09:45 23 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Фестиваль J-Fest в селе Жыргалан Иссык-Кульской области

Ысык-Көлдө J-Fest фестивалы өтүүдө. Сүрөттөр

© Sputnik
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
13310

Ага дүйнөнүн ар кайсы өлкөсүнөн келген 300дөй турист катышып жатат.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң айылында туризмди өнүктүрүүгө багытталган J-Fest фестивалы өтүүдө. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин жергиликтүү кабарчысына Жыргалаң айыл өкмөтүнүн башчысы Талгат Мукалаев билдирди.

  • Фестиваль J-Fest в селе Жыргалан Иссык-Кульской области
    Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң айылында туризмди өнүктүрүүгө багытталган J-Fest фестивалы өтүүдө
    © Sputnik
  • Фестиваль J-Fest в селе Жыргалан Иссык-Кульской области
    Фестивалдын максаты — Жыргалаң айылын дүйнөгө таанытуу
    © Sputnik
  • Фестиваль J-Fest в селе Жыргалан Иссык-Кульской области
    Иш-чара кышкы жана жайкы болуп үч жылдан бери өткөрүлүп келет
    © Sputnik
  • Фестиваль J-Fest в селе Жыргалан Иссык-Кульской области
    Учурда Европа жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн келген 300дөн ашык турист фестивалга катышууда
    © Sputnik
  • Фестиваль J-Fest в селе Жыргалан Иссык-Кульской области
    Айыл жетекчиси акыркы жылдары туризм акырындык менен жанданып келе жаткандыктан, мындагы турак-жайдын баасы дагы көтөрүлө баштаганын кошумчалады.
    © Sputnik
1 / 5
© Sputnik
Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң айылында туризмди өнүктүрүүгө багытталган J-Fest фестивалы өтүүдө

Фестивалдын максаты — Жыргалаң айылын дүйнөгө таанытуу.

"Иш-чара кышкы жана жайкы болуп үч жылдан бери өткөрүлүп келет. Жергиликтүү эл мал жана туризм менен гана жан баккандыктан, эс алуучуларды тартууга бардык эмгегибизди жумшашыбыз керек. Учурда Европа жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн келген 300дөн ашык турист фестивалга катышууда", — деди Мукалаев.

Айыл жетекчиси акыркы жылдары туризм акырындык менен жанданып келе жаткандыктан, мындагы турак-жайдын баасы дагы көтөрүлө баштаганын кошумчалады.

Тема боюнча

Кыргызстандыктар Венгрияда боз үй тигип, улуттук маданиятты даңазалашты. Сүрөт
Белгилер:
туризм, фестиваль, Жыргалаң айылы, Ысык-Көл облусу

ЭҢ МААНИЛҮҮ