Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленет

Жазылуу
Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

"Бул чечим мааракени жакшы уюштуруу, мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жетектөө жана координациялоо максатында кабыл алынды. Жакынкы күндөрү Мухаммедкалый Абылгазиев уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрөт", — деп жазылат маалыматта.

Праздничный концерт в честь Нооруза на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кошой, Бакай аталардын юбилейи... Туулган күндөгү көз жаш
Ошондой эле иш-чаранын алкагында коомдук ишмердин өлкө тарыхындагы ролу тууралуу илимий-конференция өткөрүп, Бишкек шаарында анын мемориалдык тактасын орнотуу пландалууда.

Абдыкадыр Орозбеков Баткен облусундагы Кадамжай районунун Охна кыштагында туулган. 1926-жылы Кыргыз АССР Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы болуп депутаттар тарабынан шайланган. Кыргыз АССР Конституциясын иштеп чыгууга чоң салым кошкон. 1925-жылдан 1937-жылдын октябрь айына чейин Кыргызстанды башкарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0