Драма театрынын артисттери Чүйдү кыдырып спектакль коюшат

© Sputnik / Табылды КадырбековЗакрытая премьера спектакля "Ак илбирс" в Бишкеке
Закрытая премьера спектакля Ак илбирс в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спектаклдер мектеп окуучуларына ылайыкташкан.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисттери Чүй облусун кыдырып спектаклдерди тартуулашат. Бул тууралуу театрдын адабий бөлүмүнүн башчысы Нуркыз Рыскул кызы билдирди.

Анын айтымында, театр учурда толук оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Буга байланыштуу артисттер күйөрмандарга барып спектакль коюп берүүнү чечкен.

"Окуу жылы башталганда биздин артисттер Чүй облусун кыдырып, мектеп окуучуларына ылайыктуу спектаклдерди коюшат. Алсак, Токтоболот Абдумомуновдун "Абийир кечирбейт", Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу", "Кылым карытар бир күн", Николай Гоголдун "Үйлөнүү" спектаклдерин коёлу деп божомолдоп жатабыз", — деди Рыскул кызы.

Театрдын адабий бөлүмүнүн жетекчиси артисттер бул жылы фестивалдарга катышып, чет өлкө, аймактарга гастролдорго чыгарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0