Ата Журт акыр бир күн жетим калат! Дооронбек Садырбаевдин кеп казынасы

© из семейного архива Дооронбека СадырбаеваКинорежиссер, жазуучу жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаев. Архив
Кинорежиссер, жазуучу жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Бул ирет кинорежиссер, жазуучу жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаевдин нускалуу кебин сунуштайбыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!

Дооронбек Садырбаев 1939-жылы 13-февралда Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында туулган. 17 жашында айылдагы орто мектепти аяктап, борбор калаадагы медициналык институтка тапшырган. Анын бул кесипти тандоосуна атасынын оор илдеттен улам эрте дүйнө салганы себеп болот. Бирок ал жогорку окуу жайды аягына чейин бүтпөй эле киностудияга иштегени кетип калгандыгы айтылат. Кийин Ленинград шаарындагы Театр, музыка жана кинематография институтунда окуган. 1962-жылдан 1990-жылга чейин ал Кыргызтелефильмде режиссер, сценарист катары эмгектенип, 70тен ашык даректүү тасма жарата алган. Андан сырткары, "Арман", "Махабат дастаны", "Акбаранын көз жашы" өңдүү 16 көркөм фильмди көрармандарга сунуштаган.

© из семейного архива Дооронбека СадырбаеваКинорежиссер, жазуучу жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаев
Ата Журт акыр бир күн жетим калат! Дооронбек Садырбаевдин кеп казынасы - Sputnik Кыргызстан
Кинорежиссер, жазуучу жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаев

Дооронбек Садырбаев 1995-жылдан тартып көзү өткөнчө Жогорку Кеңештин депутаты (1995-2008) болгон. Ал башка эл өкүлдөрүнөн калыс сөзү, оппозициячыл маанайы менен айырмаланганы маалым.

Дооронбек Садырбаевдин кеп казынасы

Урпактар ата салтын чанат окшойт,
Уул-кыз уйга жүгөн салат окшойт.
Селкилер сезим төшөп көчө-көйдө,
Серектеп көзүн сатып калат окшойт.

Көптөрдүн көзүнөн жаш тамат окшойт,
Көңүлдөр көчкөн журттай калат окшойт.
Эркектик касиети аз, акчасы көп,
Эсирген эки катын алат окшойт.

Окуунун ооматы ылдый агат окшойт,
Он жылдык дарбазасын жабат окшойт.
Базарга бар тапканын алып-сатып,
Балдар да чүкө ойнобой калат окшойт... ("Замана" ыры, 1991-жыл)

***

Ар жерге айылчылап барган кыргыз,
Ар кимден карыз-коола алган кыргыз.
Балтыр эт, байлана элек ымыркайын,
Бага албай башы айланып калган кыргыз.

"Бийлик" деп бир тууганын аткан кыргыз,
"Мансап" деп максатташын саткан кыргыз.
Жардынын чокой боосун бөлүшө албай,
Жагжаңдап жакалашып жаткан кыргыз. ("Үзүр суроо" ыры, 1992-жыл)

***

Чогулсак өңчөй кыргыз өтө шокпуз,
Көкүрөк көктү тиреп өтө токпуз.
Көптүрүп оозубузду сүйлөй келсек,
Көп элди байкелеткен көкжал топпуз.

Көөдөнү түктүүлөргө туш келгенде,
Көбүбүз "үйдө баатыр, жоодо жокпуз".
Канчага азуулууга жем болосуң?
Качан сен айбаттууга тең болосуң?

Кайраты касташканы жалтандырган,
Каадалуу качан кыргыз эл болосуң?
Калкым деп кан жөткүргөн балдарыңа,
Кашайгыр, качан арка бел болосуң? ("Жоодо жок элге" ыры, 1991-жыл)

***

Кайран элдин алаңгазардын айгайына алданганы абдан жаман, бирок кыйдынын кылтагына илингени ого бетер каргаша...

***

Теңирим баарын кылдат теңдеп келген,
Өз дебей, өзгө дебей өмүр берген.
Адашып кетет окшойт анда-санда,
Адамга ар кыл мүнөз берген жерден.
Мансапка ач кенедей жабышкандар,
Болбосо чыкпайт эле биздин элден. ("Кайдан келген?" ыры, 1995-жыл)

***

Кыздары эр этектеп тарап кетип,
Балдары башка иштерге жарап кетип.
Кемпир-чал журт кайтарып отурушат,
Кыйла жан кыбыланы карап кетип.

Ак басып жылдан-жылга сакалдары,
Көөнөрүп көйнөк-кече чапандары.
Кайгыртат кайран гана асылдардын,
Картайып баратканы сапарлары.

Уул-кыз ушул жерден кеткен тарап,
Уккула жарыямды жарым сабак.
Ар жакта азган-тозгон чогулбасак,
Ата Журт акыр бир күн жетим калат! ("Ата Журт жетим калат" ыры, 1988-жыл)

Жаңылыктар түрмөгү
0