала бербесе керек...

Кыргыз элинин улуттук музыкалык аспаптары - Sputnik Кыргызстан
Кыргыздын музыкалык аспаптары. Кылымдарды карыткан кереметтүү добуштар инфографикада
— Мен азыр Мукаш Абдраев атындагы мектепте сабак берем. Кээде мектепке балдарды аларда комиссияда отуруп калам. Ошол жерден эле баланын кайсы тармакка жөндөмдүү экенин билип коюшат. Кээ бир бөбөк өзү жактырган музыкалык аспапты барып эле кучактап калат. Бала музыкага кызыгабы, кызыкпайбы, ал өзүнчө маселе.

Балдарды кабыл алууда, мисалы, манжалары узун болсо фортепианого, тиштери түз болсо аны үйлөмө аспаптарга алат, эки бармагы чоң болсо скрипка бөлүмүнө жиберет. Айтор, талапты катуу коюп туруп анан кабыл алышат.

— "Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" дейт. Эл билбеген дагы кандай өнөрлөрүңөр бар?

— Экөөбүз тең фортепиано, кларнет, ооз комуз, сыбызгы, чопо чоордо ойнойбуз. Бул музыкалык аспаптарды изилдеп да жатам. Консерваторияда Муратбек Бегалиевдин классында үч жыл окудум. Фортепиано, камералык оркестр үчүн жазган пьесаларым бар. Азыркы тапта симфониялык оркестрди өздөштүрүп жатам. Чоң атаман калган өнөрдү улай анда-санда жыгачтан бычак менен ар кандай сувенирлерди жоном, сүрөт тартууга да кызыгам.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0