Кыргызстандык комузчулар Өзбекстандагы эл аралык фестивалда 1-орун алды

© Фото / предоставлено Эламан КаныбековымКыргызстанские комузисты Эламан и Айбек Каныбековы
Кыргызстанские комузисты Эламан и Айбек Каныбековы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Комузчу жигиттер фестивалда 5000 долларлык сертификат алышкан.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Кыргызстандык комузчулар Эламан жана Айбек Каныбековдор Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн XII эл аралык музыка фестивалында 1-орунду алышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Эламан Каныбеков билдирди.

Анын айтымында, фестивалга 80дей өлкөнүн таланттары келген.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Эламан (@elaman_kanybek)

"Иш-чарада ар бир мамлекет өзүнүн улуттук маданиятын көрсөттү. Айрымдары ырдап, бийлесе, кээ бири музыкалык аспапта кол ойнотушту. Фестивалга Индия, Кытай, АКШ, Россия, Иран, Түркия жана башка 80ге чукул өлкөдөн 300дөй өнөрпоз катышты", — деди Каныбеков.

Комузчу жигиттер фестивалда беш миң долларлык сертификат алышкан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Эламан (@elaman_kanybek)

"Шарк Тароналари" эл аралык музыкалык фестивалы Самарканд шаарында 1997-жылдан бери уюштурулуп келет. Максаты — салттуу музыканы өнүктүрүп, жаштарга жайылтуу.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0